Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Назира Абдиева
Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулун маекке тарттык. Ал ИШКЕР MEDIAга кызыктуу маек куруп, жалпы эле Кыргызстандагы бизнестин абалы, аймактар менен борбордун ажырымы, жалпы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

— ЖИАга качан жетекчи болуп келдиңиз жана келгенде кандай көйгөйлөрдү байкадыңыз?

— ЖИАнын Кыргызстан боюнча аткаруучу директору болуп 2022-жылы июль айында келдим. Ага чейин Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто ЖИАнын филиалдарында иштедим. Бишкекте иштеп жүрүп, ЖалалАбад менен Ошко которулганда борбор менен региондун ортосундагы ажырым өтө чоң экенин байкадым жана бул мамлекеттик кызматкерлердин, ишкерлердин, жалпы жарандардын иш алпаруусунда, өнүгүүсүндө байкалат. Бишкек өзүнчө бир ааламда жашаса, региондор такыр башка ааламда. Мисалы, экинчи борбор деп эсептеген Ош шаары, кийинки Жалал-Абад Бишкектен өтө артта калбаш керек болчу, бирок ажырым чоң болуп калган.

Бул ошол эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө дагы байкалат, аймактагы муниципалдык кызматкерлер чечим чыгаргандан, жоопкерчиликти алгандан, демилге көтөргөндөн чочулашат. Эң негизгиси, мамлекет жарандарга, ишкерлерге кызмат көрсөтүш керек да, мисалы, курулуш тармагын алсак, Жалал-Абаддагы ишкерлер кээ бир уруксат кагазын алуу үчүн Бишкекке келишет. Борборго келгенде жумалап, кезек күтүп жүрүп, жумушун бүтүрүшөт.

Кээде болсо, облустук администрация, мэриялар жоопкерчилик албагандыктан борборго келүүгө мажбур болушат. Эмнеге жоопкерчилик алышпайт? Биринчиден, коркушат, компетенцияда маселе бар, үчүнчүдөн, борбор аймактар менен эсептешпейт, жөн гана көрсөтмө беришет, буйрук түшөт. Бул кечээ эле пайда болгон нерсе эмес, көп жылдан бери чогулган көйгөй.

2021-жылы Жаңы салык кодекси кабыл алынды, ошол учурда мен Ошто иштечүмүн. Ал жерде облустук, райондук Салык кызматтары бар, бирок ал Ош шаарында бир дагы жолу көтөрүлгөн жок. Аймактарда эң активдүү иш алпарган ассоциация — бул ЖИА. Бирок алар биз менен эч кандай кеңешкен жок, пикирибизди да угушкан жок, ишкерлерди да чогулткан жок. 2021-жылы Салык кодекси кабыл алынды, бирок бир жыл иштебеди. Ошондо айла жоктон биз ишкерлер менен чыгып пресс-конференция бердик. Өзгөчө HoReCa тармагына салык чендери Бишкектин шартын эске алып туруп эле өтө жогору коюлуп калды. Бул борборго карап кабыл алынган мыйзам Ошко эле эмес, башка облустарга такыр эле туура келбейт болчу. Бир жыл чуркагандан кийин 2022-жылы кайрадан өзгөрүлдү. Бул деген сөз — булардын баары регион менен эсептешпей туруп, баары Бишкекте кабыл алынып жатат дегенди билдирет.

Ооба, депутаттар көтөргөн анча-мынча көйгөйлөр алар ошол жактан чыккан үчүн болушу мүмкүн. Бирок ишкердикти айта турган болсок, Кыргызстанда расмий түрдө 160 бизнес-ассоциация бар, андан 70-80ни активдүү болсо, анын 90% Бишкекте. Ошол ассоциациялар бардык мамлекеттик органдар менен иштешет, ушул учурда региондор эске алынбай калат. ЖИАнын өзгөчөлүктөрүнүн бири — башка аймактарда дагы кеңселеринин болгондугу, ишкерлерибиз бар экени биз үчүн сыймык, бирок ошол эле кезде жоопкерчилик дагы бар. Анткени ошол эле эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар болсун аймактарга тиешелүү маселелерди бизден сурашат, сураган учурда, анда дагы колубузда даяр аналитика, эксперттик материалдар болбогондугуна байланыштуу кээде туура эмес пикир берип же кээде жеткире албай калышыбыз мүмкүн. Экинчи жагынан, биздин дагы ресурстарыбыз чектелүү болгондуктан, ал жактагы көйгөйлөрдү толук кандуу көтөрө албай калабыз.

— Региондогу ишкерлердин эң чоң көйгөйү кайсы?

— Аймактарда көйгөйлөр баары бирдей эле, бирок Бишкектен өзгөчөлөнөт.

Биринчи көйгөй бул маалыматтын жетишсиздиги. Чет өлкөдөн келген делегациялар өткөргөн жыйындар, форумдар Бишкекте өтөт. Финансылык институттардын дээрлик баардыгы Бишкекте. Аймак борбордон канча алыс болсо, маалыматтан да ошончо алыс.

Экинчи көйгөй бул каржылоо маселеси. Аймакта бизнес жасоо — бул эрдик. Анткени логистика, байланыш, уруксат кагаздары дагы оңой эмес. Ошолордон ашып бизнес жасап жатышканы — бул мактай турган көрүнүш. Жеңилдетилген насыялар мамлекет тарабынан каралып жатат, бирок ишкерлерге жетиши кыйын. Бир мисал айтайын, пандемия жылы мамлекет ишкерлерге жеңилдетилген насыя берген, Ош шаары боюнча эки эле ишкер алды, анткени шаарга бөлүнгөн акча түгөнүп калган. Бул бери дегенде 50%га чыгыш керек, ошондо ишкерлер каржы маселесин көп ойлонбой тобокелчиликти көбүрөөк алып, бизнеске киришет.

Үчүнчү көйгөй — бул адистердин жетишсиздиги. Аймактарда жумушсуз жарандар көп, бирок компетенттүү кадрлар аз. Мисалы, Бишкекте окуган студент менен Ошто окуган студенттин, Оштогу менен Жалал-Абаддагы студенттин айырмасы бар. Бишкектегилердин амбициялары чоң, билими да жакшы. Бул барган сайын ар бир региондо өзгөрүп отурат. Күчтүү кадр, билимдүү адамдар борборго качышат. Ичке профилдеги, техникалык тармактардагы адистердин жетишсиздиги аймактарда өтө курч турат.

Биздеги көйгөй — аймак менен борбордун ортосунда кандай ажырым болсо, мамлекет менен жарандардын ортосундагы ажырым да ошончолук. Бизде жөнөкөй эле жаран эмес, ишкер деле кандайдыр бир көйгөйү болсо, ошого бир чечим сурап мамлекеттик органга кайрылыштан тартынат, чочулайт. Бир көйгөйдү барып айтсаң, алар экинчисин чукуп чыгып баса калат деген түшүнүк калыптанып калган. Бул жөн гана калыптанып калган жок да, тилекке каршы, реалдуулук ошондой. Тагыраак айтканда, биздин жарандар, ишкерлер мамлекеттик органдарга барып чечим сурап, ал маселе чечилсе тенденция өзгөрөт.

Төртүнчү көйгөй — бул ишкерлердин өздөрүнүн компетенциясынын жетишсиздиги. Изденбегендиги, акыркы технологияларды колдоно албагандыгы да ошонун ичине кирет. Бул жалпы көйгөй.

Кыргызстанда бизнес жүргүзгөндөр — көпчүлүгү айласыздан бизнес жасагандар. Айласыздан акча табыш үчүн баштап, ал кийин бизнес болуп, иши жүрүп кеткен. Бирок бардык нерсенин өзүнүн этабы бар эмеспи. Ишкер башында жалгыз иштей берет, кийин ишканасында эки-үч адам болот, ал эми беш-алты кызматкерди жумушка алгандан кийин ал жумушчулар менен өзүнчө иштеп, аларды окутуп, квалификациясын жогорулатып туруш керек, андан тышкары, документация, отчеттуулук деген бар. Компания чоңойгон сайын көйгөйлөр да көбөйөт. Анан ошол жерге жеткенде ишкер өсө албай калат. Ошол учурда ага кошумча билим керек. Бизнес жүргүзүү боюнча билим берилген эмес да. Кээ бирлери окуп кетишет, кээ бирлери процесстен чыга албай калышат. Жеке ишкер ал өзү директор, өзү бухгалтер, өзү кассир, өзү жүк ташуучу, өзү сатуучу. Ошолордун баарын аркалап жатып, процесстен чыга албай калат. Бул жашоосунун бир бөлүгүнө айланып калган. Эч кимге ишенбейт, таштап кое албайт, ишенген кадр жок, андай кадрды чыгарууга убакыт талап кылынат. Ошентип натыйжада ишканасы өсө албай туруп калат. Ишкерлердин өзүндө да көйгөй бар.

Бул маселени кантип чечсе болот дегенде, ишкерлерди окутуудан өткөрүш керек, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүш керек. Региондордо ЖИАны тааныгандар көп, тааныбагандар андан да көп. Демек, мүмкүнчүлүк болсо башка ассоциациялар ачылып, алар дагы өнүгүп, ишкерлерди окутууга жардамдашыш керек. Ошондо биринчиден, атаандаштык пайда болот, экинчиден, биз толугу менен рынокту камтыйбыз. Мындай бир кызык статистика бар, Кыргызстандагы ишкерлердин 12%ы гана ассоцияцияларга мүчө экен. Кээ бир ишкерлерде мамлекетке салыш төлөш керек деген түшүнүк да жок, биз аларды салыкты туура төлөөгө үйрөтөбүз, үгүттөйбүз.

— Сиздерде кайсы аймактан мүчөлөр көп?

— Эң көп мүчөбүз Бишкекте — 400дөн ашык. Андан кийин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын. ЖИАнын бардык аймактарда ачылып, өнүгүп кеткенинин бизге көз каранды болбогон бир фактору бар — ар бир облуста ишкерлер өздөрү чогулуп, ассоциация түзөлү деген демилге көтөрүп чыкканда, биздин кеңсебиз ачылып, иштеп кеткен. 2016-жылы Баткенде ишкерлер демилге көтөрүп чыгышты, биз Бишкектен бир кадр жөнөткөнбүз, ошону менен алар түптөп кетишти. Азыр Баткенде эки кеңсе иштеп жатат.

— Айтсаңыз, бизнесте кайсы тармак жакшы өнүгүп жатат? Облустар боюнча токтолуп кетсеңиз.

— Баткенде соода тармагы жакшы өнүгүп жатат. Тоо-кен тармагында анча-мынча өндүрүш бар, көмүр кени бар, бирок тилекке, каршы чоң өндүрүш аз. Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкендиктен соода тармагы басымдуулук кылат. Экинчи, кафе-ресторан сыяктуу тейлөө тармагы жана акыркы убакта туризм тармагы да активдешүүдө. 2017-жылы Өзбекстан менен чек ара ачылгандан тартып, кирген-чыккан туристтердин агымы көбөйдү. Кадамжай аркылуу Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлгө чейин келип жаткандар бар. Бул жаңы тармак, ошонун таасири астында туристтерге ылайыктуу кофейнялар, мейманкаланалар ачыла баштады. Кызыл-Кыя, Кадамжайда курулуш бар. Калган райондорунда айыл-чарба тармагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Жалал-Абадды болсо айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш багытында жакшы өнүгүп жаткан облус десек болот. Аксы, Ала-Букада кара өрүк, бал өндүрүү жакшы чыгат. Ал жакта кургатылган жемиштерди, жаңгак, кара өрүк, пахтаны экспортко чыгаруу боюнча потенциалы жакшы.

— Пахтаны каякка экспорттошот?

— Түркияга. Акыркы убакта Бангладештен кызыгып жатышат. Андан сырткары, ал жакта да туризм жакшы өнүгүп жатат. Башка облустардай эле соода, тейлөө тармагы өнүгүп жатат, курулуш тармагы боюнча Оштон кийинки эле орунда турат.

Курулуш — бул мультипликативдүү таасир алып келген тармак экен, өзү менен кошо бир канча тармакты өнүктүрүп кетет. Курулуш болгон жерде курулуш материалдарын — кирпич, цемент сыяктууларды чыгарган заводдор ачылат, аларды тейлеген тармактар да чыгат. Бул менен кошо ал жерге башка ишкерлер да чогулуп, кафе-ресторандар ачылат. Өзгөчө кыргыздарда биринчи кезекте үй-жайлуу болгубуз келет эмеспи, ошондуктан суроо-талапка ээ тармак.

Ош Жалал-Абадга салыштырмалуу шаар катары жакшы өнүккөн. Курулуш тармагы өтө активдүү жүрүп жатат. Акыркы убакта Өзбекстан менен эки тараптуу ишканаларды ачып, кызматташып жатканы жакшы көрүнүш. Бирок кээде мамлекет белгилүү бир тармактарды өзгөчө белгилеп туруп, аларды коргошу керектиги байкалат. Мисалы, учурда кондитер азыктары түштүк региондорго өтө көп кирип жатат. Контрабанда жолу менен киргендери рынокту ээлеп калууда. Бул биздин өндүрүштү токтотуп жатат. Мисалы, мамлекет даяр продукцияны киргизбей чийки затка уруксат берсе болот, кайра Кыргызстандан чийки зат чыгарбай, даяр продукция гана чыгарууга боло турган кылса болот. Ошол эле өрүктү кургатып эле сатып жибербей, жок дегенде таңгактап, товардык өң берип, же андан азыктарды жасап сатсак анын наркы өсмөк.

Мамлекет чектен чыгып жаткан жактарга чек коюп, өнүгүп жатканына колдоо берип, артта калып жаткандарына жеңилдик берип, акча тартыш болгон тармагына каржылык колдоо берип турса сонун болмок.

ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу менен маектин экинчи бөлүгүндө мамлекет бизнес жасабай, тескерисинче, жеке секторго шартты кантип түзүп бериши керектиги, потенциалы болуп, бирок биз толук кандуу иштете албай жаткан тармактар тууралуу сөз кылабыз.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости