Учурда Python тилин көп окушууда — CODE IT мектебинин жетекчиси Бактыгүл Орозбаева

Учурда Python тилин көп окушууда — CODE IT мектебинин жетекчиси Бактыгүл Орозбаева

Бактыгүл Орозбаева ушул жылдын башында Жалал-Абадда CODE IT мектебин ачкан. Учурда анын мектебинде отуздан ашуун бала окуйт. Ал ИШКЕР МЕDIA менен маектешип, Жалал-Абадда билим тармагында бизнес жүргүзүүнүн оор-жеңил жактарын айтып берди.

— Каякта окудуңуз, бул тармакка кантип келип калдыңыз?

Ош облусунда төрөлдүм. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Экономика факультетинде, менеджмент адистиги боюнча окудум. Андан кийин билимимди жогорулатуу үчүн Түркияда маркетинг багытында магистратурада окудум. Университетте окуп жүргөндө эле дайыма компьютерге кызыгып, интернет технологияларын изилдегенди жакшы көрчүмүн.

CODE IT мектебин ушул жылдын март айында баштадык. Жалал-Абад шаарындагы элдин кызыгуусун, муктаждыгын байкап, IT багытында кесипкөй адистерди даярдайлы деп максат койдук. Өзүм ушул багытты изилдеп, маалымат алып турам, бул азыркы учурдун талабы. IT адистери Кыргызстанда жеткиликтүү болуп дүйнө менен кызматташып иштешсе деген ниеттерибиз бар.

— Кызыгып окугандар кимдер, окуу баасы канча турат?

Бизде негизинен мектеп окуучулары билим алышат. Чоңдор үчүн да кечки курстарды уюштуруп жатабыз. Азыркы учурда отуздан ашуун бала билим алышууда. Окуучулардын арасынынан кызыккан балдар бар. Көбүнчө балдарын ата-энелери өздөрү алып келишет.  

Курста балдарды өзгөчө практисына көп көңүл бурдурабыз. Балдар үч сааттан окушат, теорияга кошо дароо практика кылышат жана үй тапшырма жасашат. Ай сайын экиден бешке чейин долбоор жасаганы жетишишет. Мындан сырткары, Жумасына эки жолу атайын программистер үчүн англис тилин окушат. Ошол менен биздин курстар сегиз айга созулат. Курстарыбыз Кыргызтандагы орточо кирешеси бар үй-бүлөгө ылактышкан жана баасы эң жеткиликтүү десем болот. Айлык курс акысы — 5800 сом.

Бул жумушунузду канча акча менен баштадыңыз? Мугалимдерди кайдан таптыңыз?

— Бизнестин көзү менен караганда аябай эле аз сумма менен баштадык. Жаңы эле баштагандыктан жолдошум экөөбүз күнү-түнү эмгектенип жатабыз. Мындайча айтканда, биздин кичинекей балабыздай эле, бөпөлөп, канчалык мээнет кылсаң, ошончолук өнүгүп чоңойот. Ошого жараша өзүнүн чыгашалары бар, биз азыр чоң кирешеге кире элекбиз.

IT багытында жакшы мугалим табуу кыйын, айрыкча Жалал-Абад шаарында. Атайын программистердин сайттарына жарыя бергенбиз, ошол жактан кесипкөй жаш мугалим таап, кызматташып калдык.

— Ийгилик жараткан окуучуларыңыз барбы?

— Окуучуларыбыз Жалал-Абад шаарындагы программолоого кызыккан көп маалыматы бар жакшы окуган окуучулар. Арасынан келечекте чоң ийгиликтерди жарата турган, Кыргызстанга кызмат кыла турган балдар бар. Бир окуучубуз май айында окуучулар арасында программалоо боюнча онлайн турнирге катышып, экинчи турунда биринчи орунду алды.

— Программалоонун кайсы тили келечектүү жана эмнеге азыр талап көп?

— Python тилине талап, аны окугандар көп. Себеби, бул тил үйрөнүүгө оңой жана мүмкүнчүлүгү өтө чоң экен.

— Жалал-Абадда бизнес кылуу башка региондордон өзгөчөлөнөбү?

— Жалал-Абадда ишкердик кылуу оңой эмес, шаар кичинекей, бирок келечеги кенен. Азыр IT багыты өсүп келе жатат, талап күч болгону менен жумуш табуу да оор, жаштар ошол сектордо ордун таап иштеп кетиш керек, биздин биринчи приоритеттерибиз — курстардан кийин рынокко кирип кетүүсү үчүн атайын жолдорун  көрсөтөбүз жана бул багытта иштеп жаткан программистерди сабактарга чакырабыз. Биздин максатыбыз, биздин балдарды окууну бүткөндөн кийин рынокко даяр кылып чыгаруу.

  • Белгилей кетсек, быйылкы жылы Accelerate Prosperity уюму аялдардын ишкердигине колдоо көрсөтүү, аларды өз бизнесин баштоого шыктандыруу жана бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында жыл сайын өткөрүлүүчү биринчи Women Cup программасын баштаган. Программа Нарын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ишкер аялдардын бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. 188 арыздын ичинен 27 катышуучу тандалып алынган. Ошол 27 катышуучунун арасында Бактыгүл Орозбаева да болуп, ал аталган уюмдан техникалык колдоо алган.

Accelerate Prosperity — бул Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (AKDN) демилгеси жана инклюзивдик экономикалык өсүштү жогорулатуу, жергиликтүү потенциалды жогорулатуу максатын көздөгөн “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкканын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты. Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган. Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

17-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турганы эл аралык маалымат булактары жарыялады. Жакынкы Чыгышта согуштан улам Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапкан. Ошол себептен Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калган. Тажикстандык айрым ишкерлер

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат.