Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстандын жол тармагындагы эң ири долбоорлор — министр Тилек Текебаев менен эксклюзивдүү маек

Ишкер Media
Кыргызстандын жол тармагындагы эң ири долбоорлор — министр Тилек Текебаев менен эксклюзивдүү маек

КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Economist.kg финансы басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде жол куруу тармагындагы негизги долбоорлорго токтолду.

— Тилек Кыдырмаевич, бүгүнкү күндө өлкөдө бир нече ири автомагистралдар салынып жатат, алардын эң негизгиси биздин оюбузча альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолу. Долбоор учурда кайсы этапка келди?

— Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун КРнын тарыхындагы эң масштабдуу долбоорлордун бири деп эсептейбиз. Маршрут өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын ыңгайлуу маршрут боюнча бириктирүүгө жана республиканын стратегиялык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстан бул долбоорду каржылоо үчүн ар кандай эл аралык донорлордон, анын ичинде Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан, Азия өнүктүрүү банкынан, Сауд өнүктүрүү фондунан жана Ислам өнүктүрүү банкынан каражаттарды тартты. Натыйжада, тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 887 млн долларды түздү.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери болжол менен 80%га бүттү. Биринчи этапта 2016-жылы 12 чакырымдык Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинин курулушун бүтүрүп, 2021-жылы 99 чакырымдагы Арал – Казарман тилкесин эксплуатацияга жана оперативдик башкарууга бергенбиз.

Ошондой эле 2023-жылдын ноябрында бүткөрүү пландалган 24 чакырымдык Дыйкан – Кызыл-Жылдыз участогунун курулушун аяктап, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде узундугу 126 чакырымды түзгөн жол курамдык бөлүгүндө иштерди бүтүрдүк. Анда казуу иштери аяктаган тоннелден тышкары, туннелдин порттук тилкелери жана Сузак районундагы 24 км узундуктагы айланма жол болгон.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун калган тилкелеринде ири курулуш иштери уланууда. 433 чакырымдын 310 чакырымдайына асфальт төшөлгөн. Курулушту толук 2024-жылдын аягында бүтөбүз деп пландап жатабыз.

— Айтсаңыз, ушул убакка чейин канча каражат жумшалды жана курулуш эмнеге 9 жылга созулуп кетти?

— Бүгүнкү күндө 707.2 млн доллар өздөштүрүлдү, бул долбоордун жалпы суммасынын 75%ын түзөт. Мөөнөттөрүнө келсек, аларды жөнгө салуу үчүн бир нече объективдүү себептер бар.

Биринчиден, долбоорлоонун кыска мөөнөттөрү жана кирүүчү жолдордун жоктугунан кээ бир участокторду долбоорго киргизүүдө космостук маалыматтарга негизделгендиги өз ролун ойноду, анын натыйжасында изилдөө иштерине толук киришүү кыйын же мүмкүн эмес болду. Космостук маалыматтарды колдонуу ТЭНди (техникалык-экономикалык негиздеме) даярдоо жана долбоордун наркына инженердик баа берүү стадиясында иштин көлөмүн эсептөөдө бурмалоолорго алып келди. Эң татаал аймактарга убактылуу жолдорду куруу башталгандан кийин гана деталдуу топографиялык изилдөөгө мүмкүнчүлүк болду.

Экинчиден, долбоор жакынкы убакка чейин инфраструктурасы, анын ичинде кирүү жолдору, электр тармактары жана коммуникациялары жок болгон өлкөнүн алыскы аймактарында ишке ашырылууда. Иштин негизги бөлүгүн нөлдөн баштап, рельефтери бийик тоолордун экстремалдуу шарттарында жасалды. Курулуш объектилерине кирүүнү камсыз кылуу үчүн көп сандагы көпүрөлөрдү жана убактылуу жолдорду — жалпысынан 200 чакырымдан ашык куруу керек болду.

Үчүнчү себеп: аз изилденген аймактарда, анын ичинде Жумгал (2-фаза) жана Тогуз-Торо (1-фаза, Көк-Арт ашуусу) аймактарында курулуштар жогорку тобокелдиктердин болушун билдирет. Тактап айтканда, курулуштун жүрүшүндө биз күтүлбөгөн факторлорго туш болдук, мисалы, сел, жер көчкү сыяктуу кырсыктар кошумча чыгымдарга алып келди.

Төртүнчү себеп, тоннелдин курулушунун кечеңдеши болду – татаал геологиялык жана гидрологиялык шарттардан улам казуу иштери бир топ кыйындады. Тоннелдин курулушу 2015-жылы порталдарга техникалык жол салынгандан кийин башталган. Алдын ала долбоор боюнча 200-250 метр жерди казып, казгандан кийин топурак катуу, таштак болот деп болжолдонгон, бирок чындыгында 1000 метр казса да топурак жумшак бойдон калган. Бул жер катуу болсо, жумуш күнүгө эки тараптан беш-алты метрден жылып кетмек, бирок жер жумшак болгондуктан подрядчылар эки тарапка бир метрден басууга аргасыз болуп, Фаза-1 курулуштун убактысы узарып кетти.

Мындан тышкары, кыш мезгилинде, болжол менен ноябрдан апрелге чейин кар көчкүлөрдөн улам кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаралып, курулуш иштерин токтотуп жаттык. COVID-19 менен болгон кырдаал да өзүнүн оңдоп-түзөөлөрүн киргизди — ал кезде подрядчылар керектүү курулуш техникасын, курулуш материалдарын жана жумушчуларды объекттерге толук мобилизациялай алышкан жок.

— Баткен жана Ош облустарынын транспорттук-логистикалык потенциалын ачып берген дагы бир маанилүү инфраструктуралык долбоор – бул Ош — Баткен — Раззаков автожолунун курулушу. Транспорт министрлиги бул жолду качан бүтүрүүнү пландап жатат?

— Бул жол боюнча иштер 2023-жылдын март айында башталган, биз долбоорду 2024-жылдын сентябрына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз.

Белгилей кетсек, Ош — Баткен — Раззаков автожолун реабилитациялоо өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, "мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси менен каржыланууда.

Учурда жолдун эки участогуна асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө иштери аяктап, 2024-жылы бул каттамга асфальт-бетондун экинчи катмарын төшөйбүз деп жатабыз.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, биз 2023-жылдын август айынын аягына чейин 12.5 чакырымдан ашык тилкеге ​​асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө иштерин ийгиликтүү аяктап, жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу жол белгилерин түшүрүп, керектүү жол белгилерин орноттук. Бул долбоорго ошондой эле 550 метр асфальт-бетон төшөлүүчү эки көпүрө боюнча иштер да камтылган.

Учурда жолдун экинчи тилкесинде жол куруучулар көпүрөлөрдү демонтаждап, эки тилкеде жол жээктерин профилдештирип, карьерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, дренаждык түтүктөрдү орнотуу жана пандустарга асфальт-бетон төшөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордо каралган калган иштер топографиялык жана башка иш-чаралар аяктагандан жана консультанттар долбоордук документацияны бекиткенден кийин дароо башталат.

— Эми Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдун тагдырына токтолсок. Жолдун жакында эле оңдолгон тилкелери бүгүн жаңыланууда. Бул эмне менен байланыштуу?

— Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун "Риом" автобазарынан Кара-Балта шаарына чейинки узундугу 45.1 км болгон негизги бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштери 2017-жылдын апрель айында башталып, 2021-жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүлгөн. Андан кийин, келишимдин шарттарына ылайык, аныкталган кемчиликтерди оңдоо үчүн подрядчыга жоопкерчилик мөөнөтү берилген, ал бир жылдын ичинде аны жоюуга тийиш болгон. Бирок Транспорт министрлигинин жана "Темелсу" консалтинг компаниясынын адистери долбоордун объектин текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, ведомство кемчиликтерди 2023-жылдын август айынын аягына чейин узартууну чечти.

Сиз туура белгилегендей, орун алган кемчиликтерди четтетүү максатында бүткөрүлгөн участоктордо курулуш иштеринин айрым түрлөрү жүргүзүлдү. Мындан тышкары, кемчиликтерди оңдоого кеткен бардык чыгымдарды подрядчы өзү көтөрдү.

Ошондой эле негизги участок боюнча долбоорду ишке ашырууда акча үнөмдөлүп, ал Бишкек — Кара-Балта автожолунун Киркомстромдон "Риом" автобазарына чейинки 7.4 чакырымындагы жолду реконструкциялоого жумшалды. Жолдун бул бөлүгүндө 2020-жылдын июнь айында башталган иштер 2022-жылдын ноябрь айында аяктаган. Учурда кошумча тилке боюнча долбоордо каралган бардык иштер аяктап, 2024-жылдын февраль айында бүтө турган кемчиликтерди жоюу мөөнөтүндөгү иштер жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундардын жана бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен трасса дагы жакшыртылууда.

Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын элинен курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранам, анткени алар бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

— Региондук жана эл аралык маанидеги автожолдор тууралуу айтсак, курулушу финалга жакындап калган Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун эске салбай коюуга болбойт. Долбоордун акыркы баасы жана качан ишке кирээри тууралуу айтып берсеңиз?

— Эсиңиздерде болсо, 2015-жылы өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча долбоордун жеңүүчүсү деп "Циндао жол жана көпүрө корпорациясы "Лонг Хай Роуд" ЖЧКсынын КРдагы өкүлү табылган.

Трассанын курулушуна республикалык бюджеттен 6 млрд 803 млн сом каралган. Долбоор ишке киргенден баштап бүгүнкү күнгө чейин долбоорду ишке ашырууга 5 млрд 322 млн сом бөлүндү. Аткарылган иштердин көлөмү сентябрь айына карата 5 млрд 325 млн сомго бааланган. Подрядчы менен келишим боюнча каржылоонун калдыгы 1 млрд 481 млн сомду түзөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, трассанын 100 чакырымына 9 сантиметрлик төмөнкү асфальт-бетон катмарын төшөө иштери аяктап, дагы 4 чакырымын төшөө иштери калды. Мындан тышкары, подрядчы 81 км участоктун үстүнкү 6 см катмарын төшөп бүттү, долбоор аяктаганга чейин дагы 23 км төшөлөт.

Быйылкы жылы трассанын 5-10 чакырымына асфальт-бетондун үстүнкү катмарын, ошондой эле 10 чакырымдан 23 чакырымга чейинки тилкеге ​​тротуардын астыңкы катмарын төшөөнү аяктоо пландалууда. Долбоорду аяктоо 2024-жылдын декабрына пландаштырылган.

— Жакында Кыргызстан менен Казакстан Алматы – Чолпон-Ата жолун куруунун маршруту боюнча макулдашканы белгилүү болду. Бул долбоор боюнча иш башталдыбы?

— ЦАРЭС программасынын алкагында тараптар эки шаарды биргелешип өнүктүрүү максатында Алматы – Бишкек (АБЕК) пилоттук экономикалык коридорун түзүү боюнча иштерди баштады. Долбоорду ишке ашыруу жол жүрүү убактысын кыскартуу аркылуу Бишкек менен Алматынын ортосундагы "экономикалык аралыкты" кыскартат, ошондой эле кызматтардын жана продукциянын ар кандай түрлөрү үчүн бирдиктүү атаандаштык рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Биргелешкен өнүгүү аспектилеринин бири туристтик кызмат көрсөтүүлөр сектору болуп саналат, ал эми жакшы транспорттук тармагы аймактагы бул тармакты өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүнүн бири болот. АБЭК программасы маанилүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде альтернативдик Алматы – Ысык-Көл автожолун курууну карайт. Демилге бизге өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга, анын ичинде Алматы шаары менен Ысык-Көлдүн ортосундагы жол жүрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Учурда Азия Өнүктүрүү Банкы ЦАРЭС программасынын жана АБЭК демилгесинин катчылыгы болуп, Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун долбоорун укуктук скринингден, алдын ала техникалык жана финансылык баалоодон өткөрүүнү аяктады. АБЭКтин демилгелерин ишке ашыруу үчүн КР менен Казакстандын ортосунда транспортту жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча подкомитет жана жумушчу топ түзүлдү.

АӨБ Алматы  – Ысык-Көл альтернативдик жолунун бир нече маршруттарын карап чыгып, болжолдуу техникалык талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында долбоорду эң арзан Алматы – Узунагаш  – Новый Кастек маршруту боюнча ишке ашыруу сунушу келип, эки тарап макул болгон.

Бүгүнкү күндө бул долбоор боюнча иштер уланууда. Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Казакстан менен Кыргызстандын өкүлдөрү биргелешип курулушу болжолдонгон жерге барып, жумушчу топтун жыйынын өткөрүшкөн. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары долбоордун коммерциялык натыйжалуулугун камсыздоонун техникалык жана финансылык механизмдерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аны каржылоонун жана ишке ашыруунун акыркы механизмдерин иштеп чыккандан кийин долбоордун үстүндө иштөөнү улантуу жөнүндө биргелешкен протокол түзүштү.


Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри менен болгон эксклюзивдүү маектин экинчи бөлүгүндө Тилек Текебаев окурмандар менен темир жол куруу боюнча пландары менен бөлүшөт, ошондой эле ведомстводогу коррупцияга каршы күрөш жана Транспорт министрлиги киргизген келечекте колдонуу пландаштырылган инновациялар тууралуу сөз болот.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости