«Бизнес – эркектин иши деген түшүнүк өткөндө калды» – Анара Джумабаева

«Бизнес – эркектин иши деген түшүнүк өткөндө калды» – Анара Джумабаева

Кесипкөй адис айлык үчүн иштөөдөн чарчаган учурда жеке иш ачуу - ал үчүн моралдык жана материалдык канааттануу алуу үчүн айкын чечим болуп калмакчы. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинин бүтүрүүчүсү Анара Джумабаева дагы ушундай кырдаалды башынан өткөргөн. Анара Эмилбековна жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин мектептерде жана университеттерде англис тилинен сабак берген, аны менен бирге жогорку класстардын окуучуларын эл аралык тестирлөөгө даярдап, репетитор катары иштеген.

Эмгек шарттарынын көңүлгө жакпагандыгы жана чарчап-чаалыгуу 2017-жылы Ошто «Академка» жеке окуу борборун ачууга түрткү болгон. Анда иштин эң татаалы документ топтоонун жүрүшү жана билим берүү ишмердигине лиценция алуу болгонун негиздөөчү эске салат. Экинчи татаал маселе – борбор үчүн эң ыңгайлуу орун тандоо болгон. Ал эми үчүнчү оор милдет – жабдууларга, имаратты ижарага алууга жана башка чыгымдарга инвестиция табуу эле. Мында жолдошу жардам берген.

«Ал өзү бизнесмен жана нөлдөн баштоо кандай татаал экенин түшүнгөн. Ошондуктан жакшы колдоо көрсөттү, кайра кайтырып берүү шарты менен акча бөлдү, - дейт Анара Джумабаева. – Кардарлар базасы жагынан эч кандай көйгөй болгон жок. Эл менин окутуу деңгээлимди билчү. Менин окуучуларым чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшырууда дайыма жогорку көрсөткүчтөргө жетишчү, кээ бири гана өтпөй калчу. Андыктан азыр кошумча жарнамага муктаж эмеспиз – элдин пикири көбүрөөк жардам берет».

«Академкада» жети чет тилинен сабак өтүлөт жана чет өлкөлөрдө магистратурага же бакалавриатка тапшырууну каалаган студенттер үчүн академиялык англис тили окутулат. Мындан тышкары, окуу борборунда университеттер менен мектептердин педагогдорунун квалификациясы жогорулатуу курстары жүргүзүлөт. Бул багытты ачуу үчүн Анара Джумабаева КРдагы АКШ Элчилигинин колдоосунда америкалык эки жогорку окуу жайда: Аризона штатынын университетинде жана Балтимордогу Мэриленд университетинде квалификациясын жогорулатуудан өткөн. Анын жаңы билимге умтулуусу азыр дагы күчтүү. Анара Джумабаева окутууну гана каалабайт – ал өзү окуганга даяр. Андыктан ал ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» насаатчылык программасына менти катары катышуу үчүн билдирме берген.

«Башка деңгээлге чыгуу жана кирешени көбөйтүү үчүн финансылык сабаттуулукка, тайм-менеджментке жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн негиздерине окууну каалайм. Менин катарымда кыялыма жакындоого жардам берген жана ишенүүгө мүмкүн насаатчынын болушуна абдан кубанычтамын. Бул башка ментилер менен баарлашуу, тажрыйба алмашуу, платформадан көп пайдалуу маалымат жана психологиялык колдоо алуунун дагы мыкты мүмкүнчүлүгү болуп саналат, анткени бардык бизнес – бул стресс. Ал эми мындай программага туш болуу – чоң ийгилик», - дейт Анара Эмилбековна.

Ал ментор чет өлкөлөрдө окууну каалаган студенттер үчүн Ошто аттестациялык борбор ачууну көздөгөн эң сонун кыялын Асель Сыдыкованын колдоосунда жүзөгө ашыра алам деп үмүттөнөт. Түштүк аймактарда мындай бир гана борбор бар. Ал борбор окууга кабыл алуу маалында дайыма ашыгы менен толот, ал эми болочок студенттер тесттен өтүү жана сертификат алуу үчүн Бишкекке же Ташкентке барууга мажбур болушат, балким бул жөнүндө айта кетүү керектир. Ал эми каалоочулар абдан көп – тил үйрөнүүгө жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда окууга кызыгуу өсүп жатат.

Жалпысынан аялдар ишкерлиги жөнүндө ой жүгүрткөн Анара Джумабаева, аялдардын өз максаттарын жүзөгө ашыруусуна милдеттердин көптүгү, убакыттын аздыгы, финансылык көз карандылык жана «бизнес – эркектердин гана иши» деген түшүнүк жолтоо кыларын белгилейт.

«Бирок бүгүн өлкө түштүгүндө лидер-аялдардын саны өсүп жатканын байкап жатам жана бул кубандырбай койбойт», - деп «Бизнестеги аялдар» программасынын ментиси сөзүн жыйынтыктады.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Бизнестеги аялдар” насаатчылык программасы Cherie Blair Foundation for Women менен өнөктөштүктө #WeFi Аялдардын ишкердигин колдоо фондунун колдоосу, Швейцариянын Өкмөтү аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Чакан Бизнес Фонду (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБ жана АКШ Техникалык Кызматташтык Бизнес Фонду) менен ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын