Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстанда канаттууларга тоют чыгарган жалгыз компаниянын топ-менеджери Майк Лунд менен маек

Ишкер Media
Кыргызстанда канаттууларга тоют чыгарган жалгыз компаниянын топ-менеджери Майк Лунд менен маек

Oazis Agro компаниясын Кыргызстанда өнөр жай масштабында канаттуулар жана майда малдар үчүн тоют өндүрүү менен алектенген жападан жалгыз компания деп атоого болот. Тоют өндүрүү үчүн ишкана чийки заттарды жалаң гана ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн алат. Батыш стандарттары боюнча чогултулган жабдуулардан чыккан продукциянын сапаты КМШдагы аналогдордон кем калышпайт, ал эми цехти локалдаштыруунун аркасында продукциянын баасы базар баасынан төмөн деңгээлде.

Oazis Agro компаниясынын жетекчиси Майк Лунд Economist.kg басылмасына курган маегинде уюм бүгүнкү күндө кандай жашап жатканы жана күнүмдүк ишинде кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы тууралуу айтып берди.

— Мен Ютада (АКШ) төрөлгөм, кичи мекеним Вендоверде иштеген мексикалык иммигранттардын арасында чоңойдум. Кичинекей кезимден эле ар кандай маданиятты сиңирип көнүп калгам.

Мен беш жашымда биринчи бизнесимди ачкам, тагыраак айтканда, кошуна балдарга эски оюнчуктарымды сатчумун. Анан бир нече жумадан кийин бул оюнчуктарды көчөдөн таап алсам, аларды үйгө алып келип жууп-тазалап, кайра сатчумун.

Орто мектепти аяктагандан кийин Юта университетинде бизнес боюнча окуп, 2005-жылы маркетинг боюнча бакалавр даражасын алдым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, мен чет өлкөдөн — Лондондо маркетинг боюнча стажер катары биринчи жумушумду таптым. Бул укмуштуудай тажрыйба болду, бирок бир жылдан кийин мен кайрадан жумуш жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп баштадым. АКШнын Тынчтык Корпусунун волонтерлор тобуна кошулгандан кийин мени чакан бизнес боюнча кеңешчи болуп иштөө үчүн Азербайжанга жөнөтүштү. Үч жылдын ичинде азербайжан тилин үйрөндүм, чакан бизнес ээлерине туризм, кийим өндүрүү жана билим берүү тармагында кеңеш бердим. Бул тажрыйбам акырында КМШ өлкөлөрүнө болгон чын жүрөктөн сүйүүмө айланды.

Тынчтык корпусунда кызмат өтөгөндөн кийин 2012-жылы Америкага кайтып келдим, ал жерден Калифорниядагы Миддлбери Эл аралык изилдөөлөр институтунан MBA даражасын алдым. Андан кийин мен Ташкентте кийинки жумушумду таптым, ал жерде Американын Соода Палатасында бизнес-консультант болуп иштедим. 18 ай консультациядан кийин мен өзүм компанияны башкарууда эч кандай тажрыйбам жок болгондуктан убактымды текке кетирип жатканымды түшүндүм. Таң калыштуусу, Кыргызстанда 2008-жылдан бери иштеп келе жаткан Oazis Agro деген компанияга туш болдум. Анын бизнес модели менин бизнеске болгон кумарымды жана социалдык өнүгүүнү байланыштырды. Экинчи жолугушуудан кийин уюштуруучулар мага директорлук кызматты сунушташып, аны кубануу менен кабыл алдым. Кээ бир досторум мени жинди деп ойлошкон, бирок мен бүт кыйынчылыкка даяр болчумун.

— Кыргызстандагы куруп жаткан бизнесиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Oazis Agro алгач бизнес аркылуу социалдык жактан жакшыртуу идеясына ишенген адамдардын кайрымдуулук эсебинен каржыланган. Алгачкы негиздөөчүлөр өздөрү каржылабаган компаниядан пайда табууга акысы жок экенин түшүнүшүп, бизнести кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүүнү чечишкен. Ошентип, алар аны Нидерландиядагы чакан директорлор кеңеши башкарган фондго беришти. 2019-жылы мен башкы директор болуп дайындалдым, ошондон бери бул кызматта иштеп келе жатам.

Oasis Agro жергиликтүү элди айыл чарба тармагындагы чакан бизнеске үйрөтөт. Учурда биз негизинен канаттуулар тармагында иштейбиз, адамдарды жумуртка жана бройлер фермасын курууга үйрөтөбүз. Андан кийин аларга биздин туунду комапниябыз Royal Breed аркылуу жогорку сапаттагы бакма канаттуулардын породаларын жана Oasis Agro брендиндеги жемдерди беребиз. Канаттуулардын баарын Ошто багып, жемди Бишкектен чыгарабыз.

Биздин компаниянын өлкөнүн агробизнесине пайда алып келе турган бир нече идеялары бар, анын ичинде биожер семирткичтерди өндүрүү жана жеткирүү, жергиликтүү дыйкандарга үрөн жана башка материалдарды жеткирүү, дан жана топурак лабораториясын иштетүү, тоок этин кайра иштетүү жана сатуу, Казакстанда тоют өндүрүү боюнча стартап бар.

— Кыргызстанда иштеп жатып кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиз?

— Тилекке каршы, биз көп кыйынчылыктарга туш болобуз, бирок мен муну Борбор Азиядагы бизнес үчүн нормалдуу көрүнүш деп эсептейм. Тоскоолдуктарды ийгиликтүү жеңүү жана мүмкүн болушунча ийкемдүү болуу үчүн биз акырындык менен өсүп, кеңейгенге аракет кылабыз. Албетте, адатта, тез эле жогорку киреше табууну каалагандар менен иштешүү кыйын, бирок биздин компанияда андай эмес – Oasis Agro компаниясынын негиздөөчүлөрү бул жагынан абдан чыдамкай.

Акыркы жарым жылдын ичинде эле биз бир нече жолу кыйынчылыктарга туш болдук. Учурда компанияда негизсиз эле комплекстүү салык текшерүүсү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча биз даттанабыз. Ошол эле учурда салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр да ишти татаалдаштырып, бул биздин ишканага гана эмес, айыл чарба тармагынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн ишине терс таасирин тийгизүүдө. Анын үстүнө өлкө эгин, жем экспорттоого жабык турган оор мезгилди баштан кечирип жатабыз.

Санкциялык көзөмөлгө байланыштуу жабдууларды ташып келүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө сөз кылуунун кереги жок – алар өзүнчө интервьюга татыктуу. Акырында биздин кардарлардын төлөнбөгөн карыздары жана компаниянын түндүк жана түштүк филиалдарын карактоо аракети тууралуу айта кетүү керек.

Дагы бир нерсе: өлкөдө суунун тартыштыгы, аба ырайынын ыцгайсыз шарты болуп турганда дан эгүү канчалык кыйын экендигин быйылкы жылы биз өзгөчө сездик. Негизинен кыйынчылыктар көп, бирок багынбайбыз.

— Буга чейин КРнын президентинин администрациясында салык мыйзамдары боюнча кеңешмеге катышкансыз. Бул жолугушуунун жыйынтыгы кандай болду?

— Саясий жетекчилердин биздин муктаждыктарыбызды угуп, проблемаларды чечүүгө жардам берүүгө умтулгандыгын көрүп жатабыз. Биздин бийлик менен акыркы жолугушуубуз КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин, ошондой эле Экономика министрлигинин жана Салык кызматынын жетекчилеринин ортосунда болду. Анын натыйжасы — Төрөбаевдин агроөнөр жай комплексинин мүчөлөрүнө актуалдуу проблемаларды чечүүдө жардам берүү жөнүндөгү оозеки милдеттендирмеси болду.

— Кыргыз бийлиги чет элдик инвесторлорго республикада бизнести өнүктүрүүгө канчалык деңгээлде жардам берүүгө даяр? Алардын жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерге түрдүү мамиле кылганы сезилип жатабы?

— КРнын министрлер кабинетинин жетекчилигинин чет өлкөлүк ишканаларга сиздердин өлкөдө ишканаларды курууга жардам берүүгө умтулгандыгын белгилебей коё албаймын. Бирок, чет өлкөлүктөргө карата кандайдыр бир өзгөчө мамиле жөнүндө сөз кылуунун кажети жок – мен тогуз жылдын ичинде чет мамлекеттин жарандары катары бизге карата башкача мамилени эч качан жолуктурган эмесмин жана бул мага абдан жагат. Биз бирдей шартта ат салышабыз, чет өлкөлүктөр болгонубуз үчүн бизди басмырлабайт, эч кандай жеңилдиктерди да беришпейт. Биз башка бизнес сыяктуу эле иштейбизди күтүшөт.

Бир гана өзгөчөлүк — жер ээлиги. Чет элдик юридикалык жана жеке жактар ​​Кыргызстанда жер тилкелерине ээлик кылууга укугу жок. Чет өлкөлүк кожоюнга таандык компания деген статустагы объектти сатып алганыбызда стандарттык "кызыл китептин" ордуна "көк китеп" алабыз. Бул биз сатып алган жерибизге иш жүзүндө ээлик кылбайбыз дегенди билдирет. Башкача айтканда, бизге иш жүзүндө аймакты узак мөөнөткө ижарага берип жатышат. Албетте, мындай шартта, айрыкча айыл чарба тармагында иштөө өтө кыйын. Бирок биз бул тоскоолдуктарды жеңип, компромисстерди табууга аракет кылабыз.

— Жогорку квалификациялуу ата мекендик адистердин жетишсиздигин сезип жатасызбы?

— Ооба, айыл чарба илимдери тармагында биздин бизнеске тиешелүү адистер, мисалы, канаттуулардын ветеринарлары, тоюттар боюнча адистер аз. Ошол себептен көп жылдардан бери өнүгүүгө керектүү билимди бере турган чет элдиктерди тартууга туура келди. Буга чейин биз КРга ветеринарларды, диетологдорду, жада калса химик-биологду чакырганбыз, алар биздин командага кошулуп, компанияга лаборатория түзүү боюнча кеңеш беришкен.

Биз жергиликтүү айыл чарба университеттеринен канаттуулардын ветеринария факультетине инвестиция салууну же тоюттандыруу боюнча адистешкен чет элдик окутуучуларды тартууну сурандык. Бирок азырынча бул демилгеге жылыш, кызыгуу көрө элекпиз. Ошентип биздин бардык окутуу жана потенциалды жогорулатуу компаниянын ичинде гана ишке ашып келет.

— Жетектеп келген компанияңыздын миссиясын жана максатын кандай көрөсүз?

— Мен ишкананын ишмердүүлүгүн Кыргызстанда миңдеген канаттууларды өстүргөндөр үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Чарбалар арзан жана сапаттуу тоют менен камсыз болор-болбосун биздин ишибиз аныктайт. Биздин мойнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлүп, күн сайын эртең менен ойгонуп, дыйкандардын иши компаниянын ишмердүүлүгүнөн көз каранды экенин түшүнүп, өз миссиябызды аткарып келебиз. Анткени, биздин продукциялар чындыгында алар үчүн жашоосунун каржы булагы.

— Ишканаңыздын продукцияларын Кыргызстан үчүн уникалдуу деп эсептөөгө болобу?

— Ооба. Кыргызстандын рыногунда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда уникалдуу. Албетте, биздин рынокто башка тоют жана тоок ташуучулар бар. Бирок биздин бул атаандаштардан өзгөчөлөнүп турганыбыз, биз жөн эле жем жана тоок сатпайбыз. Биз кардарларыбызга чакан бизнес моделдерин сунуштайбыз, алар үчүн жаңы инструменттерди түзөбүз, мисалы, Россияда акча табуу жолу менен жакшы жашоону издебей, өз мекенинде иштөө мүмкүнчүлүгүн көрсөтөбүз. Компания кардарларга кызматтардын толук пакетин, анын ичинде окутууну жана сатуудан кийинки консультацияларды берүүгө аракет кылат.

— Жумушун жаңы баштаган фермерлерди окутасыздарбы?

— Албетте, биз муну биздин бизнестин өзгөчөлүгү деп эсептейбиз. Биз жумуртка жана бройлер өндүрүү боюнча жаңы фермерлер үчүн кыска жана интенсивдүү окутуу программаларын иштеп чыктык. Азыр биз ошондой эле өсүмдүк өстүрүү боюнча курсту даярдап жатабыз. Курстарды чакан бизнес ачууга кызыкдар ар бир адам ала алат. Чакан канаттуулар бизнесине инвестиция салуудан мурун окуу программасына катышууну сунуштайбыз. Биз жөнүндө бардык маалыматты Инстаграмдан же биздин сайттан тапса болот.

— Майк, бизнеске жаңы кадам коюп жаткан жаш фермерлерге кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Биринчиден, кайсы тармакты өнүктүрүүнү пландап жатканын изилдеш керек. Айыл чарбасы сиз ойлогондон алда канча татаал жана көп кырдуу. Бардык акчаңызды жоготуунун миңдеген жолдору бар, анткени сиз каалаган учурда өлүп калышы мүмкүн болгон тирүү организмдер менен күрөшүп жатасыз. Андыктан жаңы нерсени баштаардан мурун акылдуу болуп, өзүңүздү тарбиялаңыз!

Экинчиден, жаңы баштагандар рыноктун потенциалын жана өзгөчөлүктөрүн изилдеп, кандайдыр бир ишти баштоодон мурун тобокелдиктерди аныкташы керек. Көбүнчө мен дыйкандар алгач продукцияны өндүрүп, анан гана аны кантип сатууну ойлоно баштаганын көрөм. Эгерде башталгыч өз товарын кантип жана кайда сатууну түшүнбөсө, анда бизнес ачуунун кереги барбы?!

Акыр-аягы, чарбаларды модернизациялоого үзгүлтүксүз инвестиция салууга даяр болушуңуз керек жана кызматкерлерге алар атаандаштарды карабашы үчүн, бирок тынымсыз профессионалдуу өсүш үчүн адекваттуу эмгек акы төлөшүңүз керек. Бизнесте көп нерсе бар, биринчи кезекте, компетенттүү каржылык башкаруудан көз каранды. Мен муну айтар элем, чыдамкайлык жана өз убагында кабыл алынган чечимдер — бул ийгиликтин ачкычы.

Нурбек Абдыразаков маектешти.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости