Акыркы 2-3 жылда чакан өндүрүштөрдө жакшы көрсөткүчтөр байкалууда — Талас ЖИА

Акыркы 2-3 жылда чакан өндүрүштөрдө жакшы көрсөткүчтөр байкалууда — Талас ЖИА

ЖИАнын Кыргызстан боюнча ар облуста өкүлчүлүктөрү бар. ИШКЕР MEDIA алар менен байланышып, аймактагы ишкерлер тууралуу дайыма маалымат алып турат. Бүгүн Талас ЖИАнын жетекчиси Азиза Айтыбекова облустагы өнүгүп жаткан бизнес тармактары, алардын көйгөйү, жетишкендиктери тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

— Өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз, Талас ЖИАга качан жетекчи болуп келдиңиз?

— Жашым отуз бирде, эки баланын энесимин. Рига, Лондон, Алматы шаарларында окуп, иштеп, жашап келгем. Талас ЖИАны 2023-жылдын апрель айынан бери жетектеп келем. Ага чейин Бишкек жана Алматыда "Кыргыз Концепт" компаниясында иштедим. Ошондой эле азыр ЖИАнын демилгеси, ЕККУнун каржылык колдоосу менен ачылган Ишкердикти Колдоо Борборунун Таластагы координатору болом.

— Азыр Талас ЖИАга канча ишкер мүчө?

— Азыр бизде 104 ишкер бар, мүчөдөн тышкары аларды ЖИАнын корпоративдик маданияты боюнча Жаратман деп коебуз.

—  Талас облусунда бизнестин кайсы тармагы жакшы өнүгүп жатат?

—  Таласта көбүнчө соода тармагы өнүккөн. Бирок акыркы 2-3 жылдын ичинде чакан өндүрүштөрдө жакшы көрсөткүчтөрдү көрүп жатабыз, ошондой эле медицина, курулуш, балык чарбасы өнүгүп жатат. Агро, жеңил өнөр жай, тамак-аш, жашыл экономика тармактарында өсүүлөр болуп жатат.

—  Дегеле ишкерлердин абалы азыр кандай? Алардын эң чоң көйгөйү эмне?

—  Абалы жалпысынан жакшы, бирок мындан дагы жакшы болушун каалайт элек.

Чоң көйгөйлөрдүн бири – салыкта болуп жаткан өзгөрүүлөр. Бир өзгөрүүгө көнгөнчө, экинчиси чыгып кетип жатат. Өкмөт тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, бирок жетишсиз. ЖИА тарабынан мамлекеттик кызматтар менен тыгыз иштеп, ишкерлерге жолугушууларды өткөрүүдөбүз.

— Эмгек рыногу учурда Таласта кандай?

— Статистикага таянсак, элдин 76% жумуш менен камсыздалган. Азыркы учурда айымдар ишмердүүлүккө көңүл бура башташты. Үйдөн отуруп деле чакан бизнестерин өнүктүрүп жатышат. Бул жагынан дагы ЖИА менен ИКБ чогуу жардам беребиз: бизнести кантип башташ керек деген сыяктуу акысыз семинарларды өткөрөбүз, чакан гранттар жөнүндө маалымат беребиз.

— Ишкерлер жеңилдетилген кредиттерди оңой эле алып жатышабы? Мамлекет менен, мисалы, Салык органдары менен көйгөйлөр жокпу?

— Көйгөйлөр мезгили менен болуп турат, диалог аркылуу чечкенге аракет кылабыз.

— Ишкерлер көбүнчө эмнелерди талап кылышат, "мамлекет бул нерсени кылып берсе жакшы болот эле" деген кандай каалоолору бар?

— Ишкерлер өздөрүнө таянып көнүп калышкан. Мамлект тарабынан көп талап кылышпайт, негизгиси бардык иштерди мыйзам чегинде алып баруусун калашат.

Текшерүүлөр болобу, өзгөрүүлөр болобу – мамлекет ошону убагында жеткирип, иштегенге ыңгайлуу шарттарын түзүп берсе. Ишкер өзүн эркин, коопсуз сезсе, мамлекетке дагы көп пайда алып келет: жумуш орундар менен элди камсыздап, салыктарын төлөйт.

— Таласта кандай чоң ишканалар бар?

— Сүт заводдору, буурчакты экспорттогон ири ишканалар бар. "Эмилия", "Өзөн-Ата" сүт заводдору, "Азра", "Хан-Бүргө" – буурчакты экспорттойт, "Алтын-Казык", "Султан" соода үйлөрү, "Берди" медициналык клиникасын айтсак болот.

— "Алтын Альянс", Талас өнүктүрүү фонду тарабынан ишкерлерге жардамдар болобу? Дегеле таластык ишкерлер чет элдик донорлор (ЕАБР, ОКӨФ) сыяктуу кандай иштешишет? Жеткиликтүү элеби?

— Ар бир өнүктүрүү фонддун өз программалары бар, албетте, ишкерлер кайрылышат. Талаптарына туура жооп берсе, фонддор жардам берүүгө даяр. Мисалы, 2022-жылы "Эко Монтис" ишканасы 6 млн сомго пайызсыз насыя алган, ал каражатка азыркы учурда таштандыларды автоматтык түрдө сорттогонго комплекс куруп жатат.

Ишкердикти колдоо борборунун бизнес-консультанты ушул тарапта ишкерлерге жардам берип келет. Негизи ИКБда төрт консультант иштейт – бизнес, юрист, финансы жана пиар бар. Ишкерлер комплекстүү кеңештерди дагы алышат.

— Таласты буурчагы менен таанышат. Дагы кандай азыктар чыгат? Коңшу Казакстандын (мисалы, Тараз) шаарлары менен бизнес кылгандар барбы? Болсо, эмне сатып, эмне алышат ал жактан?

— Буурчактан азыр печенье, паста, гуляш жана башка азыктар чыгат. "Талас Даамы" кондитердик үйү жогорку сапаттагы тортторду, фирменный круассандарды жасайт.

Алма, кара өрүк, калемпир, помидор жакшы бышат Таласта. Кара өрүк, алмаларды дагы айрым ишкерлер как кылып экспортко чыгарышат. Балык чарбасы өтө өнүгүп жатат – азыр 30дан ашуун чарба бар. Тараз шаары менен соода алакасын үзүшпөйт. Ал жака жергиликтүү май, сырлар экспорттолот.

— Талас ЖИА ишкерлер үчүн кандай иш-чараларды өткөрүп турат? Кандай көйгөйлөрдү чечесиздер?

— Ишкерлер үчүн эң негизгиси нетворкин аянтчасын түзүп беребиз, бири-бири менен баарлашып, иштерин бүтүрүп алышат. Бирөө демөөрчү издесе, экинчиси идея издейт. Семинарлар, бизнес-шеринелер, Кыргызстан ичи жана чет өлкөгө иш-сапарлар көп уюштурулат. Бүгүн эле 14 ишкер тажрыйба алмашуу макстатында Алматы шаарына кетти. Буга чейин Европа өлкөлөрүнө, Жапон, Индия, Иран, Бейжин, Бангладешке барып келишти.

Ар бир ишкердин көйгөйү ар башка, жалпысынан муктаждыгын чечип бергенге аракет кылабыз. ЖИА Кыргызстан боюнча жайгашкан үчүн көйгөйлөр бат чечилет. Кыргызстанда ийгиликтүү ишкерлер көбөйө берсин. Ийгиликтүү ишкер –  өнүккөн өлкө!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бажы кызматы белгилегендей, жолугушууда тараптар мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматтарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоо, адистерди даярдоо жана заманбап

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу