Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Дээрлик бир жыл мурун крипто индустриясы катуу кризисти башынан өткөргөн. FTX крипто биржасы кыйрагандан кийин криптовалюталардын курсу жана колдонуучулардын ишеним деңгээлинин төмөндөшү байкалып, андан кийин бул сферадагылар кетирген каталарынын үстүндө иштей башташты. Алардын абалын жакшыртуу жана бүтүндөй тармактын туруктуу ишин колдоо үчүн рыноктун катышуучулары тобокелдиктерди башкарууга өзгөчө көңүл бурушу керек. Мындай пикирин Binance  компаниясынын КМШдагы GR-директору Ольга Гончарова Economist.kg басылмасына курган маегинде билдирди.

Эксперт криптобизнеси көп сандаган операциялык тобокелчиликтерге дуушар болоорун моюнга алат. Ошондуктан криптобиржалары туура бизнес моделин тандоо керек. FTX кулашы бүткүл тармакты шок кылды жана крипторыногу анын кесепеттеринен дагы эле калыбына келе элек.

"Эгер биз Binance тууралуу айтсак, биздин моделибиз жөнөкөй – биз банк эмеспиз жана негизги киреше транзакция комиссияларынан алынат. Салттуу банктарда кредиттик каражаттардын пайыздык чендердин айырмасынан киреше алынат, бизде баары жөнөкөй – биз кардарлардын каражаттарын алар менен макулдашпай туруп колдонбойбуз. Биздин бардык кирешелер комиссиялардан келет. Биз колдонуучулардын каражаттарын тартпайбыз жана аларды кайтарып албоо коркунучу бар долбоорлорго салбайбыз.
FTXдин көйгөйү кандай болгон? Алардын Alameda менен бирдикте таптакыр башка модели бар болчу. Алар колдонуучулардан каражат чогултуп, башка долбоорлорго салышчу. Ликвиддүүлүк тобокелдиктери пайда болуп, колдонуучулар өз каражаттарын ала баштаганда, биржанын аларды жабууга каражаты жетишпей калды. Binance менен бул мүмкүн эмес, биз кардарлардын каражаттарын тартып, аны жөн гана сактоочу жай катары иш алып барабыз жана комиссиялык киреше алып, соода үчүн кызматтарды көрсөтөбүз", - деди Ольга Гончарова.

Эксперттин айтымында, биржанын биринчи эрежеси болуп колдонуучу каражаттардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн туура модель тандалышы керек. Криптоаянттары үчүн тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндө мыкты тажрыйбаларды жана жол-жоболорду түзүү маанилүү. Дал ушундай жол-жоболорго Binance өзгөчө көңүл буруп жатат. Азыр компаниянын эң чоң комплаенс-командасы бар. Ал эми криптобиржанын өкүлдөрү криптоплатформалар тобокелдиктердин алдын алуу үчүн чоң көлөмдөгү ресурстарды жумшашы керек деп эсептешет.

"Binance уюмунун 2018-жылы түзүлгөн 1 млрд долларлык SAFU фонду бар. Бул каражаттар операциялык тобокелдиктерден улам чыгымга учураган колдонуучуларга төлөөгө жумшалат. Муну депозиттерди коргоо системасы бар банк системасы менен салыштырууга болот. Банк тармагынан айырмаланып, крипто индустриясы азыр жөнгө салуунун алгачкы баскычында.
Кээ бир өлкөлөрдө лицензиялар бар, башкаларында жок жана кардарлардын каражаттарын камсыздандырууга бирдиктүү мамиле жок. Бул жерде Binance мыкты демилге менен чыкты – анда өзүн-өзү камсыздандыруу механизми бар. Ооба, фонддон каражат төлөнгөн прецеденттер болгон, бирок алар көп эмес, анткени компания тобокелдиктерди башкарууга өзгөчө көңүл бурат", - деп белгилейт Ольга Гончарова.

Белгилей кетсек, ири криптобиржа колдонуучулардын онлайн жана оффлайн режиминде коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шифрлөө механизмдерин, эки факторлуу идентификацияны жана хакерлердин чабуулдарынан коргоо үчүн криптону онлайн-капчыктарда сактоого мүмкүндүк берген муздак сактагычты колдонот.

Биржа ошондой эле Binance Academy жардамы менен окутууга көңүл бурат жана улуттук деңгээлде крипто сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн көптөгөн өкмөттөр жана мамлекеттик органдар менен иштешет. Компаниянын бардык кызматкерлери окутулуп, алдыңкы тажрыйбаларды колдонушат.

Криптоиндустрия 2022-жылдагы кыйроодон кийин өзүнө келе алдыбы?

"Бүткүл крипторыногу үчүн бул кыйроо чоң шок болду. Бул болуп көрбөгөндөй банкроттукка алып келди, анын кесепеттерин биз дагы деле сезип жатабыз. FTXдин кыйрашы тармакка болгон ишенимди кетирди. Бирок мунун аркасында чоң алмашуулар так жана коопсуз стратегияга кайрыла баштады. Биз ишенимди кантип калыбына келтирүү жөнүндө ойлоно баштадык, анткени ишеним институту болмоюнча бир дагы бизнес нормалдуу иштебейт. FTX кыйрагандан кийин, биз колдонуучу каражаттардын коопсуздугун көрсөтүү механизмин иштеп чыктык.
Эгерде банк системасында тышкы аудит бар болсо, анда криптобиржада баары татаалыраак, бир дагы ири биржада мындай ыкма иштелип чыккан эмес. Биржалар эсепти кантип жүргүзүү керек жана аудиторлор аларды кантип текшериши керектиги боюнча стандарттуу процедуралар жок. Өзүн-өзү текшерүү ыкмасы иштелип чыкты – биз активдердин түзүмүн, колдонуучулардын каражаттары сакталган ысык жана муздак капчыктарды ачып бердик", - деп белгиледи эксперт.

Андан тышкары, алдыңкы колдонуучулар Mercuryo аркылуу бардык чогултулган Binance каражаттарын текшере алышат. Механизм алардын каражаттарынын коопсуз экендигин текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бир нерсе туура эмес болуп кетсе, тармакта кандайдыр бир дүрбөлөң болот, андыктан криптобиржалары өздөрүнүн ишинин ачыктыгына кызыкдар.

"Кандай болгон күндө да, [FTX кыйрагандан кийин] ишеним кризиси болгон, бирок ишенимди калыбына келтирүү үчүн киргизилген механизмдердин аркасында ал аздыр-көптүр жеңилди. Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында Binance уюмунан 6 млрд долларга жакын акча чыгарылып кеткен жагдай да болгон, биржа бул көйгөйдү эч кандай кесепеттерсиз чечкен", - деди криптобиржанын өкүлү.

Колдонуучу биржага акчасын салып жатканда эмнелерге көңүл бурушу керек?

Эксперттин айтымында, өнүккөн колдонуучулар биржада бүтүмдөрдү жасоону жана акчаны муздак капчыктарда сактоону артык көрүшөт. Ал эми бул тармактын бардык оюнчулары үчүн, аз өлчөмдөгү транзакцияларды жасоодо да, платформа ишенимдүү жана коопсуз деңгээлдеги кызматтарды камсыз кылганына ынануу маанилүү.

"Кандайдыр бир сайтка кирүүдөн мурда эч кимди угуунун кереги жок. Иликтөөңүз керек, жалкоолонбой, акчаңызды жоготуп албаш үчүн кайда салып жатканыңызды изилдеңиз. Сын-пикирлерди жана материалдарды карап, биржанын аброюн изилдеш керек. Бул крипто биржаларында эле эмес, бардык рыноктордо стандарт катары иштейт. Коопсуздукка көңүл буруш керек", - деп кеңеш берет ал.

Ольга Гончарова Binance боюнча KYC өтүү кыйын экенин кошумчалады. Биржа комплекстүү инсандыгын текшерүү моделин колдонот. Бирок бул процедураны аткаруу оңой болгон биржаларга суроолор жаралыш керек. Андан кийин колдонуучулар көйгөйлөр пайда болсо, андан ары эмне болорун ойлонушу керек.

Камсыздандыруу фонду кризиске каршы панацея эмес

Binance директору бардык юрисдикциялар жөнгө салуу бар экенин эске салды. КМШда беш гана мамлекетте жөнгө салуу бар: Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан жана Беларусь. Башкаларда регулятор органдардын укугу жок.

"Лицензияланган аймактарда регулятор криптобиржаларды мындай камсыздандыруу фондуна ээ болууга милдеттендирсе дагы, бул каражаттардын коопсуздугуна кепилдик бербейт. Мунун баары тандалган моделге жараша болот. АКШдагы банктар менен FTX мисалын алалы: фонд түзүлсө да, ал маселени чечпейт. Анткени биржа жетекчилиги кардарлардын каражаттарын алып, кооптуу долбоорлорго салган. Алар болуп көрбөгөндөй ликвиддүүлүк ажырымына жол беришти.
Фонд түзүү жакшы. Бирок кандайдыр бир биржанын жетекчилиги колдонуучунун каражаттарын кыянаттык менен пайдаланса, бул аларды кыйроодон сактап кала албайт. Ошондуктан жөнгө салуучу орган ушундай стандарттарды түзүп, тобокелчиликсиз модель менен бизнес жүргүзүүгө түрткү бериши керек", - деп баса белгилейт Гончарова.

Эксперт лицензиялоо каражаттын сакталышына кепилдик бербейт деп эсептейт. Мисал катары, АКШдагы кырдаалды айтсак болот, анда май айында үч ири банк (Silvergate Bank, Silicon Valley Bank жана Signature Bank) кыйроого учураган, мында USDT долларга болгон наркын жогото баштаган. анткени ал криптовалюта банктардын биринде сакталган.

"Мына лицензиясы бар банктын мисалы аудиттен өткөн, бирок тобокелдүү бизнес моделин карманган", - деп эскертет эксперт.

Лицензия кепилдик коопсуздугубу?

Binance лицензияга ээ болуу ишенимди жогорулатуунун кошумча фактору экенин белгилейт. Бул жерде жөнгө салуучу минималдуу талаптарга шайкештигин текшерет. Бирок бул каражаттардын коопсуздугуна кепилдик бербейт. Колдонуучу үчүн эң башкысы аброюна көңүл буруу. Эгерде биржа бизнес моделин туура эмес курган болсо, анда эртедир-кечтир башкаруу туруштук бере албаган ликвиддүүлүк ажырымы пайда болот.

"Binance уюмунун стратегиясы зарыл болгон өлкөлөрдө лицензия алуу болгон. Биз эл аралык жөнгө салуучу арбитражды көрүп жатабыз, алар кайсы бир жерде лицензия талап кылат. Азыр биз кардарлардын өзүбүзгө болгон ишенимин камсыз кылууга басым жасап жатабыз, бул үчүн бизде SAFU бар, активдерди ачуунун ар кандай механизмдери бар. Бул жөн эле лицензия алуу эмес, колдонуучулар үчүн негизги маселелер болуп саналат.
Бирок крипто индустриясын жөнгө салуу боюнча алдыңкы мамлекеттердин бири болгон Кыргызстандагы жөнгө салуучу органдын ишинин маанилүүлүгүн баалабай коюуга болбойт. Бул бир жылдын ичинде 20 компанияга лицензия алып, өлкөгө кошумча капиталды тартууга жана бул тармакты ачык-айкын кылууга мүмкүндүк берди", - деп сөзүн жыйынтыктады Ольга Гончарова.

Мындан тышкары окуңуз

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунда бир катар негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Алардын катарына "

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жөлөк пулду алуу тартибин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү, жарандардын убаракерчилигин азайтуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Президенттин

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт. Белгилей кетсек, транспорт

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Мамлекетке салык төлөбөй, турак жайын, батирлерди ижарага берип, киреше таап жүргөндөргө карата атайын чара көрүлөт. Салык кызматынын дарегине батирин ижарага бергендерге карата нааразылыктарын билдирген кошуналар көп кайрылышат, бирок аларга чара колдонуу азырынча көйгөй жаратууда. Мындай билдирүүнү Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Адистин