Көп бизнестер сарайдан башталгандай эле, биз дагы үйдөн баштаганбыз — Таласты круассан менен камсыздаган Айчолпон Ермалай кызы

Көп бизнестер сарайдан башталгандай эле, биз дагы үйдөн баштаганбыз — Таласты круассан менен камсыздаган Айчолпон Ермалай кызы

27 жаштагы Айчолпон Ермалай кызы апасы, бир тууган агасы болуп, Талас облусунун Киров районунда кондитердик цех иштетишет. Сезонго жараша 30-40 адамды жумуш менен камсыз кылган ишкана "Айчолпон" товардык аты менен таттууларды чыгарат жана жакынкы мезгилдерде жарым фабрикат, сүт азыктарын чыгарууга да камданып жатышкан убагы. Ал ИШКЕР MEDIA менен маек куруп, бизнеси тууралуу эле эмес, Германияга Таластын фасолдорун алып барып, ал жактын компанияларына тааныштырганын, жыйынтыгында германиялык ишкерлер менен таластык ишкерлер келишим түзүшкөнү тууралуу да айтып берди.

— Айчолпон, айтсаңыз, эмне болуп кондитердик цех ачып калдыңыздар?

Кондитердик цехти мен, байкем жана апам болуп үчөөбүз иштетебиз. Көп бизнестер сарайдан башталгандай эле, мындан сегиз жыл мурда биз дагы үйдөн баштаганбыз. Азыр болсо 600 чарчы метрлик имарат салып, цехти ошол жака көчүрдүк. Сезон жакшы убактарда 40 адамга чейин иштеп калышат. Биз айылда болсок деле 6 жумуш күнү менен иштейбиз. Жумушчулар иштегенине жараша 15 миңден 40 миңге чейин алышат, алар баары ыраазы.

— Ассортиментиңиздерде эмнелер бар, кубаттуулугуңуздар кандай?

— Бизде наабайкана, кондитердик азыктардын түрлөрү бар. Учурда жарым фабрикат азыктарын да кошсокпу деп ойлонуп жатабыз. Негизи биз өтө кымбат эмес, массалык азыктарга басым жасайбыз. Мисалы, күнүнө круассан 300-500 пакет, пряниктен 200-300 пакет, булочкадан деле ушундай көлөмдө чыгат.

Жабдуулардын баарын өзүбүздүн акчабызга алганбыз. Мамлекет тарабынан чакан жана орто бизнести колдоого берилчү 1 млн сомду эч эле ала албай жатабыз. Башка тармактарга берип, бизге бербей жатканы кызык болуп жатат. Менин коллегаларым ошол эле насыяны банк 2% менен сунуштаганын айтып жатышат.

— Таттуулардын рецепттерин ким иштеп чыккан, технологдор барбы?

— Кыргызстанда адис маселеси аябай чоң көйгөй. Бишкекке келип, издеп таап, аларды Таласка алып келип, акча төлөп, өзүбүздүн жумушчуларга үйрөтөбүз. Бизге Казакстан жакын болгондуктан биринчи ал жака барып рынокту изилдейбиз, аларда бар, бизде жок нерсени карайбыз. Анан анын технологиясын өздөштүрүп, адис таап, аны өндүрүшкө киргизебиз.

— Чийки заттарды кайдан аласыздар?

— Чийки затты мурда Казакстандан алчубуз, бирок чек арада көйгөйлөр болуп баштагандан бери көбүнчө Бишкектен алып калдык.

— Таласты дээрлик таттуулар менен камсыз кылат экенсиздер да? Башка облустарга жөнөтөйүн деген ниеттериңиздер барбы?

— Биз мурда эки районго гана жетишип жатканбыз. Азыр болсо Таласта ачылган "Глобустан" да сурап жатышат. Биз азыр Таласты толук алышыбыз керек. Учурда ребрендинг сыяктуу ишкананын стратегиясын карап чыгуу боюнча иштеп жатабыз. Бишкекке алып келбейсиңерби дегендер бар, бул нерсени эми убакыт чечет. Өндүрүш ар бир этаптан өтөт го, бизде дагы ошондой болуп жатат окшойт. Баары акырын болот, ага убакыт керек. Азыр ыссыкка байланыштуу 10 күнгө жаптык, анткени жумушчулар кыйналып кетишет.

— Башка мамлекеттен импорттолгон таттуулар менен канчалык атаандаша аласыздар?

— Башка өлкөдөн, мисалы, Өзбекстандан же Тараз тараптан кирген таттуулардын даамдары жок. Бизде Кыргызстандын азыктарынын, сүттөрүнүн сапаты, даамы жакшы. Элдер тез эле байкап коюшат. Тараздыктар "биздин рынокко кирбейсиңерби" деп сунушташкан. Таразда бир миллиондой адам жашайт. Биз алардын рыногуна кирсек утабыз, себеби баалар биздикинен эки-үч эсе кымбат. Мисалы, 500 миң сомго Таразда торт ала албайсың, ошол эле мезгилде Таласта 1 миң сомго эң жакшы деген тортту аласың.

— Юридикалык жактан кандай ачылгансыздар?

— Биз азыр жеке ишкер катары эле иштейбиз, бирок келечекте ЖЧК кылып ачсакпы деп ойлонуп жатабыз. Анткени сүт азыктарын чыгарууну да ойлонуштуруп, мини завод ачканы турабыз. Бир айдын ичинде ачылып калат.

— Сатуу жагын, "сбыт" деп коебузбу, кантип жолго салдыңыздар?

— Биринчи баштаганыбызда өзүбүздүн дүкөнүбүз бар болчу. Ошол жака, кийинчерээк дүңүнөн саткан дүкөндөргө алып чыктык. Кийин сапатын оңдоону ойлоно баштадык. Биздин массалык түрдө сатылган круассандарыбыздын 0.5 кг 150 сом турса, башка кондитердик цехтер бир даанасын 120 сомго сатышат. Аныкы эми чекене соодага ылайыкталган, сапаты да башка. Бизге кээде "Бишкекке жөнөтүп жатабыз" деп комплимент айтып калышат. Мен даамдуу азык чыгаралы дей берем. Апамдар болсо массага чыкчу азыктарга басым жасашат, ошентип ортодо кээде кризис болуп кетет. Адамда негизи эле баалуулуктар болуш керек.

Экинчиден, коммуникация бизнесте чоң роль ойнойт экен, барып, чоң маркеттер менен жакшы мамиле куруп, соода байланыштарды түзөбүз.

— Мамлекет тарап менен иштешүүдө көйгөйлөр жокпу?

— Биз цехти куруп баштаганда эле барып, "биз ушундай цех салайын деп жатабыз, эртең бизге келип кыйнабагыла, кандай талаптар бар, азыр айткыла" дегенбиз. Алар баарын көрсөтүп беришкен, ошолордун стандартына ылайык салганбыз. Мамлекетке эч кандай нааразы эмеспиз, баары жакшы эле, өзүбүз иштешибиз керек.

— Цехтен сырткары эмне менен алектенесиз?

— Мен негизи ишканабызда өнүктүрүү, алдыга жылдыруу, товардын сапаты жагын карайм. Андан сырткары, мени социалдык долбоорлор аябай кызыктырат. Өткөндө ЖИА уюштурган сапар менен Германияга барып калдык. Ал жака Таластан фасоль ала бардым. Барган компанияларыбызга презентация кылып көрсөтүп жаттым. Биздин Таласта дыйкандар фасолду кыйналып тигишет, жыл бою иштешет, аягында болсо 60 сомго да сата албай калат. Түрктөр бул жактан ортомчулар аркылуу алып эле, таңгактап, сертификаттарын даярдап туруп, Европага кымбат өткөрө беришет. Германияда фасолдун 1 кг 400 сомдун тегерегинде турат экен. Ошентип ортомчу болдум. Барган компаниялырыбызга биздин көйгөйлөрүбүздү айттым, "бизден түз кетсе жакшы болмок, элдер арзан сатып кыйналып жатышат" дедим. Чындап эле элдер жазында тиксем, күзүндө кантип сатам деп кыжалат болушат. Арасында карызга кирип кеткендер дагы болот.

Германиядагы элчилик менен байланыштым, компанияларга айттым. Натыйжада, германиялык компания таластык фасоль менен алектенген ишкерлер менен байланышып, аларды Германияга чакырышыптыр, визасын, жол киресин төлөп бермек болушуптур. Ошентип азыр германиялыктар менен соода мамиле түзүлүп, келишимдерди түзүп жатышат. Мен ортомчу болуп бердим эки тарапты байланыштырганга, бирок андай кийинки процесстерине катышпадым. Фасолдун биринчи партиясын да жөнөткөнүн айтышты. Германиялык компания "бизге ушул эле фасоль келчү, бизге биринчи жолу алып келип көрсөттүңөр, аябай сүйүндүк" дешиптир. Талас облусунун элине жардам берген долбоорлорду жасагым келет. Башка өлкөлөргө чыкканда көрүп жатам, бизде толтура мүмкүнчүлүктөр бар, бирок биз Кыргызстанды барктабайт экенбиз.

Мындан тышкары окуңуз

9 айдын ичинде 8 эл аралык электрондук акча системасы каттоосунан ажырады

9 айдын ичинде 8 эл аралык электрондук акча системасы каттоосунан ажырады

Улуттук банктын расмий маалыматтарына ылайык, 2023-жылы эл аралык электрондук акча системаларынын бир дагы операторунун каттоосу жокко чыгарылган эмес. Ал эми 2024-жылы жана 2025-жылы бирден оператор каттоодон ажыратылган болсо, 2026-жылдын 9 айында мындай учурлардын саны сегизге жетти. Буга чейин Ишкер медиа Улуттук банкка кайрылып, каттоонун жокко чыгарылыш

Ишкер Media
Кыргызстанда "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин маркетинг планы иштелип чыкты

Кыргызстанда "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин маркетинг планы иштелип чыкты

Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Жыйынтыктоочу жыйын аталган министрликте өттү. Ага министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты. Бренддин негизги максаты - кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рынокто

Ишкер Media
Яндекс Кыргызстан такси тармагындагы ишкерлерди колдоого 152 млн сомго чейин бөлүп жатат

Яндекс Кыргызстан такси тармагындагы ишкерлерди колдоого 152 млн сомго чейин бөлүп жатат

Яндекс Кыргызстан такси тармагында бизнесин өнүктүрүүнү каалаган ишкерлерди колдоого багытталган үч жылдык программаны ишке киргизди. Программанын жалпы фонду - 152 млн сомго чейин жетип, аны катышуучулар Яндекс Таксиге биринчи жолу туташтырылган унаалар үчүн колдоно алышат. Программага сервистин жаңы жана учурдагы өнөктөштөрү катыша алышат. Бул үчүн 10дон 100гө чейин унаа алып, аларды

Ишкер Media
ӨКМдин курман болгон лейтенантынын үй-бүлөсүнө батирдин ачкычы тапшырылды

ӨКМдин курман болгон лейтенантынын үй-бүлөсүнө батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту. Адылбек Касымалиев курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи. Курман болгон кызматкердин

Ишкер Media