Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Таластын төө буурчагын Балкан өлкөлөрү тамшанып жешет — Сербияга дүңүнөн экспорттогон ишкер Ислам Мирбек уулу

Назира Абдиева
Таластын төө буурчагын Балкан өлкөлөрү тамшанып жешет — Сербияга дүңүнөн экспорттогон ишкер Ислам Мирбек уулу

Сербияда BEAN FARM деп аталган компанияны негиздеп, Кыргызстандан фасоль, жаңгак, балды чоң көлөмдө алып, Европанын жана Балкан өлкөлөрүнүн базарына экспорттогон Ислам Мирбек уулу эки жыл мурда Economist.kg басылмасына интервью берген эле. Анда ал кыргызстандык ишкерлерди чогуу иштешүүгө чакырган болчу. Быйыл анын Кыргызстанга келгенинен пайдаланып, Таластын буурчагы Сербияда кандай өтүп жатканына кызыгып, маекке тарттык.

— Сизден интервью алгандан бери эки жыл өтүптүр. Бул мезгилде Сербияда ачкан компанияңыз кандай иштерди жасай алды?

— Эмне жумуш баштайбыз деп турган кезде кичи мекенибиз Таластагы буурчакты сыртка чыгаруу боюнча ойлонгонбуз. Таласта 90% эл буурчак өстүрүү менен алектенет, ал жактын турмушу ошол менен байланыштуу. Изилдеп көрсөк, бул темп менен кетсек, беш жылда буурчак темасы бүтүп калчудай экен. Себеби, соодагерлер элден чогултуп алып эле сырт жактан кардар күтүп отура беришет. Сырттан келген киши биздин өнүгүүбүзгө эч кандай кызыкдар эмес да, анын максаты бул жерден азыкты болушунча арзан алып кетиш керек. Алар келип эки кыргызды соодалаштырып коюп, кимиси арзан, сапаттуусун берсе алып кете берет. Жыл сайын эле ошол көрүнүш. Кыргызстандан кардар издеп башка өлкөлөргө барышат, бирок өздөрүнүн товары менен чыгышпайт эле.

Биз, кыргыздар, чийки зат бергенди гана билебиз, андан ары аны тазалап, таңгактап, брендге айлантып, маркетке чейин жеткиргенди билбейт экенбиз. Бизден алып кеткендер сертификациядан өткөрүп, чекчейтип таңгактап туруп, өздөрүнүн өлкөсүндө өндүрүлгөндөй чыгара беришет. Биздин максатыбыз ушул кырдаалды өзгөртүү эле. Биз биринчилерден болуп Сербияга өзүбүздүн товарыбыз менен чыктык.

Өткөн жылы 500 тоннадай алып бардык, 5 миң тонна деле алып барсак болмок, бирок көбүрөөк сапатына карап алдык, баасын көтөрдүк. Аны жөн эле сата бербестен, брендге айланттык. Биздеги буурчактын ак лопатка деген сорту бар, ал бизден башка Македония менен Түркияда эле бираз өсөт экен.

Сербиядагы маркеттеги менеджерлер бири-биринин товарларын тынбай изилдеп турушат. Таңгагы, сапаты жакшы болсо, сөзсүз сени менен байланышат. Мисалы, "менин товарым бар" деп барсаң, толтура талаптарды коюп салышат, сен аны аткаргыча башка атаандаш кирип, сенин ордуңду ээлеп алат. Ошондуктан башында биз кичине маркеттерге койдук, ал жактан соода жакшы болгондо чоң маркеттердин менеджерлери бизге өздөрү чыгып жатышты. Биз башында барганда алар бизди кабыл албай коюшкан, кийин талаптарын өздөрү жеңилдетип беришти.

— Таластан буурчактын килограммын канчадан аласыздар?

— Былтыры бул убакта буурчактын баасы 80 сом болчу, азыр 160 сом болуп эки эсе көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө Сербиядагы баасы — 3 доллар.

— Баасы өтө деле көп кошулбайт экен, киреше жакшы эле түшөбү?

— Жөн эле соодаргерлик менен ишкерликтин айырмасы ошол да. Бардык чыгымдарды оптималдаштыргандан кийин пайда чыгат.

— Сербиядагы компанияңызда канча адам иштейт?

— Үч адам иштейт. Кыргызстанда жумушчу күчү арзан болгон үчүн эч ким автоматташтырууга өтпөйт. Сербияда болсо иштей турган адам аз, маяна кымбат, ошондуктан автоматизацияга өтүп алышкан. Ал жактан биз эки кампа ачканбыз, атайын кичине шаардан баштаганбыз, эгерде Белград сыяктуу чоңураак шаарлардан баштай турган болсок, бизди эч ким таанымак эмес. Кичине шаардан баштагандыктан элдин баары таанып кетти, жадагалса бир телеканал биз жөнүндө тартты.

— Ал жакта буурчакты көп жешеби?

— Биз буурчактан туура тамак жасаганды билбейт экенбиз. Мисалы, мен Сербияда буурчакты жумасына эки жолу жейм. Таластан ишкерлер барып калышты, ал жакта өздөрүнүн буурчагын өздөрүнө бышырып берсем, "даамдуу болот турбайбы" деп аябай таң калышты. Сербия Балкан өлкөлөрүнө киргендиктен алардын ашканасында түрктөрдүн да, европалыктардын да тамактары бар. Ковид учурунда кыргыздар чуркап баарып каптап ун алышпадыбы, бизде азык-түлүк коопсуздугу бул ун экен. Сербияда болсо элдер мүшөктөп буурчак алышты, анткени негизги тамак катары эсептелет.

Буурчак өсүмдүктөрүнүн ичинен эң этке жакыны ушул төө буурчак. 1 кг этти өндүрүш үчүн 18 ай кетет, кичине торпоктон бука болуп чоңойгуча канча деген ресурстар керек, чөп, жемге акча кетет. Ал эми ошол эле 1 кг буурчакты өстүрүш үчүн 3 ай эле убакыт керек. Бир нерсе болсо, үйүңдө буурчак болсо тынчсың, анан калса, 1 кг буурчак бышырсаң, беш адам тоет. Бул региондо дайыма согуш болуп тургандыктан ачарчылыкты, инфляциянын баарын көп көрүшкөн, ошондуктан эч нерсе калбай калса, буурчак кайнатып жей беребиз деген түшүнүк калып калган.

Ошол эле биздин жаңгакты көптөр билишпейт экен. Тоонун башында, 3 миң метр бийиктикте натуралдуу өскөн жаңгактарды картадан көргөзсөм таң калышты. Сербиянын телеканалына интервью берип, жаңгактын Кыргызстанда кантип өсүп калгандыгы тууралуу уламыштын бир вариантын айтып бергенмин.

Балкан региону Александр Македонский чыккан жер да, жаңгактын бизде өсүп баштаганы Македонскийдин Орто Азияга сапары менен байланышкан баянды айтып берсем, тимеле аларга жагып калды. Дүйнөдө биздикиндей тоодо өскөн жаңгак жок. Ошол эле Австралия, Америка, Украинада плантацияда, талаада тигилген. Американын жаңгагы көрүнүшү жакшынакай болгону менен даамы биздикине жетпейт.

Биз буурчакпы, жаңгак сатабызбы, дүйнөдө дагы кайсы жерде өстүрүлөт, жылына канча түшүм алышат, өз наркы канча, саткан жерге чейин келгенче баасы канчага турат баарын изилдейбиз. Бир жылы бир жерде жакшы түшүм болсо, экинчи жакта болбой калат. Ошол маалыматтарды алып туруп, таластык группаларыбызга "быйыл буурчак боюнча кырдаал мындай, азырынча шашып сатпай тургула, баасы көтөрүлөт" деп айтып берип турабыз. Түшүнгөндөр кайра чалып, кеңеш алып турушат.

Акыркы үч жылда Таласта кичине болсо да буурчак бизнесине өзгөртүү киргиздик, быйыл анын баасынын кымбат болушунун себептеринин бири — биз сыртка чыгып изилдеп, кайра ишкерлерибизге маалымат бергенибиз болду. Ишкерлер да бизди көрүп, өздөрү да сыртка чыга башташты. Силерге интервью бергенден кийин мага көп ишкерлер чалышты, сыртка экспортко чыксак деп суусап тургандар көп экен. Алардын көбүн Сербияга чакырып, көрсөттүк. Бирок сыртка чыксам деген амбициясы бар, бирок кылган иши жарым-жартылай болгондору да бар.

— Кандай ойлойсуз, сиз айткандай ишкерлерди азыкты кантип чийки заттан брендге жеткиргенди үйрөтсө болот? Окутуш керекпи, тренингдер керекпи?

— Тренингдер деле керек, бирок эң башкысы, ортодон бир-эки ишкер чыкса, аларды туурап андан да жакшы кылып, башкалар чыгарат. Кыргыздардын өздөрүнүн арасында атаандаштык күчтүү экен. Канчалаган тренингдер өтөт Бишкекте, элдер келип, уйкусурап отуруп угуп кете беришет, же аны жазып калбай кайра барып эле кантип кылсам деп ойлоно беришет. Ошондуктан эң жакшысы тирүү бир мисал керек. Бирөө тобокелге салып, чыгарып көргөзсө, сизге окшогондор элге айтып берсе, анан башкалар да чыгат. Мурда 20 жылдан бери буурчак менен иштегендерде эч кандай өзгөрүү жок болчу. Азыр эми таңгактап өздөрү чыгара башташты. Кээ бирлери консерва кылсакпы деп ойлоно башташты. Биздин ишкерлердин көбүнүн чыдамы жок.

Бардык эле соодада биринчи дүйнөдө эмне болуп жатканын, рынок эмнени талап кылып жатканын, кандай жаңылануу киргизсе болот, пайдага чейин канча убакыт чыдаш керек, изилдеш керек. Биздикилер биртке өйдө-ылдый болуп кетсе эле сатып жиберишет. Ал өйдө-ылдый учурларды чоң оюнчулар эле ойноп коюшат.

— Компанияңыз ал жакта тамыр алып отурукташтыбы? Сербиянын маданиятына көндүңүздөрбү?

— Башында бизди эч ким деле олутту кабыл алган жок. Азыр болсо көптөр таанып калышты. Кыргыздар көп нерсени көрө элек экенбиз, башыбыздан өткөрө турган көп нерселер бар экен. Алар соодага, адам менен мамиле курганга аябай такшалып калышыптыр.

— Бул жылы эмне алып барасыздар? Сиздердики мезгилдүү эле жумуш болуп калабы?

— Менин азыр Кыргызстанга келгенимдин себеби, былтыркы түшүмдөн алып барган продукциябыз түгөнүп бүттү. Эми азык бышып баштаса аны элдерге туура түшүндүрүп бериш керек.

— Быйыл буурчак боюнча дүйнөлүк рынок кандай?

— Жогоруда айткан ак лопатка деген сорту бизде эле өсөт, ага суроо-талап бар. Ал эми Аргентинада өскөн түрү болсо ГМОдо өскөн, алардын баасы да ар дайым арзан болот. Быйыл биздин буурчакка суроо-талап жогору болот, ошондуктан дагы баасы кыйла көтөрүлүп калды. Ошол бааны дагы биз жакшылап кармашыбыз керек. Кээде мындай болот, бир товарың болсо сатам деп жалдырасаң албайм деп качышат, сатпайм десең кайра жабышышат. Быйылкы кырдаал ушундай болду, буурчак сурап чалгандар абдан көп. Былтыр биздин ишкерлер "туруп калды, сатып берчи" дешкен эле, быйыл болсо сербиялыктар сурап жатышат. Азыр болсо орустар да өстүргөндү үйрөнүп алышты, менден үрөн сатып алышкан болчу, жайы бою консультация берип чыктым. Буурчак кантип өстүрүштү үйрөнүп жатышат. Төө буурчак азыр айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ичинен эң жогорку маржалуу азык болуп жатат. Орустар эсептеп көрүштү, алардын жыл сайын эгип жаткан буудайына караганда кирешелүү экен. 1000 гектар буудай тиккиче, 100 га буурчак тиккенибиз жакшы экен деп ойлонуп калышты.

— Сиз Кытайдан трактор дагы алып келет экенсиз, ошол тууралуу айтып берсеңиз.

— Алар Кытайдан келет, аны фермелерге сатабыз. Трактор алып келгендер көп да. Алардын кайсынысы жарайт, кайсынысы жарабайт, ойлонбой эле алып келе беришет. Жыйынтыгында фермерлер аларды сатып алып эле же жумушу жүрбөйт же трактору жүрбөй эле кыйнала беришет. Ошентип жатып көп чыгымдарга учурашат. Биз айыл чарба тармагындагы тажрыйбабызды, билимибизди колдонуп, пайдалууларын гана алып келип жатабыз. Алардын азыгы менен бизнес кылып жаткандан кийин ишкер катары фермерлер туура маалыматты беришибиз керек экен.

Биздин Сербиядагы компаниябыз отурукташты, системага салынды, буга үч жылдай убактым кетти. Эми фермерлерибиз үйрөнсө, башка ишкерлер да чыкса, масштабдуу жумуш кыла алабыз. Бир эле жерде иштей бербей эл аралык деңгээлге чыккыбыз келет. Андан тышкары, айыл чарбага сугат системаларды, жамгырлатып сугарган аппараттарды алып келебиз. Ошондой эле балыктар менен мышыктардын, иттердин жемдерин импорттойбуз. Аларды Сербиядан, Түркиядан, Россиядан алып келебиз.

— Бизде андай жемдерге талап көппү?

— Биз мурда "ушул балык менен мышык кыйратып эмне жемек эле" деп ойлочубуз, көрсө, суроо-талаптын баары ошол жакта экен. Кээде алар бизден да жакшыраак тамактанышат экен деп ойлоп кетебиз.

Акыркы 3 жылда балык чарбасы аябай өстү, айыл чарбада мамлекетке акча эң көп алып келе турган ушул балык чарбасы экен. Бизде климат, суу таза болгондуктан даамдуу келет. Россияга көп кетип, алардын ишкерлерине атаандаш болгон үчүн алар себеп таап жаап коюшту.

Бардык иште логистика маанилүү. Сиз жогоруда сурабадыңызбы, аз эле кошулат экен, кантип киреше болот деп. Эгерде базарды туура тандап, логистиканы жолго коюп, убагында жеткизсең, боло берет. Биз мисалы, бул жактан буурчак алып барабыз, ал жактан жем, тоют алып келебиз.

— Ал эми сизге кайсынысы көбүрөөк киреше алып келет?

— Эки жактан тең өзүнүн чыгашасы жана кирешеси бар, кээ бир убакта экөө тең чыгымды жаппай калган учурлары болуп калат. Сербиядагы компаниям таза кирешеге чыккан, өткөн жылы млн сомдой салык төлөдүк. Кыргызстандагы төрт компаниябыз ар кимиси өзүнүн тармагында бираз кирешеге чыгышты.

— Сербияда жүрүп, кайсы азыкты ал жакка экспорт кылса боло турганын байкадыңыз?

— Жаңгактын потенциалы бар экен. Жаңгак — бул аябай сонун азык. Алмага салыштыра турган болсок, анын мөмөсүн алып оптималдуу температурага коюп койсоң, 5-6 жыл сакталат. Каалаган убакта сатасың, өзү да кымбат турат. Андан тышкары, тереги өзү да кымбат, ал эми эң эле кымбаты — анын тамыры болот экен. Азыр дүйнө жүзүндө жаңгактын тамырына талап чоң. Андан эң сапаттуу эмеректер, инструменттер чыгат. Италиялык кымбат эмеректер бар эмеспи, мына ошолор чыгат, сен Италияга жаңгактын тамырын алып барсаң — Кудайсың. Илгери Югославия кулап, согуш болуп жатканда контрол жок, жаңгактарды кыюуга уруксат берип коюшкан. Ошол кезде баары Италияга сата беришип, өздөрүндө калбай калган. Бирок азыр плантация кылып өстүргөндөр бар. Бирок баары бир жаратылыш деген жаратылыш да, аны алдай албайсың, мурдагыдай эмес.

— Сырттан караганда Кыргызстан кандай өнүгүп жатабыз?

— Бизде өнүккөн компаниялар бар. Өндүрүшчүлөрүбүздү канткенде өнүктүрө алабыз, биз алардын товарын сатып алганда гана өнүгүшөт. Өнүгүү бар учурда бирок чоң эмес. Мамлекет маанини биринчи кезекте билим берүүгө берсе, ошондо гана эки-үч кадам алдыга өнүкмөкпүз. Мисалы, биз ишкерлер эртең эле КРда өндүрүш ачабыз десек, жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздигинен кыйналабыз. Миграцияга кеткендердин баарын карап көрсөк, дээрлик баары эле тейлөө тармагында жүрүшөт. Ошол эле официант, поварлар эртең ким болушат? Сыртка чыгып, күчтүү адис болуп келгендер аз, болсо да алар ал жакта калып калышат. Техникалык билим берүүнү күчөтсөк, он-он беш жылда үзүрүн көрмөкпүз. Ал үчүн кайра эле мугалимдерге, дарыгерлерге инвестиция кылышыбыз керек. Азыр бизде официанттар көп, Европада карап көрсөңүз, жаш официант көрбөйсүз. Жаштардык көбү керектүү жумуштарды иштешет, окушат, билим алышат. Бизде жаштардын баары тейлөө кызматында жүрүшөт. Ар бир адам билимге инвестиция кылса, ошондо мамлекет өнүгөт болчу. Кыргызстандагы өнүгүп жаткан компаниялар деле билимдүү адистердин эсебинен өнүгүп жатышат.

— Сизге окшогон товарларды сыртка экспортко чыгарып жаткан ишкерлерге мамлекет кандай жардам берсе жакшы болмок?

— Мамлекеттин биринчи функциясы — жарандарга кам көрүү, инфрастуктураны ыңгайлаштырып берүү болуп саналат. Андан сырткары, финансылык инструменттерди жеткиликтүү кылып берсе жакшы болмок, мисалы, канча деген комбанктардын пайыздык чендери 20%дан жогору. Мисалы, Сербияда мага 4-7 пайыз менен керектөө насыясын беришет. Эгерде мен агрокредит ала турган болсом, 2.5% менен берет. Кыргызстанда мамлекет банктардын эле кызыкчылыгын колдоп тургандай. Былтыры накталай акча чечип алууда 5%га чейин алып коюп жатышты, сырттан келген акчалар ишкерлердин, мигранттардын акчасы да. Ошондон тапкан акчасын кайрадан эле 20% менен элге берип жатат. Элдин баары азыр карыз болуп бүттү. Ишкерлер көбөйбөй эле кайра азайып жатышат.

Мамлекет комбанктардын тизгинин тартпай, кайра коргоп тургандай. айтайынбы, банктар мындай экен, эгер сенин акча айлантууң жакшы болуп, ишиң жүрүп жатса, жалдырап келишет насыя сунушташат. Бирок ошол эле кезде ишиң бираз жүрүшпөй, финансылык колдоо керек болуп калса, анда сени карабай коюшат. Күрөөңдү арзандатып, колу-бутуңду байлап туруп, жогорку пайыз менен бираз акча берип коет. Сырттан алынган насыялар доллар менен 1-3% менен келет. Ошолорду эле көтөрүп жиберип жатышат. Мамлекет ишкерлерди узак мөөнөттүү арзан кредит менен камсыз кылса эле акырындан көтөрүлүшмөк.

Мамлекеттин чоң жардамы — тоскоол болбой, шарт түзүп бериш керек, насыяларды арзандатып бериш керек. Ошол эле биз төлөп жаткан салыктар кайрадан туура пайдаланылып, инфраструктурада шарттар түзүлүп, жооп катары калкка кайтарылса, ошондо мамлекетке салым кошуп жатам деп чын дилибизден төлөмөкпүз. Азыр болсо кандай, биз салык төлөйбүз, атка минерлер жеке самолетторду миллион долларга жалдап Японияга барып келишет же хансарай салышат. Ишкерлерге мамлекет жардамчы эмес, каракчы.

Салык системасы өзгөрүп жатат — бул жакшы нерсе. Качандыр бир мезгилде бул нерсеге келмекпиз. Ошого этап-этап менен барсак жакшы болмок. Өзгөртүүгө аракеттенип жатышат, бирок контрабанда менен алектенген ишкерлер ошол ошол боюнча эле иштеп атышат.

— Көп ишкерлер контрабанда менен көп товар кирет деп айтышат, ал бажыдан текшерилбейби, сиз өзүңүз күбө болгон учурлар барбы? Мисалы, Өзбекстандан контрабанда менен өтө арзан баада келет, жадагалса, аларга баасынан атаандаша албай калабыз деп айтып калышат.

— Азыр ичип жаткан кофебиз деле контрабанда менен кирет. Аны баарыбыз эле билебиз, бажыда андай иш менен алектенгендердин тааныш-билиштери бар. Бир жүк ташуучу унааны расмий каттаса, андайдан ону жөн эле өтүп кетет.

— Ишкерлер республикага кирип жаткан товарлар фильтрден өтпөйт, ошол эле мөөнөтү өтүп кеткен азыктар арзан баада кирип кетет, аягында келип эле биздин өндүрүштөргө атаандаш болушат деп айтышат.

— Мисалы, салыштырып көрсөк, Өзбекстанда пахтаны мамлекет өзү сатат. Канча жылдан бери пахтаны экспорттоого тыюу салып, кезедеме кылып чыгаргыла деп койду. Эртең болсо даяр буюм чыгаргыла дейт. Пахтаны иштеткен, кездеме кылган ондон ашык компания пайда болду. Бүрсүгүнү даяр продукт кылып чыгаргыла десе, өлкөнүн ичинен өндүрүлгөн буюм чыга баштайт. Алар даяр продукт чыгарып баштаса эле биздеги тигүү тармагы жабылып калышы мүмкүн. Себеби, аларда чийки зат өзүнөн чыгат, жумушчу күчү бар, сыртка чоң көлөмдө чыга баштайт. Эмне үчүн Nike Өзбекстанда чыгара баштады, себеби, аларда ички локализация бар. Азыр Түркиянын текстиль тармагы бул жака агыла баштады, себеби, ал жакта жумушчу күчү кымбаттады, чийки заттын жетишсиздиги башталды. Айтайын дегеним, мисалы, шприц өзүбүздөн чыгыш үчүн пластик дагы бизден чыгыш керек. Антпесе пластикти сырттан алып келсе бажы алымы, логистика бар, ошентип даяр продукт кымбат чыгат.

— Сиз Сербияга Кыргызстандан тигилген кийимдерди алып барып көрбөдүңүзбү, азыр тигүү тармагы аябай өнүгүп жатат эмеспи.

— Бирок өнүгүп жаткан менен чийки зат жок да. Эртеңки күнү жип же жабдуу келбей калса эмне калабыз. Азыр өнүгүп жатат деп айта албайбыз, азыр бир этапты өтүп жатабыз.

— Кытайдан кирбей калат дейсизби?

— Албетте, Кытайдан, Түркиядан жөнөкөй жип кирбей калса эле кийимдерибиз тигилбей калат. Мисалы, биз азыр синтепон дагы алып келебиз, ал тармакта да бираз иш кылабыз. Эгер аны алып келбесек курткалар, жаздыктар, жамынчу төшөктөр тигилбей калат. Мына азыр жөлөнүп отурган дивандын жаздыктарынын ичи дагы синтепон. Биз пластикти таштандыдан чогултуп, пресстеп туруп Кытайга жөнөтөбүз, алар иштетип туруп кайра бизге сатышат. Мисалы, Казакстандан келген бөтөлкөдөгү сууларды айталы, дүкөндөрдө эң көрүнүктүү жерлерде ошолордун суусу турат. Биз чийки зат берип эле кайра эле бираз жакшыртылган чийки затты кымбат сатып алып жатабыз.

— Чет өлкөдө жашаган кандай экен?

— Биз Кыргызстанда сырттан келген башка улуттар бай жашайт деп айта беребиз го. Биздин кыргыздар деле сыртка чыгышса бай жашашат. Ал жакта чоочун болгондуктан дайыма эртеңкини ойлонуп, аракетте жүрөсүң. Кыргызстанда өзүбүздүн жерибизде этти салып коюп, жамбаштап жатсак ошол эмеспи ырахат деп жата беребиз.

Эмне үчүн Сербия деп сурай беришет. Мен Америкага же башка өлкөгө кеткенге деле мүмкүнчүлүгүм болду, бирок баарыбыз эле кетип калсак, эмне болот деп Сербияны тандаганмын, анткени ал жакта төө буурчакты жакшы көрүп жешет. Эгер мен оңой рынокту карай турган болсом, мурда окуп иштеп келген Германияга кетмекмин, ал жакта биздин товардын баасы кымбат, инфраструктурасы жакшы. Бирок Германияда биздин продукцияны тамшанып жешпейт. Төө буурчакты Балкан мамлекеттери жакшы көрөт, германиялыктар Аргентинада чыккан төө буурчак менен Кыргызстандан келген төө буурчактын айырмасын билишпейт. Сербдер билишет, эски сорт деп айткан ак лопатканы жакшы көрүшөт. Ошондуктан биздин продуктту баалаган, жакшы көрүп жеген жака алып барып саткан жакшы деп чечкенбиз. Анын үстүнө Сербия, Хорватия, Черногория, Словения баары бир тилде сүйлөшөт. Мен хорваттар менен деле сүйлөшүп кете берем. Баргандан кийин жарым жылдын ичинде эле серб тилин үйрөнүп алганмын, соодалашканды да билем.

Буурчактын ак лопатка деген сорту бираз "капризный" болот, ал бир жерде өссө, 20 чакырым арыраакта өспөй коюшу мүмкүн, башка мамлекеттерде өспөйт. Анан ошону биз уникалдуу кылып кымбат баада сатышыбыз керек. Эгер Аргентина менен салыштырсак, алар бир жылда эки жолу түшүм алышат. Жылына 500 миң тонна алышат. Биз болсо ашып кетсе жылына 50 миң тонна алабыз. Алар он-жыйырма эсе көп алышат.

— Маегиңизге чоң рахмат, Таластын буурчактарын дүйнөгө экспорттой бериңиз!

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости