Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бирок эң мыкты даамдагы азыктарды чыгарган ишкерлер бар

Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бирок эң мыкты даамдагы азыктарды чыгарган ишкерлер бар

Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бул тууралуу ИШКЕР MEDIA басылмасына маек курган, жарым фабрикат азыктарды чыгарган "Бай Нарын" ишканасынын негиздөөчүсү Нурлан Шаршенов айтып өттү.

Ат-Башыдан чыккан ишкер КУУнун Экономика факультетин бүтүргөн жана  2003-жылдан баштап эт менен иштейт, тагыраак айтканда, Нарындан Бишкекке эт ташычу.

"2019-жылы Нарында "Бай Нарын" деп эт дүкөн, анын жанына пельмен чыгарган цех ачтым. Ал жерде фрикадельки, котлет, чучук, ышталган чучук чыгарабыз. Буюртма менен манты деле жасайбыз. Цехте 5 адам, башкаларды да кошкондо, жалпысынан тогуз адам иштейт", — деген Шаршенов алар чыгарган продукция накта, экологиялык жактан таза, ар кандай кошулмалары жок экенин айтты.

Негизинен чыгарган азыктарын Нарындын ичинде эле өткөргөн Шаршенов ишмердүүлүгүн 200 миң сом менен баштаган жана учурдагы жылдык акча айлантуусу 5 млн сомдун тегерегинде.

"Нарында бизнес кылуу өтө кыйын. Калк аз, элде акча жок, карызга дегендер көп. Кубатттуулугун көтөрсөм болот эле, бирок Нарында ошол эле жетишет. Рынок чектелүү", — деди ал.

Ал Бишкекке азыктарын жөнөтөт, бирок өзүн-өзү актабай келет, анткени кардарлар билишпейт.

"Бишкекте таратып сатып жатышат, бирок өтө аз кетет. Эки жылдан бери эле жөнөтүп жатабыз, бирок чыгымын актабай жатат. 100 миң сомдун эле тегерегинде, сатуу көтөрүлгөн жок. Ал эми "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу чоң соода түйүндөрүнүн шарттары каттуу экен, кайтарым болот экен, бир сатыкка чыгарган соң артынан запаста тонналап туруш керек экен", — деди ал.

Бир жагынан, борборго чоң көлөмдө жөнөтүү үчүн өндүрүшүн чоңойтууга арзан пайыз менен насыя алайын десе, "РСК" банкынан 6% менен алган 5 млн сом кредитин жаап бүтө элек.  

"Мындай кредиттер жыл сайын эле келип турат экен. Нарында өндүрүшчүлөр аз. Бизде негизинен мал чарбачылык да. Эт тармагы жакшы", — деген "Бай Нарын" ишканасынын негиздөөчүсү эми быштак, каймак, айран чыгарайын деп киришип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media