Кыргызстан менен Корея кызматташтыкты бекемдөө тууралуу талкуулашты
Кытайдын Ханчжоу шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен
Каракол шаарында сувенир дүкөнүн ачып, туристтерди улуттук буюмдар аркылуу кыргыздардын маданияты, каада-салты менен тааныштырып, атамекендик кол өнөрчүлөргө кошумча киреше табууга жардам берип келген Альбина Алимова ИШКЕР MEDIA басылмасына кызыктуу маек куруп берди.
— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайсы жерде туулгансыз, кайсы жакта окудуңуз?
— Мен Каракол шаарында туулганмын. Бул жерде билим алгандан кийин Санкт-Петербург жана Вена шаарларында окудум.
— Туризм тармагына кантип келип калдыңыз?
— Биздин Каракол шаарында өнөктөш бизнесибиз, тагыраак айтканда, конок үйүбүз бар эле. Кийинчерээк биз аны сатып жибергенден кийин башка тармакта иштеп жүрдүм. Ал конок үй сатылгандан кийин деле мурдагыдай эле башка өлкөдөн келген туристтерге консультация берчүмүн. Акыркы үч жылда бул тармакта активдүү окуп, иштеп жүрөм. Атүгүл, атайын сертификатка ээ маданий гид жана тренер болдум.
— Кара-Колдогу "Этномир" дүкөнүн качан ачтыңыздар? Кимдин идеясы эле?
— Пандемия учурунда мен декретте элем, аябай оор болду. Чек аралар жабылганда ичимде кандайдыр бир нааразычылыктар болду, бирок дүйнө кайра ачылат деген үмүттө сувенир дүкөнүн ачууну чечтик. Башында шаарда, өлкөдө бир да турист жок болсо, сувенир дүкөндү эмне кылабыз деп менин үй-бүлөм түшүнгөн жок. Бирок менин идеямды жолдошум колдоп, 2020-жылы августта дүкөндү ачтык.
— Улуттук буюмдарды заказ менен жасатасыздарбы же өздөрү алып келип өткөрө беришеби?
— Ар ким өзүнүн жумушун жасаш керек. Биз өзүбүздүн кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын баалуулуктарын, өлкөнүн жана элдин маданияты менен каада-салты жөнүндө кантип айтып бергенди жана аны сатканды билебиз. Биз өзүбүздүн усталарыбызды, дизайнерлерибизди, ата мекендик товарларыбызды, буюмдарыбызды жарнамалайбыз. Ушундай жол менен биз өлкөбүздү таанытып жатабыз. Биздин сыймыктана турган, бүткүл дүйнөгө көрсөтө турган жаратылышыбыз бар, бирок эң баалуусу – бул эл, анын чеберчилиги, каада-салттарга, жашоого болгон сүйүүсү.
Буюмдарды бизге өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы усталар буйрутма менен жасашат. Анан албетте, Каракол жана анын айланасындагылар да алып келишет. Заказ боюнча белектерди кооздоп, таңгактаганды үйрөндүк. Биз жөн эле сатпайбыз, туристтерге үч тилде өз продукциябыз, кол өнөрчүлөрүбүз, шаардын тарыхы, биздин өлкөдө көрүш керек болгон нерселердин же кыдыра турган жерлердин бардыгын айтып беребиз. Биз ар кандай маалымат менен жардам берип келебиз. Эгер товар колубузда жок болсо анда туристтерди айылдарга, кол өнөрчүлөрүбүзгө жөнөтөбүз. Туристтин өлкөбүзгө кайра кайтып келип, өзү менен кошо башкаларды да ала келүүсү үчүн жакшы таасирлер менен кетиши биз үчүн маанилүү.
Мисалы, бир жолу Германиядан келген турист белгилүү бир өлчөмдөгү шырдак издеп калды, ал бизде да, шаарда да жок экен. Ал Казакстан тарапка Түп району аркылуу жөнөп калганда биз ага Ичке Суудан шырдак жасагандарды таап бердик. Ал издегенин таап, сатып алганына аябай сүйүнүп бактылуу болду.
"Thank you so much for your help! You are a really great person. It was really nice to meet the woman and her very kind family. You really made me happy", - деп жазды ал турист.
— Кара-Колдо кышкы туризм жакшы, бирок сиздерде кайсы мезгилде соода жакшы болот?
— Караколдо туризм жыл бою болот. Биздин дүкөнгө болсо туристтер кышында деле, жазында деле келе беришет.
— Дүкөнгө келген чет элдик турист орточо канча акчага соода кылат?
— 800-1000 сомдун тегерегинде.
— Дүкөн менен атамекендик кол өнөрчүлөргө да киреше табууга жардам берет экенсиздер, алар бир айда канча буюм өткөрүшөт сиздерге?
— Айтуу кыйын, биз 0туздан ашык чебер-усталар менен иштешебиз. Ар кимисине өзүнчө көлөм жана суроо-талап бар. Кээде бир шырдактан 50 даана тапочка же 200 кийиз оюнчукка чейин алабыз.
— Дүкөндү ачууга канча каражат кетти? Азыр жылдык акча айлантууңуздар канча?
— Мен дүкөндү ачууга канча акча жумшадык так санды айта албайм, анткени азыркыга чейин каражат салабыз жана насыя төлөп келебиз, болжолдуу 3 млн сомдон ашык кетти. Азырынча акча айлантуу 1 млн сомдон ашпайт. Бирок жылдын аягына чейин биз өсүштүн оң динамикасын көрөбүз го деп ойлойм.
— Быйыл жайкы туризм кандай болду? Жылдан жылга туристтер көбөйүп жатабы?
— Бул жылы турист көп болду, агымы да көбөйүп жатат. Ал эми туристтер келген өлкөлөрдүн тизмеси да кеңейип жатканы жакшы. Быйыл Австралиядан, Эквадордон, Сингапурдан, Малайзиядан, Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн туристтер келишти. КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер да көп.
Ал эми туристтерди кабыл алган өлкөлөрдүн тизмеси кеңейип жатканы жакшы. Быйыл Австралиядан, Эквадордон, Сингапурдан, Малайзиядан, Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн туристтер келген. КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер көп.
— Дүкөндө кандай товарларды жакшы алышат, эмнеге суроо-талап бар?
— Табигый кийизден жана жибектен жасалган буюмдарды, Ысык-Көлдүн балын, тоо чөптөрүнөн табигый чайларды жакшы алышат. Сөзүмдүн аягында кошумчалай кетейин, жергиликтүү товарларды сатып, кол өнөрчүлөрүбүздү, өндүрүшчүлөрүбүздү колдоо маанилүү.
Сүрөт: Влад Ушаков
КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Economist.kg финансы басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде жол куруу тармагындагы негизги долбоорлорго токтолду.
Нейро-лингивистикалык программалоо жана MBTI, DISC, SDI сыяктуу түрдүү психометриялык инструменттер боюнча квалификациялуу адис, КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан өлкөлөрүндө
Учурда байер деген кесип актуалдуу болуп жаткан убагы. Ал байерлер кимдер менен кантип иштешет, канча киреше табышат деген сыяктуу суроолорго
DevCIT компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ишкер айымдары
Немец корреспондент-банкы Landesbank Baden-Wuerttemberg атамекендик финансы-кредиттик мекемелерге 20-сентябрдан баштап банктын саясатынын өзгөргөнүнө байланыштуу евро түрүндөгү SWIFT-которуулар Европалык экономикалык зонадагы* өлкөлөрдүн
Кыргызстандын климаттык каржылоо борборунун директорунун экс-орун басары Азамат Алкадыров негиздеген "Карголайн" компаниясы Европадан Россияга учактардын тетиктерин ташып турган. Документтерге ылайык,
WhatsApp Telegram каналына окшош канал функциясын ишке киргизди. Ал 150 өлкөдө жеткиликтүү болмокчу. Бул тууралуу WhatsApp өзүнүн блогунда жарыялады. Белгилей
Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын үч өлкөсү — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен соода режимин жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда. Мындай демилгени 7-сентябрда Коннектикуттун
Кытайдын Ханчжоу шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу
Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Цзянси провинциясынын губернаторунун орун басары Сун Хуншан менен жолугушууда министрлер кабинетинин
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу
Жогорку Кенештин “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп, анда Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин
Бишкекте биринчи жолу курулуш компанияларынын эсебинен жол салынып жатат. Бул маселени чечүү үчүн мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардын түштүк зонасында объектилери
Компаньон Банк 16-20-сентябрь күндөрү Бишкекте өткөн КР "Стартап-нация" масштабдуу хахатонунда өзгөчө өнөктөш банкы болду. Бул иш-чараны Accelerate Prosperity, Codify жана
Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат. Буга Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу жардам
Борбордук шайлоо комиссиясы Кубанычбек Самаковду Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Такталгандай, Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку
Президент Садыр Жапаров, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Такталгандай, Нью-Йорк фондулук биржасынын
«Ош» эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Орунбеков түштүк аймактардагы аэропорттордун кышка даярдыгы жана жасалып жаткан иштерди текшерип, Жалал-Абад облусунда орун
Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа которулбойт,мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн, деп УКМКнын төрагасы Камчыбек
Ош Жылуулук электр борбору 2023-жылдын, 25-сентябрынан 30-сентябрына чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин
Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө. Бул тууралууу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов
Бишкектин "Дордой" конушунда 140-орундук бала бакча курулууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Такталгандай, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков бала бакчага
«Манас» бажысынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун учуу аймагында жайгашкан «Э.С.В. Дьютифри» ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүн текшерүү учурунда
Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктады. Бул тууралуу
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында «Медтроник» медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тараптар
«Digital CASA» долбоорунун Кыргызстан боюнча була-оптикалык байланыш линияларын тартуу иш чаралар аякталды. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААК билдирди. Такталгандай, Чүй облусунда
Ош шаарындагы А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге жаңы эс алуу багынын курулушу башталды. Бул тууралуу