Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Элүү жыл аркасынан тазалагыча, мектепте беш жыл таштанды сорттоо маданиятын окуткан жеңил — полиэтиленди кайра иштеткен ишкер Амирбек Масиралиев

Назира Абдиева
Элүү жыл аркасынан тазалагыча, мектепте беш жыл таштанды сорттоо маданиятын окуткан жеңил — полиэтиленди кайра иштеткен ишкер Амирбек Масиралиев

Айына 20-30 тоннадан желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктарын, картон кутуларын, жашиктерди чогултуп, аны ылгап, жууп-тазалап, пресстеп, кайра иштетүүгө даярдаган ишкер Амирбек Масиралиев учурда Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто таштанды кабыл алуучу төрт түйүн ачып, элүүдөй адамдын киреше табуусуна шарт түзгөн.

Ал ИШКЕР MEDIA менен маектешип, ишмердүүлүгүн кантип баштаганын, бул бизнестин өзгөчөлүктөрү, таштанды чыгаруу маданиятын мектепте эле окутса жеңилирээк болоору жана ошондой эле кээде жумуш токтоп калбаш үчүн Бишкектен Жалал-Абадга таштандыларды ташып алпарарын айтып берди.

— Буга чейин көп интервью берип келдиңиз, USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбоору аркылуу да сизди көптөр таанып калышты. Ошентсе да маектин башында өзүңүз тууралуу, таштанды иштетүү менен кантип алектенип калдыңыз, айтып берсеңиз?

— Мен отуз жаштамын, Жалал-Абаддын тургунумун. Ош шаарында ишкердин үй-бүлөсүндө туулганмын. Үй-бүлөлүк иштерге аралашып жүрүп, бирок 2015-жылы Россияга кеткенмин. Ал жакта повар болуп иштеп жүрдүм, бирок сегиз айдан кийин эле кайра келдим.  Кыргыздардын канына универсалдуулук сиңип калган эмеспи, курулуштан баштап, дыйканчылык кылып күрүч эгип, мөмө-жемиштерди кургатып чыгарчубуз. Бир кездери Ошто кирпич завод курабыз деп эки жылдай жүрдүм. Россиядан келгенден кийин бир ишти кармап кетиш керек болду. Кесибиң боюнча ишке кирүү — бизде пайдасыз. Мамлекеттик жумуштагы бюрократия мага жакпайт, банк сыяктуу ишканалардын маянасы туура келбеди. Аларга кетирген убактым таасирсиз деп чечтим. Айланып-тегеренип келип эле ишкерликке кириш керек болду. Биринчи кургатылган мөмө-жемиш менен алектенем деп келген элем. Ал тармакта да жабдууларды коюп, эксперимент кылып жасап көрдүм, бирок чоң көлөмгө чыгуу үчүн автоматташтырылган бир система керек эле. Ошентип жай өтүп кетип ага жетишпей калдым.

Бир күнү туугандарыбыздан авам "таштандыларды жыйнап, логистикасын жолго коюп, биринчи этаптагы кайра иштетүүдөн өткөрүп тапшырсаң болот" деп маалымат берип калды. Ал тууралуу издеп Бишкекке чейин келип, кайра иштетүүчүлөрдүн цехтерине барып, кандай чийки заттарга муктаж экенин көрүп келдим. Жалал-Абадга келип, шаардын тегерегиндеги мындай таштандыга кандай мамиле болот, кимдер чогултат деп изилдеп чакан бир анализ жүргүзүп көрсөм, рынок бош экен. Облустун борборунда эч ким эч нерсе кылбайт экен, кампалар менен сүйлөшүп көрсөм, алар таштандыны жөн эле өрттөшөт экен. Таштанды ташуучуларга берүүгө көбүрөөк акча төлөш керек же бир контейнерге максимум 50-60 кг таштанды батат. Андыктан алар үчүн өрттөп эле салган туура экен. Кызыктуу болуп калды. Ошентип 2016-жылы октябрда баштадым.

— Жабдууларды, аппараттарды кайдан алдыңыз?

— "Эски толчоктон" эски темирлерди саткан базардан бузулган бир эски пресс машина таптым. Аны алпарып бир ай ремонт кылып, пресстеп, упаковка кыла турган аппарат кылып чыгардык. Мен өзүм ага чейин кирпич заводдо өндүрүштө жүргөндүктөн сваркалоо сыяктуу жумуштар менин хоббим эле жана гидравиликалык системалар кантип иштегенин билчүмүн. Өзүмдүн Porter машинам бар эле, биринчи эле күнү 200 кг таштанды чогулттук. Башында көп кыйынчылыктар болду, жасаган пресс станогубуз колго жасалгандыктан бузулуп калган учурлар болду.

— Аны пресстеп алып андан ары эмне кылдыңыздар?

— Үч айдай эч кимге саткан жокпуз, анткени аны сатуу үчүн чоңураак көлөм керек болчу. Себеби, кардарлардын базасы иштеле элек, чынжырча жолго коюла элек эле. Ошентип 7-8 айда толук кандуу ишке кирип калдык. Бир айда 20-30 тонна таштандыны чогултуп пресстеп, кайра иштетүүчүлөргө өткөрүп калдык.  

Региондордо 11-класстан кийин жаштардын азыраагы эле университетке тапшырбаса, көбү эле Россияга жөнөп кетишет эмеспи. Менин дагы мигрант досторум бар эле, алардан команда чогулттум. Ошол бизнес моделибиз иштеп жатат, кийин ошол моделди Ошко, Бишкекке алып келдик. 2018-жылы март айында Бишкекке келип, таштандыларды кабыл алуучу жай ачтык. Биз башында толук иштетчү эмеспиз, алгачкы ылгоо, сорттоп, андан ары иштетүүгө фирмаларга өткөрүп беребиз. Мындайча айтканда, логистика жагын жолго койдук.

— Көбүнчө эмнени чогултасыздар?

— Полиэтилен пакеттер, желим бөтөлкөлөр, макулатура. Азыр кардарлардын базасын түзүп алганбыз. Көбүнчө дүкөндөр, кампалар менен иштешебиз. Алардан чыккандардын баарын иштетиш үчүн мөмө-жемиштер салынып, бирок сынып ишке жарабай калган жашиктерди да коштук. Алардын кээ бир бөлүгүн майдалап, пресстеп туруп өткөрөбүз.

— Ошондо сиз бул бизнести канча акча менен баштадыңыз?

— 12 миң сомго жогоруда айтылган иштебеген станокту алгам, кийин аны сатып жибергем. Кийин кемчиликтерин жоюп, кайрадан модификацияланган дебеймби, жаңы аппараттарды жасап чыктым. Азыр Ош, Бишкек, Жалал-Абадда төрт түйүнүбүз бар, мына ошол жерлерде биз жасаган аппараттарыбыз да иштеп жатат. Андан кийин биз чогултуп, сорттоп, пресстеген чийки затты дагы бир этаптан өткөрүп туруп саталы деп USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбооруна катышып, каржылоо алып, ага гранулятор алдык.

—  Өндүрүштө кандай көйгөйлөр бар дагы?

— Башында бизде дагы билимдин жоктугу болду. Маалыматтын жоктугунан биздин эсептер боюнча 18 миң долларга жабдуу алып, ошону менен эле иштеп кетишибиз керек эле. Рынокту изилдеп көргөндө биринчиден, ал жабдуу менен чыгарган продукция арзан сатылат экен. Экинчиден, конкуренттер өтө көп, алар сапатсыз гранола жасап, арзан кылып эле саткандар бар экен. Биз эми кымбатыраак сатуу үчүн сапаттуу сырье чыгарышыбыз керек болду да. Ал үчүн жууй турган линияны да жолго коюш керек эле. USAID менен келишим түзүп, жоопкерчиликти алып алгандан кийин ошол бизге мотивация, комфорттон чыгууга түрткү берди.

—  Кайдан чогултасыздар чийки заттарды?

— Башка өнүккөн өлкөлөрдүн практикасында ишкана таштандыны утилизация кылууга акча төлөйт. Бизде рынокто бизнес модель тетири иштейт, мисалы, чоң гипермаркеттер ким канчадан сатып алат деп тендер өткөрөт, биз барып катышып, жеңсек, депозит төлөп сатып алабыз. Бирок ошентсе деле шүгүр, өзүбүздүн наныбызды таап жеп жатабыз.

— Бул канчалык кирешелүү бул бизнес?

— Чоң супермаркеттер менен иштешкенде кирешеси аз. Алар тендер, аукциондорду өткөрүп болушунча кымбат сатат. Алардын маркетологдору, менеджерлери бизден кыйын, таштанды иштетүүчүлөрдү жөн эле тегеретип коет. Кирешелүү жерлер — жеке дүкөндөр, базарлар. Биздин машиналар ар бир дүкөндөрдү кыдырып алып кетишет. Мисалы, Жалал-Абаддын базарынан 2017-жылы бир эже менен сүйлөшкөнмүн, ал базар жыйнаган башка ондогон эжеге айтып, ошондон бери иштешип келе жатабыз, аларга бул кошумча киреше. Алар чогултуп беришет, биздин балдар кечкисин барып, таразага тартып сатып алышат.

— Урналардан терип жүрүшпөйбү, алар кимдерге өткөрүшөт?

— Алар түз эле барып кайра иштетүүчүлөргө өткөрүшөт. Бишкекте көп чогултушат, мисалы, Жалал-Абадда андайлар жок. Биздин негизги алган жерлерибиз дүкөн, кампа, өндүрүш ишканалары, офистер, банктар, мектептер. Кээде Жалал-Абадда иш токтоп калбашы үчүн Бишкектен таштанды алып кеткен учурларыбыз болгон.

— Азыр командаңызда канча адам иштейт?

— Жалпысынан айтканда, түз жана кыйыр иштегендерди эсепке алганда элүүдөн ашык. Мисалы, базарда, чоң дүкөндөрдө чогултуп бизге өткөрүшкөндөр менен өнөктөш катары иштешебиз. Биз башында картон менен иштешебиз деп ошол багытты алган элек. Кийин билсем, аны иштеткен заводду курууга 1.5-2 млн доллар керек экен.

— Түштүктөгү ишкерлердин абалы азыр байкашыңызча кандай?  Аларды рынокко кирип жаткан өзбекстандык продукциялар көп тынчсыздандырат экен. Алардыкы арзан болуп, баа жагын атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз деп жатышат.

— Алар салык төлөп кирип ээлебей эле да, контрабанда менен кирип жатышат. Өзбекстандан келгиче транспортировка бар, КНС, сатуудан салык, дистрибуция бар, ошолорго кошулуш керек болчу. Аларга деле рентабелсиз болуп калат, контрабанда менен кирбесе. Биздин мамлекет аларга шарт түзүп берип жатат.

Мамлекет кыргызстандык ишкерлерге арбитр болуш керек, ар бир ишкерге бирдей шарт түзүлгөндө гана конкуренция адилеттүү болот.

Бизде кээ бир ишкерлер Бажыдан, Салык органдарынан тааныш аркылуу эле бүтүрүшөт. Ошондуктан таанышы бардыкы кетип жатат, ал эми жалпы бизнес туруктуу өнүкпөй жатат. Бизде ЕАЭБ деген чоң рынок турат, Кытай турат бүт жабдууларды чыгарган.

Бирок бир нерсени байкадым, Ташкентке барып, аларда жабдуулардын тетиктери бүт өздөрүндө бар экенин көрдүм, бузулуп калса эки күндө кайра өндүрүштү токтотпой алып кетсе болот. Элестетиңиз, бизде жабдуу бузулуп калса, Кытайга буюртма берип, ал келгиче бир ай өтөт. Ошолордун баарына шарт түзө турган мамлекеттик органдар.

Бирок биздин ишкерлер мамлекетти күтпөй эле аракет кылып жатышат. ЭТТН азыр кыйынчылык жаратып жатканы менен бирок бул туура нерсе. Товар кайсы жактан келип, кимге жетип, кайда кетип жок болуп атат баары ачыкта болот. Толук кандуу иштеп калса импортер өндүрүшчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигине да жакшы таасир бермек.

Бир товардын кайдан келгенин калктын жарымы эле билет, менимче мамлекеттик органдар сырттан келген товардын акыркы этабында утилизациясына ким акча төлөш керек экенин билбейт. Алар акыры түбү барып таштанды болуп, биздин полигондо экологиябызды булгап жатат. Аны мамлекетке алып кирген ишкана төлөш керек.

Бизге билимдин, маалыматтын жетишсиздиги болуп жатат. Мисалы, Японияны айтайын, көрүп келген жеримди, бала бакчадагы, мектептеги жаш балдарды таштанды иштеткен цехтерге алып барып, процесстер кантип жүрөт, көрсөтүшөт экен.

Таштандыга туура мамиле кылуу дегенди биздин муун түшүнбөй чоңоюп кеттик. Акылына киргенден кийин адам 40-50 жыл жашаса, 50 жыл ал адамдын артынан таштандысын тазалаганга караганда, 5 жыл мектепте таштанды чыгаруу маданиятын окутуп койсок, ал өзү өмүр бою сорттоп, экологияга, башкаларга зыян келтирбей жашамак. Таштандыны үйдөн чыгарып жатканда эле ылгап чыгаруу маданиятын окутуш керек экенин түшүндүм.

  • USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбоору менен биргеликте Амирбек Масиралиев ишканасынын цехин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, гранул иштетүүчү өндүрүштүк линия сатып алган. Жабдуулар Таш-Көмүрдөн баштап Жалал-Абад шаарынын аймактарына чейин, андан сырткары Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ош шаарларынан бери полиэтилен жыйнап, кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, кайра иштетилген ар бир тонна калдыктан 900 кг гранул чыгарылат. Пластик гранулдары суу түтүктөрүн өндүрүүдө жана таңгактоодо кеңири колдонулат жана жылына 120-480 тонна полиэтилен калдыктары кайра иштетилет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости