Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

ИШКЕР MEDIA аймактардагы чакан бизнести ар дайым колдоп, алардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн чагылдырууну улантат. Бул жолу колго бут кийим тигүү өнөрчүлүгүн өз алдынча үйрөнүп, булгаарыдан сапаттуу бут кийимдерди чыгарып, Ошто өзүнүн "Таазим" деген бренди менен тааныла баштаган жаш ишкер Нурсултан Муратов менен маектештик. — Бут кийим тиккен өнөрдү кантип

Назира Абдиева profile image
by Назира Абдиева
Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

ИШКЕР MEDIA аймактардагы чакан бизнести ар дайым колдоп, алардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн чагылдырууну улантат. Бул жолу колго бут кийим тигүү өнөрчүлүгүн өз алдынча үйрөнүп, булгаарыдан сапаттуу бут кийимдерди чыгарып, Ошто өзүнүн "Таазим" деген бренди менен тааныла баштаган жаш ишкер Нурсултан Муратов менен маектештик.

— Бут кийим тиккен өнөрдү кантип аркалап калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен 30 жаштамын, Таш-Көмүр шаарында төрөлүп өскөнмүн. Бишкекте коледжде билим алган соң Жалал-Абадда банкта, кийин Россияда иштедим. Ал жактан келип, Ошто жашап калдым. 2017-жылдары январь айлары болсо керек эле, үйдө жатып, YouTube каналынан бир орус кишинин бут кийим тигип жаткан видеосун көрүп аябай кызыгып калдым. Бул өнөрчүлүк боюнча орусча жазып издесем көп маалымат чыкпады, анан англисче көрүп баштадым. Россиядагы тааныштарыма булгаары, калыптарды буюртма кылдым. Түркиядагы жездем мага керектүү инструменттерди жөнөттү. Интернеттен конструкциялоо, моделдөө боюнча китеп жүктөп, модель чыгаруу, дизайн боюнча окудум. Ошентип жүрүп өзүмө биринчи бут кийимди тигип көрдүм. Ал азыр деле үйдүн бир жеринде чаңып жатат болуш керек. Андан кийин атама, акелериме, досторума тигип баштадым. Мен "самоучка" болгондуктан ар бир моделди чыгарып жатканда тааныштарыма тигип кийгизип көрөм. Ошентип отуруп көп нерсени практикадан үйрөндүм. Кээ бир суроолорум болгондо Союз учурунда тигип жүргөн усталарга барып консультация алып жүрдүм.

Биринчи эркектердин туфлисин тигип баштадым, колум көнгөндөн кийин айымдардын балеткаларын тигип көрдүм, анткени 3-4 жыл мурда алар актуалдуу болчу. Андан кийин 2 жыл болуп калды, кроссовкиге өтүп кеттим. Биринчиден, ал жайында-кышында деле кийиле берчү күнүмдүк бут кийим. Аны жаштардан баштап, улууларга чейин кие беришет. Анан калса, мен бир нишага киришим керек эле. Бардык түрлөрүн алып кетейин десем, ал үчүн команда керек экен. Жалгыз болгондуктан бир эле багытты тандап алып, ошону автоматташтырылган деңгээлге жеткирейин деп жүрөм.

Чоң бир ишкана болуп, жасаган бут кийимдердин көлөмүн көбөйтүү тууралуу максатым бар. Канча көп адам иштесе, ошончолук чоң көлөм чыкмак. Таңгактаганы жубайым жардамдашканы болбосо, азырынча жалгыз эле иштейм.

— Ар бирин буюртма боюнча тигесизби же көп эле чыгарып коесузбу?

— Башында чыгарып койчу элем, азыр жетишпей жатам. Инстаграм баракчадан көрүп буюртма беришет, анда размери бар болуп калса жөнөтүп коем. Жок болсо, бир жуманын ичинде тигип берем. Баарын даярдап койсом жакшы болмок, кышта сезон бираз начарлаган убакта жазга, жайга даярдап коеюн деп жатам.

— Буюртма көппү?

— Ар кандай. Мисалы, бир күндө бир же эки-үч буюртма түшүп калышы мүмкүн. Кээде болсо, мисалы жайында, июль айында бир айда 10 чакты эле бут кийим тигип калган күндөрүм болгон. Азыр болсо, 30дан 50 парага чейин тигип жатам. 70% кардарларым Бишкектен буюртма беришет, мен аларга курьерлерден жөнөтүп жиберем.

— Ошондо бир күндө 1-2 парадан чыгарат турбайсызбы?

— Ооба, бирок бут кийим жасоонун өзүнүн процесси бар. Биринчи, булгаарыны бычып, кесип чыккан соң, машинкада деталдарды бириктирип тигип баштайм. Андан кийин калыпка тартып, формасын бересиң, подошва менен жабыша турган жерин тегиздейсиң. Ошол жерге чейинкисин буюртма түшкөн убакта калыпка салып эле тартып кое турган кылып алдын ала даярдап койсом да болот, анда бир күн утам.

— Бир бут кийимиңиз 4000-4500 сом турат экен, ал эми өздүк наркы канча турат?

— Ар кандай. Подошвага, булгаарыга жараша болот. Бирок орточо эсептегенде материалына 1400-1800 сом кетет. Кээде бирге-бир коем, кээде арзандатып берем. Бул бизнесте чекене сатса бул жогорку маржалуу өнүм десек болот. Ал эми дүңүнөн тигип саткандарда баа башкача жүрөт, алар өндүрүүчүлөрдөн чийки затты дүңүнөн сатып алганда арзаныраак алат, бирок базарга дүңүнөн тапшырганда да бир бут кийимден 200-300 сомдон эле көрүшөт, алар көлөмүнөн утушат.  Мен биздин базарларга сунуштап көрдүм. "Элдер Кыргызстандын бут кийимине көнүшө элек, биздикилер жалаң Түркия, Кытайга көнүп алышкан" деп коюшту.

Учурда интернеттен эле иштеп жатам. Азыр команда түзгүм келип жатат, бирок учурда кадрларга, адистерге ачкабыз. Кийим тиккен адам аябай көп, бут кийим тиккендер болсо саналуу гана. Аксакалдарды чакырсаң "жашым өтүп калды" деп көнүшпөйт. Бирөөнү үйрөтөйүн десем, бул кесипке кызыккан эч ким жок. Кошуна Өзбекстанды ала турган болсок, менин билишим боюнча, расмий катталган 200дөн ашык бут кийим чыгарган ишкана бар. Алар бизге караганда өнүгүп кетишкен. Анан калса, аларда импорттук товарларга талап көп, ал эми сыртка экспортту оңой эле кыла беришет.

— Бир бут кийимди тиккени канча убакыт кетет?

— Шашпай иш кылсаң 2 күн убактыңды алат. Командаң болсо эрте эле бүтүрөсүң, булгаарыны калыпка тарткандан кийин клейлери кургап, калыпты алыш үчүн минимум 4-5 саат туруш керек. Ошондон соң гана подошваларга жабыштырылат. Калыпка салгандан жарым саттан кийин эле подошвага жабыштырып, эптеп-септеп кылып койсоң болот, бирок анда ишиң тегиз чыкпайт. Мен сапатына көңүл бурган үчүн стандарттарды сактаганга аракет кылам.

— Ошондо бул бизнесиңизди канча каражат менен баштадыңыз?

— Мен нөлдөн баштадым. Башында мага бул жөн гана хобби болгон да. Жөн эле тигүү машинасын алып тегиз, түз тиккенди үйрөндүм, кийин кошумча машинка алдым. Булгаарыны бири-бирине жабыштырганда орой көрүнүп калбаш үчүн булгаарыны жукарта турган машинка алдым, ал чекелерин шилип берет. Подошваны үстүнкү деталына жабыштыра турган пресс машина алдым, тагыраак айтканда, өтө керектүү гана жабдыктарды алдым.

— Ошондо канча жылдан бери иштеп жатасыз?

— Тааныш-билиштеримден сырткары башка кардарлар менен иштеп, каттуу киришип баштаганыма бир жыл болду. КРда кийимди сапаты, дизайны, стили жагынан жакшы тигип, чет өлкөгө чыгарып жатышат. Бут кийим тармагы да ошондой өнүксө дейм, албетте, келечекте экспорт кылуу  тууралуу жакшы ойлорум бар. Мен башкаларга салыштырмалуу баасын көп койбойм, мен Бишкекте чыгаргандардын бааларын байкап жүрөм.

Ар бир жарандын сатып алууга мүмкүнчүлүгү болсун, баарына сапаттуу бут кийим жеткиликтүү болсун дейм. Менин койгон баам Түркияныкындай эле, кээ бир учурда алардыкы кымбат болуп чыгат. Менин максатым — акча табуу гана эмес, Кыргызстанда чыккан бут кийимди популизация кылуу, өнүктүрүү. Эгер мен өнүктүрсөм, албетте, киреше да анын артынан келет. Мен жумушумду ушунчалык сүйгөн үчүн, көңүлүмдөн жасаган үчүн кылып келем.

Болбосо, канча адам үйрөнөм деп келди, бирок жарым саат отургандан кийин нервдери чыдабай кетип калышат. Бул ишти ювелирдик жумуш деп койсо болот. Мындай карасаң, бул кичине эле буюм да, кичине бир жерин кыйшык тигип койсоң, же бир жерин эле кичине башкача тартып койсоң, ал бут кийим кыйшык болуп же тигиштери туура эмес болуп калат. Ошондуктан өтө маани берип иштеш керек, ал эми кийимди болсо сөгүп эле оңдой салсаң болот, бут кийимди анте албайсың, булгаарыны сөксөң, тиккен тешиктери көрүнүп калып калат. Артка деген нерсеси жок. Подошваны жабыштырып жатканда клейлерин чыгарбай, тыкан иштеш керек.

— Сиздин тиккен бут кийимиңизди кийген адамдар кандай пикирин айтышат?

— Жакшы деп айтышат. Бир эки жолу негативдүү эмес, сунуш катары комментарий болгон, учу катуураак болуп жатат дешкен. Ал кезде аны эске алам. Анткени мен аны өзүм үчүн эмес, эл үчүн жасап жатам да, алар кийишет. Ошого жараша аларга ыңгайлуу кылганга аракеттенем. Аркасы бут ойноп кетпеш үчүн катуу болот, кээ бир моделдердин баш жагы да катуу болот. Бир-эки адам айткандан кийин жумшак кылып тиктим. Кээ бир айткандарына болсо стандарт кандай экенин айтып берем.

— Дизайнын, түстөрдүн айкалышын өзүңүз тандайсызбы же көчүрөсүзбү?

— Ар кандай. Өзүм ойлоп чыккан дизайн болот, кээде бир жерден көрүп калсам, ошол айкалышты эстеп калып, өзүмдүкүндө комбинация кылып көрөм. Мен үчүн модель жасоо көйгөй эмес, анткени биринчи ошол нерсени үйрөнгөнмүн.

— Аялдар менен эркектердин бут кийимдери размеринен, түсүнөн эле айырмаланабы же калыптары да башкача жасалабы?

— Размеринен эле өзгөчөлөнөт. Биринчи бир модель жасап жатканда подошва менен калыпты карайбыз. Алгач кандай подошвадан бут кийим тигем деп ойлоном. Ошого карата калыпты жасап баштайбыз. Калыптарды мен кыйладан бери эле Өзбекстада бир устадан жасатам. Мен ага өзүмдүн көз карашымды айтам, анан ал мага бир үлгү жөнөтөт. Андан мен бир пара тигип, бирөөгө же аялыма кийгизип көрөм. Эгерде формасы жакшы чыгып, ыңгайлуу болсо, линейка менен жасап беришине буюртма берем. Мен аны анан линейка кылып чыгарып баштайм.

— Ал өзбекстандык уста менен кантип иштешип калдыңыз?

— Телеграмда ал жактагылардын ар кандай группалары бар, материал саткандары бар, кызмат көрсөткөндөр бар, ошол жерде "калып жасайм" деп реклама берген экен, таанышып калдык.

— Подошваны даяр эле аласызбы?

— Аны Түркиядан алдырам. Ал жердеги завод минимум 200-300 буюртма бер дейт. Мен кичине өндүрүш болгон үчүн ал мага көп. Бирок айла жоктон алам. Ошондо дагы ал подошва көбүрөөк моделге кете турган, бүгүн мода болуп, эртең чыгып кетпей тургандай классикалык болушун карайм. Бул биринчи критерий. Экинчиси, универсалдуу болсун дейм. Башында үлгү катары 5-6 пара жөнөтүшөт. Аны тигип көрөм. Эгер моделдерге жарашса, сапаты жакшы болсо, анда 200-300 пара алам. Түстүү булгаарыны болсо Россиядан алам, анткени ал жактыкы сапаттуу. Ал эми базалык ак булгаарыны Өзбекстандан алам. Өзүбүздүн булгаарыдан да жасап көрдүм, эмнегедир жакшы чыккан жок.

— Бир айлык акча айлантууңуз канча?

— Аз эле, 200 миң сомдун тегерегинде болот. Бирок ишкана токтобосун деп өзүнүн кирешесин кайра эле материал алганга жумшайм. Башка жактан грант сыяктуу каржылоо караганга эмес, үй-бүлөмө, кыздарыма дагы жетиштүү көңүл бурууга убактым жок. Учурда жумушчу алып, ишкананы чоңойтууга болгон аракетимди жумшап жатам.

"Таазим" деген атамдын фирмасы бар эле. "Өзүңө алып албайсыңбы" деп калды, карап көрсөм, сый-урматты туюнткан жакшы ат экен. Мен деле Роберто Кавалли сыяктуу коюп алсам болмок, бирок Кыргызстанда жасалып чыгып жаткандан кийин кыргызча болсун дедим. Азыр ушул брендди өнүктүрүп жатам.

Назира Абдиева profile image
by Назира Абдиева

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More