Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Kyrgyz Handmade деп чыккан көз жоосун алган шырдактарды, улуттук буюмдарды алгач сайтынан көрүп суктанып жүрдүк. Анткени сапаты, кооздугу, оймолору чынында эле адамды көңүл кош калтырбайт. Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деп продукциясын эл аралык рынокко чыгарып келген бул бизнестин негиздөөчүсү Мансур Абылаевди ИШКЕР MEDIA маекке тартты.

— Ишканаңызды, чайханаңызды, чыгарган улуттук буюмдарыңыздарды көрүп, аябай таасирлендим. Сапаттуу, кооз жасалат экен. Ушул бизнестин негиздөөчүсү катары маекти сизден баштасак, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Мен Бишкекте төрөлдүм. Орто мектепти аяктаган соң Улуттук университетте Европа факультетинде эки жыл окуган соң жолдомо алып, Францияга кеттим. Докторлук программаны Швецияда окудум. Жалпысынан он жылдан ашык Еропада жүрүп калдым. Кыргызстанга толугу менен 2014-жылы кайтып келдим. Анын ортосунда КРга келип кетип 5 жыл Жогорку Кеңеште эксперт, 11 жыл Улуттук Университетте мугалим болуп иштеп калдым.

— Мамлекеттик кызматтан бизнеске өтүп кетишиңизге эмне себеп болду?

— Европада Кыргызстанга пайдам тийсе деген тилекте экономика тармагын окудум. Бирок мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, жеке ишкер болсом мамлекетке көбүрөөк пайдам тийиши мүмкүн экенин түшүндүм. Анткени мен иштеген позицияда эксперт катары чечим кабыл албай, сунуштама, консультация берчүмүн. Туура жолу мындай болуш керек деген өзүбүздүн эксперттик тыянагыбызды чыгарып сунуштаган учурда деле, көп учурда башкача чечимдер чыгып калчу. Анан же мамлекетке пайдасы жок же өзүмө пайдам жок эле убактымды коротуп жүргөндөй болуп жүрүп, ишкердикке кетип калдым.

— Эмнеден баштадыңыз ишкердикти?

— Биз туроператор катары чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга алып келип баштадык. Тажрыйба жок, эч нерсе жок эле ишкерликке алгачкы кадам койдук. Кийинчерек ташкордону бышырып жеткирүү, "Байбол" чайханасынын ачылышы сыяктуу башка долбоорлор менен иштедик.

— Чайхананы ачкан соң кол өнөрчүлүккө өттүңүздөрбү?

— Негизи туроператор боюнча калып эле иштемекпиз, 2020-жылы пандемия болуп калганда туристтердин агымы токтоп, чайхана жабылып калды. Ташкордону да эч ким буюртма бербей калды, анткени он кишиден көп чогулбай калды да, бир кой толук желбей калды. Кол өнөрчүлүк ал долбоорлордун баарын паузага койгондон кийин жаралып чыккан иш болгон.

— Эмне үчүн кол өнөрчүлүк тармагын тандадыңыз? Сиз бул бизнеске келип калганыңызды чет өлкөдө жүрүп, мекенди сагынуу менен бирге патриоттук сезимдер менен байланыштырса болобу?

— Бул тармакка эмнеге келип калганымды өтө деле көп анализ кылган эмесмин. Кокустан келип калсам керек, бирок кокустуктар да кокустан эмес дегендей Кудайдын буйругу болсо керек. Чоң апам айылдын чебери эле, ошол курактарды, ала кийиз жасап жатканда карап жүрчүмүн. Кичине кезимде жакын көрчүмүн, мүмкүн ошол жактандыр. Кыргызстанды сыртка таанытсам деген кыял бардык кыргыздын эле канында болуш керек.

Пандемия учурунда туристтер токтоп калганда ЦУМдагы улуттук буюмдарды жасаган кол өнөрчүлөрдүн баары кыйын учурда калышты, ошол жактан алып сатып берип жүрүп, кийин өзүбүз чыгара баштадык. Негизи эле үй-бүлөбүз кол өнөрчүлүккө, улуттук, салттуу билимдерге жакын.

— Демек, чыгарганда эле чет элдиктерге сатабыз деген максатта баштаган турбайсыздарбы.

— Ооба. Мурда туроператор болуп жүргөндө чет өлкөлүктөргө тейлөө кызматын көрсөтчүбүз да. Кийин ошол эле кардарларга продукция сунуштай баштадык.

Негизинен чет элдиктер кол өнөрчүлүктү абдан баалашат. Биз фабрикадан жасалдыбы же колдонбу, көп маани бербейбиз. Алар колго жасалганды уникалдуу деп өтө баалуу нерсе катары көрүшөт. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай экен, мисалы, боз үйдөгү ар бир буюм колго жасалат. Ал кылымдан-кылымга өтүп азыркы убакка чейин келген. Анын ичинен кийиз, жыгач жана булгаары менен иштеген ар кандай ыкмалар кыргызга эле таандык, уникалдуу. Кол өнөрчүлүк көп жерлерде окшош болуп кездешет, мисалы, терменин түрлөрү Балтика жактарда, Түштүк Америкада бар. Кээ бир ыкмалар болсо жалаң кыргызга эле таандык болгон.

— Өзүңүз шаарда өссөңүз, Европада көп жыл жүрсөңүз, кыргыздардын каада-салтын кайрадан окуп чыктыңызбы, бул эми кантсе да үрп-адатка байланышкан бизнес болуп жатпайбы.

— Бул акча алып келе турган долбоор болгондуктан дагы деле изилдеп жүрөбүз. Мурда кандай ыкмалар колдонулчу, аларды жандандырсак болобу деген суроолор менен изденип келебиз. Бул узак жумуш экен, башын сайып изилдеген илимпоздор дагы түбүнө жете элек болуш керек. Кол өнөрчүлүк боюнча атайын илимий изилдөөлөр бар экен.

— Чыгарган продукцияңыздарды кайсы жактарга коесуздар жана буюртма кайсы жактан көбүрөөк түшөт? Логистика жагы кандай, кымбат болуп продукциянын баасын көтөрүп салбайбы?

— Көбүнчө интернет аркылуу сатабыз. Сайттан, соцтармактардан биздин эле жарандар эмес, башка жактагылар да көрө турган кылууга аракеттенебиз. Linkedin, Pinterest сыяктуу түйүндөргө чыгарабыз. Так маалымат жок, бирок көбүнчө Европа, Америкадан буюртма кылышат, кээде Казакстандан.

Бизден чоңураак буюм ала турган болсо, анын дагы жарым баасындай жеткирүүгө кошулат. 300 долларга бир буюмду алышса, 150 доллар жеткирүүгө төлөнөт. Эгерде альтернативдүү жеткирүү жолдору болсо, соода кыйла жеңилдемек.

— Ассортименттериңиздер кандай жана орточо размердеги шырдактын өздүк наркын айтып берсеңиз.

— Көбүнчө шырдак, жаздыкчалар, сандык, пано жана башка буюмдарды жасайбыз. Ал эми сыртка чыккан бир шырдактын баасын 1 чарчы аянтын 10 миң сом деп баалайбыз. Базар баасы 5 миң сом дей турган болсок, продукциянын өзүнүн турган наркы базар баасынан жогору.

— Ишканаңызда канча адам иштейт?

— Бишкектеги өндүрүштө төрт киши иштейт. Бул жерде көбүнчө кесип, оюларды түшүрүп, дизайн менен алектенебиз. Негизинен айыл жергесинен жасатабыз. Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдөгү айылдардан 70тей чебер менен кызматташабыз. Бизде иштегендердин баары бизде окуп кетишет, шырдакчы дегендердин баарына эле буюртма бере бербейбиз. Сапатын жакшы кармаш үчүн бул жака чакырып, квалификациясын көтөрүп, 2-3 күн мастер-класс өтөбүз. Анда шыруунун оңой ыкмаларын көрсөтөбүз, биздин талаптарды айтабыз. Башында кичине буюмдардан бере баштайбыз. Сапатына абдан көңүл бурабыз. Башында бир буюмду баштан аяк эле бир адамга берип койсок, кийин жарымына келгенде контрол кылганга өттүк, анткени бир ай жасаган жумушту кайра сөккүң келбейт, ага убакыт да керек болот.

— Чийки затты, жүндү же кийизди, жиптерди кайдан аласыздар? Мындай породадагы койдун жүнү керек деген бир чектөөлөр барбы?

— Алардын баарын өнөктөштөрүбүздөн даяр алабыз. Мурда боечубуз, кийин аны башкаларга бердик, специализациябызды ичкерттик.

Кийиз жасаган технологдор бар. Жалаң меринос кылып койсо да ал түлөп кетет экен, өтө кылчык болсо да урунууга ыңгайсыз болуп калат экен, ошого өздөрүнүн пропорциясы менен эки-үч сортко бөлүп чыгарышып, кайсы жерине кандай керек болсо, ошого жараша алышат.

— Бул канчалык кирешелүү бизнес?

— Кирешеси жакшы эле. Азыр жетишпей жатабыз, өсүп жаткан кезибиз, Жаңы Жылга чейин өндүрүшүбүздү эки-үч эсеге көбөйткөнгө аракет кылабыз. Негизи шырдак жасоо чоң мээнетти талап кылат, чоңураак шырдак жасоо үчүн 2-3 адам 2-3 айдай отуруш керек.

— Чеберлериңиз айына канчадан маяна алышат? Бул бизнестин кандай татаал жагы бар?

— Ар кандай. Көп нерселерди алардын өндүрүмдүүлүгүнө байлаганга аракет кылганбыз.

Татаал жагы — бул продукт чет өлкөдө белгисиз болгону. Продуктту алыска түшүндүрүп, жеткирип берүү кыйын. Быйыл Америкада өткөн жарманкеге барып катышып келдик. Кыргызстанды билгендер аябай аз, анан ушундай шырдак бар экенин билгендер андан да аз. Экинчи жагынан өндүрүш болбогондуктан тез арада чоңойтуп кетүү кыйын. Жалпысынан алганда ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыктары бар эмеспи, бирок аны бир тапшырма катары карайбыз.

— Баса, бул бизнести канча каражат менен баштадыңыз, бүгүнкү күнгө чейин канча акча салдыңыз?

— Handmade долбоор бул нөлдөн башталган, эч кандай акча салынбаган. пандемия башталардын алдын өзүбүздүн каражаттарыбызды туризм тармагына салган элек. Европадагы бир жарманкеге катышабыз деп чакан кредит алган болчубуз, бирок ковид башталып кетип, бул бизнес минустан башталып калган. Башында шырдактарды башкалардан алып, сүрөткө тартып, маркетплейстерге чыгарып жүрдүк. Кийинчерек реинвестициялар болуп жүрдү.

— Мамлекет тараптан ушул тармакка кандай колдоо болсо жакшы болмок?

— Ал жакта экономикалык чоң саясат бар, көп иш алпарыш керек. Алыс кетпей эле казак туугандарды тартсак жакшы болмок. Алардын "Атамекен" деген мамлекеттик бизнес-инкубатору бар. Ишкерлер жаңы ишкана ачып жатканда ишкерлерди тейлөө борборлоруна барышат, ал жактан бекер консультация алышат, аларга бизнес план түзгөнгө, инвесторлорду, өнөктөштөрдү табууга жардам берип, сунуштарын айтат. Башка мамлекеттерде деле Соода өнөр-жай палатасы дагы ошентип иштейт. Бизнести каттайм деп барганда эле алар "кайсы тармакта жасайсыңар, бизден жардам керекпи?" деп сурашат. Ишкерлерге арналган маркетинг же дагы башка атайын темаларда бекер окуулар өтөт. Сүзө албаган баланы сууга ыргытып койгондой кылбай, ага биринчи учурларда сүзгөнгө көмөктөшүшөт. Мүмкүн, бизде да келечекте болуп калаттыр, бирок бул дагы ресурстарды талап кылчу нерсе. Азыр эми ишкерлер өзүбүз айткандай, мамлекет жардам бербесе да, жок дегенде тоскоол болбосун деген позициядабыз.

Кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгү ишкерликке жакын окшойт. Бир жолу Швециядан эки профессор менен чогуу келгенбиз, аларды аябай кыдыртып жүрдүк.

Ошондо профессорлордун бирөөсү: "Мансур, мен кыргыздарга абдан баа бердим, силерде бир өзгөчөлүк бар экен. Оокатыңар өтпөй калса же таза эле эч нерсе кыла албай калсаңар, көчөгө чыгып, тамекини бир даанадан сатып болсо да оокат кылып кетет экенсиңер. Европадагыларга андай ой дагы келбейт. Силер болсо шартка жараша аябай бат ыңгайлашып кете турган жөндөмүңөр бар экен", - деди.

Акыркы убакта мамлекеттин ишкерлерге түздөн-түз жардамы болбой, баарына бирдей шарт түзүп бербегендиктен ишкерлер өздөрү менен өздөрү болуп, ишкерликти үйрөнүп, бышып калышты. Азыр жоктон бар кылып, жаңы баштап жаткан жаш ишкерлер бар, ресурстары болбосо да ошонун базасында жасап кетип жатышат. Ошол ишкерлерди турукташкан, нормалдуу сферага алпара турган болсок, алардын шанстары көбүрөөк болмок. Америкада кыргыз жарандары жакшы бизнес ачып, миллионер болуп жатышат, анткени ал жакта шарт жакшы.

— Европадагы жана биздеги банк системаларынын ишкерлер менен иштешүүсүн салыштырып айтсаңыз?

— Банк системасы Кыргызстанда 2000-жылдан бери өнүгүп келе жатат. Акыркы 3-5 жылда эле карта төлөмдөрү менен активдүү иштеше башташты. Салыштыра турган болсок, кредиттерибиз кымбат. Европа менен салыштырсак, ал жакта терс кредит деген бар, банктан акча алып иштеткениң үчүн банк сага кайра төлөп берет. Бизнеске болсо узак мөөнөткө 1%дан 5%га чейин берет. Ал жакта жөнөкөй жаран, студент банкка барып эч кандай тоскоолдугу жок эле 10 миң доллар кредитти оңой эле алат, ага жараша ар бир жарандын кредиттик тарыхы болот. Бизде кредит ала турган болсоң чоң тоскоолдуктар бар, күрөө коюу зарыл, кепилдеген бирөө болуш керек, толгон-токой документтерди чогултуш керек. Финансы ресурстары жеткиликтүү болсо бизнесте дагы ийкемдүүлүк болот. Мисалы, бир көйгөй жаралып келе жатканда аны акча менен чечип койсо болот.

— Сиздин келечекке пландарыңыз кандай?

— Шырдактын тегерегинде дагы башка пландарыбыз бар, ошол менен кошо баратабыз. Акыркы долбоорубуз — кыргыз боз үйү, аны экспортко чыгарууга аракеттенип жатабыз. Бул жерге үлгүсүн тиктик, кардар ичиндегилерин каалаган түстө, каалагандай буюртма бере турган кылып атабыз. Ичинде кышкаганга дагы мүмкүнчүлүк кылып, жылуу пол төшөдүк, быйыл өзүбүз кыштап көрөлү деп жатабыз. 70ке жакын тигүүчүлөрүбүз бизге 70 үй-бүлөдөй, анткени алар эже-сиңдилери менен кошулуп тигишет. Биздин максатыбыз — биз менен иштешкен тигүүчүлөрдүн санын көбөйтүп жүзгө жеткирүү, анткени суроо-талап көп.

— Туристтердин кыргыз буюмдарына болгон кызыгуусу бар экен, ал эми туризм сиздин байкооңузда жакшы эле өнүгүп жатабы?

— Кыргызстандын туризми бул массалык туризм эмес, уникалдуу тур катары өнүгүп келе жаткан өзүнүн жолу бар.

1990-2000-жылдары кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн сакталып калганынын бирден бир себеби — туристтер келип, айыл жергесине барып буюмдарды сатып алып жатканда кишилер "аа, бул өтөт турбайбы" деп улантып жасап калганы болду. Кошунабыз казактар, тилекке каршы, ошонусун жоготуп алышты. Сатып алган эч ким болбогондуктан ал өнөр акырындап жоголду, апалар менен кошо өтүп кеткендей болду. Азыр ошол ыкмаларды жандандырып алсак дегенде казактардын эки көзү төрт.

Өнүгүүгө өбөлгө болуш үчүн кыргыз ишкерлери күчтүү болушу керек. Өзгөчө айыл жергесинде өзүнүн продуктусун же тейлөөсүн сунуштап жатканда сапаттуу кылыш керек. Сапаттуу десе эле биз евроремонтту элестетпешибиз керек, кардарлар эмнени каалап келип жатат, ошону бериш керек. КРга келген турист кыргыздын улуттук баалуулуктарын көрөлү деп келет. Чектеш өлкөлөрдү эске албаганда, Германиядан, Франциядан туристтердин көп келгенин байкадым.

— Сиздерге окшоп эле региондордо кол өнөрчүлүк менен алектенип, бирок эл аралык рынокко чыга албагандар көп да. Ошолорго кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Айыл жергесинде бир апа жакшы бир продукция жасайт, анын чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок өтө аз. Биринчиден тил билип, кардар менен байланыша билиш керек, төлөмдү кабыл алып, продукцияны жеткирип бериш керек. Мына ушул үч нерсени чечсе, бул бизнес иштеп кетет. Бүгүнкү күндө интернет көп мүмкүнчүлүк берип жатат, андыктан алардын уул-кыздары интернетке жакын болуп, тил үйрөнүп, сатууга көмөктөшсө болот.


Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны