Башкы прокуратура коррупцияны өлчөө боюнча Нью-Йорктогу конференцияга катышты

Башкы прокуратура коррупцияны өлчөө боюнча Нью-Йорктогу конференцияга катышты

2-4-декабрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы Нью-Йорк шаарында өткөн Экинчи глобалдык антикоррупциялык конференцияга катышты. Делегацияны Башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов жетектеди.

Башкы прокуратура билдиргендей, иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн 450дөн ашуун мамлекеттик, эл аралык жана эксперттик өкүлдөр катышты. Конференциянын негизги максаты — коррупцияга баа берүү жана маалыматтарды натыйжалуу колдонуу аркылуу аны кыскартуу. Анын жыйынтыгында "Коррупцияны өлчөөнүн келечеги боюнча Нью-Йорк сунуштары" кабыл алынды.

Малик Бектурганов Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү стратегиясы, санариптик трансформация, активдерди кайтаруу механизмдери, акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы чаралар жана антикоррупциялык ыйгарым укуктар институтун түзүүбоюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Конференциядан кийин делегация Вашингтондо АКШнын Юстиция министрлиги, FBI, Каржы министрлиги, Мамлекеттик департамент жана БУУӨП/UNDP менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, маалымат алмашуу жана транс улуттук коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эл аралык антикоррупциялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана глобалдык күн тартибин илгерилетүүгө багытталган туруктуу аракеттерин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media