Курулуш тармагында накталай төлөм басымдуулук кыла баштады — ишкер Эргазы Сейдалиев

Курулуш тармагында накталай төлөм басымдуулук кыла баштады — ишкер Эргазы Сейдалиев

Semac курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, жеке ишкер Эргазы Сейдалиев ИШКЕР MEDIA басылмасына курулуш тармагындагы бизнес, андагы баалар жана ошондой эле учурдагы Кыргызстандагы турак-жай рыногундагы абал тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайда окудуңуз, кантип курулуш тармагына келип калдыңыз жана эмне үчүн бул сфераны тандадыңыз?

— Бишкек мамлекеттик университетинен кийин Кытайда Пекин эл аралык университетинде окудум. Андан соң Гуанжчоу шаарында беш-алты жыл соода-сатык жана консалтинг компаниясында иштедим. Өндүрүш, соода боюнча көп тажрыйба алдым. Кийин Кыргызстанга келип, мебель чыгарып жүрдүк. Курулуш материалдарын саттык. 2012-жылдары Бишкекте курулуш каттуу жүрүп жаткан кездери эле, ошол учурда бир аракет кылып көрдүк. Жер тилкесин алып, бирок кошуналар менен келише албай токтоп калды. Бирок 2017-жылы маселе чечилип, курулушту баштадык. Азыркы күндө эки объектини бүтүрдүк, элдер жашап жатышат. Үчүнчүсүн куруп жатабыз, бир жылда аны да жашоочуларына ремонтко беребиз. Төртүнчү үйүбүздүн курулушу жакында башталат, документтери даяр болуп калды. Курган үйлөрүбүз чакан, бир же эки подъездүү, орто класстагы, көп кабаттуу үйлөр.

— Үйдү куруп жатканда кайсы этап компания үчүн аябай жоопкерчиликтүү, оор этап болуп саналат? Курулушта эмне маанилүү?

— Компания үчүн ар бир этап өтө маанилүү. Бул этап жеңил же бул этап оор, маанилүү, маанисиз деген нерсе жок. Курулушка ылайык жер тилкесин издегенде өтө кылдат карап, көп факторлорду эске алыш керек. Жер тилкесин алгандан тартып, куруп бүткүчө ар бир этап маанилүү. Себеби, үйдүн сапаты жакшы болуш үчүн ар бир этабындагы материалдарды, жумушчулардын ишин текшерип туруш керек.

— Бир долбоор менен башка үйлөрдү деле куруп кете бересиздерби же ар бир объектиге өзүнчө долбоор жасаш керекпи жана ага канча каражат керек?

— Негизи бир эле долбоор менен бир нече объект курса болот, ал үчүн жер тилкесинин формалары, өлчөмү окшош болуш керек. Бизде төрт объект болсо, баары башынан баштап пландаштырылып сызылган. Бири-бирине байланышы жок. Долбоорду чийдиргенде орточо баасы метр чарчысына 7-10 долларды түзөт. Курулуш аянты деп коет, ал сатыла турган батирлердин эмес, жалпы курулчу үйдүн аянтына карата төлөнөт.

— Акыркы беш жылда кандайдыр бир тенденция же талаптар өзгөрдүбү, кардарлардын табитин да эске аласыздарбы?

— Курулуш тармагында деле элдер көбүрөөк сапатка көңүл буруп калды. Кардарлар батир тандаганда үйдүн жайгашкан жеринен баштап, ала турган батирдин пландоолоруна чейин карап, дыкаттык менен изилдеп алып калышты. Бул жакшы нерсе, элдин талабы канча жогору болгон сайын, курулуш компаниялар да аларды канааттандыргыдай салып башташат.

— Негизи эле Кыргызстан курулуш тармагында кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк үлгү алат? Мисалы, Япония менен Европа өлкөлөрүндөгү курулушта өзгөчөлүктөр бар да, бизге кимдердики жакын?

— Бизде курулуш нормалары көбүнчө Советтик союздан калган, орустардыкына жакын. Азыр интернет өнүгүп кеткендиктен жаңы долбоорлорду, идеяларды ошол жактан алышат. Конкреттүү үлгү алган мамлекет деле жок, ар бир курулуш компания өзүнө жакка стилде сала берет.

— Учурда Кыргызстандагы турак-жай рыногу кандай абалда турат? Бир кездери курулуш аябай күчөп кеткен эле, ошол темп дагы деле сакталуудабы? Элдин төлөө жөндөмдүүлүгү кандай болуп жатат?

— Курулуш тармагы аябай өсүп жатат. Россиядагы мобилизациядан кийин Бишкекте батирлерге суроо-талап өстү. Ошондонбу же башка себептерденби, айтор, быйыл жаздан тартып мурдагыдан да көп жаңы объектилер түшүп баштады. Мурдагыдан айырмаланып, азыр батирлерден сырткары бизнес борборлор көп курулууда. Үйлөр мурда чакан болуп курулса, азыр комплекс-комплекс болуп курулуп баштады.

— Болжолдуу айтсаңыз, бир объект курулуп баштаганда, кайсы этабында батирлер көп сатылат? Жеке сиздин тажрыйбаңызда, накталай төлөм басымдуулук кылабы же бартерби? Негизи эле кардарларыңыздар кимдер?

— Элдин төлөө жөндөмдүүлүгү мурдагы жылдарга караганда дээрлик жакшы. Мурда бартер көп болчу, ага салыштырмалуу азыр накталай акча менен алгандар көп. Бизде накталай төлөм басымдуулук кылат. Кандай этапта көп сатылары болсо ар бир курулуш компаниянын өзүнөн көз каранды. Жаңы баштаган фирмалар пайдубалдан сатышы кыйыныраак, ал эми аты чыгып калган, курулуш тармагында көп жыл иштеген компанияларында котловандан эле жакшы сатышат. Котловандан алган бир канча арзан болот, объект курулуп баштап, кабаты көтөрүлгөн сайын анын баасы да кымбаттай берет.

Бизде эле эмес Дубайда деле ушундай экен. Ал жакта сатуу бөлүмүндө иштеген тааныш кыргыз балдар бар, ошолор менен баарлашып, ал жактын рыногун да карап турабыз. Чоң объектилердин рекламасы ушунчалык күчтүү болот экен, 150 батири бар үйгө пайдубалы башталгычакты эле 700 киши жазылып, толук сатылып кетиптир. Бирок бизде анчалык деңгээлге жете элек. Биздин кардарларыбыз ар түрдүү — соодагерлер бар, Россиядан, Америкадан, Кореядагы мекендештерибиз бар.

— Жерди алуу боюнча же документация учурунда мамлекет менен кандай проблемага кез келесиздер? Дегеле, мамлекеттин бизнесиңизге тоскоол болгон учурларын айтып берсеңиз.

— Жерди сатып алыш көп деле кыйын эмес. Биз тажрыйбабызда мамлекеттин жерлери менен эч алектенбедик. Жеке адамдардан сатып алып, ошолор менен иштеп келе жатабыз. Ошондуктан мамлекет тарабынан эч бир маселе жаралган жок. Бирок курулушка уруксат кагаздарын алганда маселелер көп. Көбүнчө убакыт жагынан көйгөй болот. Бизнесте "убакыт — бул акча" деген маанилүү. Эң негизги проблема ушул. Бирок мамлекет толук изилдеп туруп, анан уруксат берет. Бирок ошого карабай кошуна же дагы бирөө курулуш компаниянын үстүнөн арыз жаза турган болсо, мамлекет дароо эле текшерүү жүргүзөт.

Жарандардын укугун коргош керек, бирок талаштуу кездерде кээде компаниялардын укугу корголбой калат. Мамлекет бизнести да коргоп берсе жакшы болмок, анткени курулуш компаниялары мамлекетке салыкты жакшы төлөшөт.

— Курулуш тармагы канчалык кирешелүү бизнес?

— Курулуш тармагы элдер ойлогондой кирешелүү бизнес эмес. Бул тармакка киргенде дароо эле чоң акча таба албайсың, бул деле тажрыйбаны, жылдарды талап кылган бизнес. Төрт-беш жылдан кийин жакшы деңгээлге чыгып, элдин ишенимине кирип, фирма чоңоюп, бренд түптөлүп калганда гана киреше келе баштайт. Бирок ичинен жасап келгенде маселелер көп, нервти көп кетирген бизнес.

Анан азыр курулуш тармагында баалар ар түрдүү. Орто эсеп менен бир батирдин бир чарчы аянтынын баасы 600 доллардан баштап, 2000-2500 долларга чейин чыгат. Баалар объекттин жайгашкан жеринен, курган компаниядан, колдонулган материалдардын сапатынан көп көз каранды. Бренд үчүн дагы белгилүү бир баа кошулат.

— Кризис курулуш тармагына канчалык тез таасир этет? Бул канчалык туруктуу тармак болуп саналат?

— Кризис болгондо биринчилерден болуп курулуш тармагы жабыркайт. Мисал катарында айтсам, ковидден кийин бул сфера каттуу кыйналды.

— Кардарларды тартууда кандай маркетинг жолдорун колдоносуздар жана кайсынысы эффективдүү?

— Кардарларды тартууда эң негизгиси интернетти жана жарнама аянтчаларын, LED-экрандарды колдонобуз. Жарнаманын эң жакшысы, эң мыкты эффективдүү жолу — сенден алган кардар ыраазы болуп, башкаларга сунуштаганы.

— Жумушуңузда эң жактырган нерсе эмне?

— Үй сатып алуу — адамдын жашоосундагы эң кубанычтуу, маанилүү учурлардын бири. Элдер батирди нан алгандай эле албайт. Мээнет кылып, акчасын топтоп жүрүп алышат. Мага кардарларыбыз бизге ишенип, батир алганда сүйүнгөн учурлары жагат. Андан дагы биз алардын ишеничин актап, батирлердин ачкычтарын тапшырган учур сонун. Жумушумдагы эң жактырган нерсем — аманаттан кутулганыбыз, ачкычтарын тапшырган учур.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат