Үйүн жыйнатууга чакырган кардар жөн эле кофе ичип отурганы жетиштүү — "Аманат клининг" компаниясынын негиздөөчүсү менен маек

Үйүн жыйнатууга чакырган кардар жөн эле кофе ичип отурганы жетиштүү — "Аманат клининг" компаниясынын негиздөөчүсү менен маек

ИШКЕР MEDIA ЖИА бизнес ассоциациясы менен биргеликте чакан бизнес менен алектенген жаш ишкерлер тууралуу баяндарын улантат. Бүгүн "Аманат Клининг" компаниясынын негиздөөчүсү Аманат Осмонова менен маектешип, бул тармак тууралуу билгенге аракеттендик.

Аманат, канча жаштасыз, эмне болуп бул тармакка келип калдыңыз?

Мен 23 жаштамын, Нарындан болом, кесибим боюнча юристмин. Студент кезимде окуудан тышкары иштеп жүрүп, бул тармакка 19 жашымда келдим. Ал кезде акыркы бир айда иштегенибиздин акчасын ала албай жүрдүм, мен иштеген компания үч жолу атын өзгөрттү. Ошол кезде бул нерсени өзүм деле жакшы жасай аларымды, команда топтосом болорун ойлоп, өз алдымча иштөө боюнча идея келген болчу. Кесибим боюнча банкта иштеп көрдүм, бирок кайра эле ушул тармакка келдим. Кийин юридикалык жактан расмий катталып жумушумду баштадым, бүгүнкү күндө командабызда 16 адам эмгектенет. 

— Канча каражат салдыңыз?

— 2019-жылы башында 50 миң сом менен баштадым. Ал акчага пылесос, жуучу каражаттарды, кыздарга форма алдык, сайт ачтырдык. Пандемия убагында банкта иштеп жүрдүм, андан кийин жумуштан кетип бул бизнесимди улантып кеттим. Башында иштин көзүн билбей жаткангабы киреше деле болгон жок, анткени убактымдын көбү негизги жумушка кетчү. Акыркы жылдары гана командабыз өсүп, бираз пайда ала баштадык. 

— Батирди жыйнаганда жумушчуларга, жуучу каражаттарга канча акча кетет жана таза пайдасы кандай?

— Эгерде 10 миң сомго буюртма алсак, анын 60%ы клинердин акчасы, 25%ы жол кире, жуучу каражаттарга, тамакка кетет, негизинен жалпы суммадан 15-20% таза киреше калышы керек. 

Тазалап бүткөндөн кийин барып текшерип келебиз, менден тышкары дагы эки менеджерибиз бар. Буюртма көп болуп кетсе, бир күндө үч объект алганга аракет кылабыз. Биринчи өзүбүз барып көрөбүз, клинерлер иштейт, андан кийин гана кардарга өткөрүп беребиз. Негизги кардарларыбыз кичине балдары бар үй кожойкелери же өзүнүн негизги жумушу бар, үй жыйнаганга убактысы жок ишкер айымдар жана кеңселер.

— Кызматкерлерди жумушка алып жатканда эмнени үйрөтөсүздөр?

— Эң биринчи кызматка алып жатканда тесттен өткөрөбүз, интровертпи, экстравертпи, мүнөзү кандай. Жумушка алгандан үч күн бою биздин менеджерибиз үйрөтүп, кошо жүрөт. Биздин кардарларыбыздын 90%нын үйүндө камералары бар, ага карабастан биз дагы кепилдик беребиз. Кардардан буюртманы биз алгандыктан баарын көрсөтөбүз, мисалы, жуучу каражаттардын курамы ар кандай болушу мүмкүн, бир нерсени күйгүзүп албаш үчүн, жарактан чыгарып салбаш үчүн баарын үйрөтүп, ишеничке киргенден кийин гана жалгыз таштайбыз. 

— Кандай каражаттарды колдоносуздар жана үйдүн чарчы метрин канчадан жыйнайсыздар ?

— Кардарлардын суранычы менен азыр 60% жумушту буу менен тазалоочу аппарат менен жасайбыз. Генералдык жыйноо 65 сомдон башталат, жөнөкөйү 45 сом, ремонттон кийин 70 сомдон өйдө болот. 

— Сиздерде атаандаштык көппү, кантип туруштук бересиздер?

— Аябай көп. Рыноктогу аброюбуз жакшы эле, анткени көптөн бери иштеп келебиз. Негизинен бири-биринен угуп эле чалышат. Биз кызматыбыздын сапатына иштегенибиз үчүн, мурдагы кардарларыбыз чакыра беришет. Эгерде кардарга бир нерсе жакпай калса, эртеси күнү кайра эле ошол курам менен барып тазалап кетебиз. Жооп бербей, телефон чалуусун албай коюу деген нерсе бизде жок. 

— Кызматкерлер күнүгө үй жыйнагандан тажашпайбы?

— Жок, мен кыздардан срамжылоо жүргүзүп турам. Аларга тескерисинче, кызыктуу. Анткени ар күнү ар кандай үйдү жыйнашат. Анын үстүнө кеч болуп кетсе биз жеткиребиз, алып келебиз, тамагын беребиз, кыскасы, бардык шарттарды түзгөнбүз. 

— Үйүн жыйнатууга чакырган идеалдуу кардар кандай болуш керек, кошо жыйнашыш керекпи же кетип калыш керекпи?

— Бизге эң ыңгайлуусу өзү бир бөлмөдө жөн эле кофе ичип отурса болду. Кошо жыйнашыштын кереги жок.

— Башка мамлекеттердеги клининг тармагынан биздики эмнеси менен айырмаланат?

— Бизде Кыргызстанда кызмат көрсөткөн персоналды эмнегедир төмөн көрүшөт, адамдардын 80%ы аларга жөн эле тазалоочу, үй жыйнаган адам катары эле мамиле жасашат. Башка мамлекеттерде бул акчасы жогору төлөнгөн жакшынакай эле кесип. Ошол эле Дубай, Америкада жөнөкөй мамлекеттик жумушта иштегендерге караганда көбүрөөк акча табышат. Бул Кыргызстанга жаңы эле кирип жатат, ошондуктан бизде деле келечеги жакшы деп ойлойм. 

Бул сфера Кыргызстанда акыркы беш жылдан бери активдүү өнүгүп келе жатат. Андан мурда деле иштегендер бар болчу, бирок алар өз алдынча аянтын эсептебей эле иштеп келишкен. Компания, өзүнчө кызмат катары кабыл алынчу эмес. Азыр болсо мындай кызмат көрсөтүү менен алектенгендер, бул жумушту сүйүп жасагандар аябай көп. 

Read more

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF’ден алтын сертификатка ээ болду

Компаньон Банкы CERISE+SPTF тарабынан кардарларды коргоо принциптерине шайкештиктин алтын сертификатын алды. Кардарларды коргоо компаниялардын социалдык жоопкерчилигинин негизи болуп саналат, ошол себептен Компаньон Банкы кардарлардын муктаждыктарын гана канааттандырбастан, алардын жыргалчылыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон финансылык кызматтарды түзүүгө умтулат. Банктын өнүмдөрү жана кызматтары кардарларга күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны