Бексултан КОНОЕВ: “Беш манты” тамактануучу жайын дүйнөлүк брендге айландырабыз”

Бексултан КОНОЕВ: “Беш манты” тамактануучу жайын дүйнөлүк брендге айландырабыз”

Бир тууган бөлөлөр Бексултан Коноев менен Мырзабек уулу Айбек Кыргызстандын бренди, франшизасы болуп калган “Беш манты” коомдук тамактануучу жайларын негиздеген ишкерлер. Бул бизнести жаңыдан баштап жатканда эле “Беш мантыны” Америкага чейин ачабыз деген аруу кыялдары ишке ашып, 6 жыл ичинде бул тамактануу жайдын филиалдарынын жалпы саны 23кө жетип, анын үчөөсү франшизанын негизинде Казакстан, Россияда ачылды.  Келечекте “Беш манты” филиалдарын чет өлкөлөрдө франшиза жолу менен 200гө, Кыргызстанда 50гө жеткиребиз деп турган эки өнөктөштүн бири Бексултан КОНОЕВди “Ишкер МEDIA” сайты кепке тартты. 

Бексултан мырза, билишибизче “Беш манты” коомдук тамактануу жайларын Айбек мырза экөөңүздөр 2019-жылы ачып баштадыңыздар эле. Андан бери кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?

— Сиз айткандай туура алты жыл мурун 10-октябрда биринчи “Беш манты” тамактануу жайын ачып, ата-энебизден, бир тууган, жакындардан бата алдык эле. Ошондо “Буюрса “Беш мантыны” Америкага чейин ачабыз десек айрымдар күлүшкөн. Кудайга шүгүр 6 жылда Бишкек шаарында 16 филиал, андан сырткары Сокулук районунда, Балыкчы, Кара-Балта шаарларында франшиза менен 3 филиал ачылды. Аймактардагы “Беш манты” франшизаларын эл жакшы колдоду. 2022-жылы Москвада “Беш мантынын” франшиза жолу менен 3 филиалын ачканбыз. Быйыл франшизанын негизинде Астана шаарында да ачтык. Буюрса, Казакстанда да бул бизнести кеңейтели деген пландар бар. Анан Баклыкчыда чүчпара, манты, фрикадельки сыяктуу камыр менен эттен жасалган, жарым-жартылай даяр тамактарды чыгаруучу ишкана ачалы деген максатыбыз бар.  Кыскасы акырындап эл аралык деңгээлге чыгып, “Беш мантыны” франшиза жолу менен дүйнөлүк бренд кылганга аракет кылып жатабыз. 

Саналуу жылдарда ушунча филиал ачылыптыр. Бул сиздерге чек эмес болсо керек...

— Ооба, алдыңкы 5 жылдыкта Кыргызстанда 50 филиал, алдыңкы 10 жылдыкта дүйнө жүзү боюнча 200 филиал ачабыз деген максат бар. Эмнеге коомдук тамактануу бизнесин тандап жана 200 филиал ачууну максат кылдык? 

Бул ишти баштар алдында бизде көп суроолор жаралып, “Эмнеге биз табийгатка каршы иш кылуу менен экономикабызды тургузушубуз керек?” деген суроого такалдык. Алсак азыр Кыргызстанда канча жерде тоолор жардырылып алтын, уран жана башка кендер казылып, мөңгүлөр жок болуп кетип жатат. Албетте, жоктон көрө кен иштетүү да жакшы. Бирок, биздин максат – ата-бабалардан калган табийгатты, жерди сактап, Мекенибизге сырттан акча алып келүү болду. Болбосо бөтөн өлкөгө барып бир бизнес ачып, иштетүү, улантып кетүү оңой эмес мээнет, аракет. 

Учурда “Беш манты” коомдук тамактануу тармагы өлкө бюджетине болжол менен жылына канча салык төгүп жатат?

— Аймактык филиалдарыбыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешкендиктен алар тууралуу так маалыматыбыз жок. Ал эми Бишкектеги 16 филиалыбыз жылына жалпы 15-16 миллион сомго жакын салык төлөп жатат. Ар жылы бир эки филиалдан кошулуп жатканын эске алсак, 2025-жылы 18 миллион сомго жакын салык төгөбүз. Бул биз үчүн сыймык. Ошондой эле алдыңкы 10 жылдыкта өлкөдөгү ири салык төккөн 50 ишкананын катарына кошулабыз деген тилек бар. 

Ушул тапта сиздердин тармакта канча адам иш менен камсыз болду, алардын орточо айлык маянасы канча?

— Астана, Москваны кошо алганда биздин тармакта жалпы 120 адам иштеп жатат. Алардын маяналары иштегенине жараша 40 миңден 60 миң сомго чейин. Жакшы иштегендер 80-90 миң сомго чейин ала алышат. 

Бардык эле бизнесте көлөм чоңойгондо сапатты көзөмөлдөө кыйын болуп калат. Бул жагынан кантип жатасыздар?

— Туура айтасыз, ал жагы бар. Аны эске алып биз өзүбүздүн технологиялык картабызды иштеп чыкканбыз. Ошол технологиялык карта менен рецептин туура чыгышына абдан маани беребиз. Сапат бузулбашы үчүн ар бир продукция дыкат көзөмөл менен алынып, шаардагы цехте эттин сапаты текшерилип, чарымдардан тазаланат. Анан бардык филиалдарда атайын бекитилген рецепт, калькуляция, технология менен иштейбиз. Сапат жакшы болуш үчүн кымбаттыгына карабай сапаттуу азык-түлүктөрдү колдонобуз. Муну катардагы эле адамдар цехтерибизге келип көрүп кетишсе болот. Айрым журналисттер, блогерлер кезинде цехтерибизди тартып, соцтармактарга чыгарышкан. Андан сырткары мамлекеттик тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө турабыз. Андыктан сапат жагынан бизде маселе жок. 

Ишкер катары 6 жылда эмнени түшүндүңүз жана ишкерликти туура алып кетем деген адам кандай болушу керек?

— Атам айдоочу, апам медицина кызматкери болгондуктан өзүм жөнөкөй эле үй-бүлөнүн баласымын. Кезинде алар “Сен кийин эл башкарасың” деп баталарын беришкен. Бирок жаш кезимде Табылды Эгембердиев, Аскар Салымбеков агаларыбызды көрүп биз да ушулардай болсок деп кыялданып калчумун. Көрсө алар өз максатына жете билген чыныгы бизнес жоокерлери экен. Муну айтканым, ишкер биринчи кезекте адамдын психологиясын түшүнө билип, бизнестин ортоңку чекитин таап, ар бир жумушчуга мотивация бергенди билиш керек экен. Күнү-түнү бардык кызматкерлер, өнөктөштөр менен байланышта болуп, ар бир маселени кылдаттык менен чечип, керек болсо кол алдыңдагы пол жуугуч менен да тил табышканды үйрөнүү керек. Тагыраагы, бизнеске болгон дитиңди салып, чоң энергия, убакыт сарптаганда гана иш болорун түшүндүм. Бизнести жаңы баштаганда капиталдын аздыгынан Айбек экөөбүз цехтеги айрым жумуштарды өзүбүз жасап, эки жылдай түн ортосуна чейин иштеп жүрдүк. Ошентип ар бир процесске өзүбүз аралашкандыктан азыр иштин ар бир этабын, көйгөйүн жакшы түшүнөбүз. Бизнесте эң жакшысы ошол экен. Азырынча биздин бизнес 6 гана жашта. 18-20 жашка чыкканда элге, Мекенге кызмат кылган жакшы мекеме болот деген ойдомун. 

Кыргызстанда ишкерлик кылууда кандай бюрократиялык тоскоолдуктар жана аны баштоодо, улантып кетүүдө кандай ыңгайлуу шарттар бар? 

— Башка өлкөлөргө салыштырмалуу көйгөйлөрдү айтсам, жашыл китепти алууда, электр энергиясы, газ төлөмдөрүн төлөөдө бир топ маселелер жаралат. Баарын мыйзам чегинде кылайын десең ага бир топ убакыт кетет. Мисалы, жеке үйдөгү электр, газ эсептегичтерине эч ким тийише албайт. А коммерциялык сектордо текшерүүчү келет дагы эсептегичке пломба коюп же аны чечип алып “Эсептегич бизде эки жума турганга уруксат бар, убактылуу колдонбой тургула” деп алып кетип калат. Бизнесте эң маанилүү нерсе – убакыт. Кээде жетиштүү кубаттуулуктагы электр энергиясын ала албайбыз. Ансыз да ишкерлер электр энергиясына коммерциялык баа менен төлөп жатканда ушундай нерселерди мамлекет жолго салса жакшы болмок. Ошондой эле Көзөмөлдүк-кассалык аппараттарды Салык кызматына автоматтык түрдө кошуп бергиле деп көп сурандык. Эми гана мамлекет системаларды өнүктүрүп, ал акырындап ишке ашып келе жатат. Алсак, ошол эле “Түндүк” ишкерликке абдан ыңгайлуу шарт түздү.  Ал эми бизде ишкерлик кылуунун жакшы жагы – кайсы бир чакан, орто бизнести ачып, улантып кетүү кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жеңил. Муну биз качан Москвада, Астанада “Беш манты” франшизаларын ачканда түшүндүк.   

Азыр тамактарды жеткирип берүү кызматынан пайдалангандар көбөйдү. Бул жагы сиздерде кандай болуп жатат?

— Биз ата мекендик  “Намба”, “Кут”, “Кенгуру”, “Деливери сервис” жеткирип берүү кызматтары менен акырына чейин иштештик. Кийин айла жок Кыргызстанда кызмат көрсөтүү рыногунун басымдуу бөлүгүн ээлеп калган эки эл аралык жеткирип берүү кызматтары менен кызматташа баштадык. Булардын жеткирип берүү кызматынын пайызы чоң.  Ошондуктан шаар боюнча бардык филиалдарыбызды ачып алгандан кийин өзүбүздүн жеткирип берүү кызматын уюштурууну ойлонуп жатабыз.   

Адатта ишкерлерде катардагы адамдардыкынан өзөчөлөнгөн кыял, максаттар болот. Сизде өзгөчө кандай максат бар?

— Менин бир туугандарым да жогорку окуу жайларын артыкчылык менен бүтүргөндөр. Атам бала кезибизден дүйнө таанымыбызды жакшы кеңейткендиктенби, айтор, бала кезден илимге кызыгам. Бирок, азырынча биз илим, технология жагынан башка өлкөлөр менен атаандаша албайбыз. Ошентсе да, табийгый таза азыктар менен манты жасап, аны менен дүйнөгө чыгып акча таап, кийинки муунду окутуп, өстүргөнгө кудуретибиз, акылыбыз жетет. Ошентип биздин балдар бир нерсе ойлоп тапканга жетишсек болот. Чет өлкөлөрдө филиалдарыбыз 200гөбү же 1000ге жетеби, айтор чогулган каражатты идиректүү балдардын илимине жумшасак деген аруу тилегибиз бар. Илгери атам: “Бир тонна темир Кыргызстанда канча болот?” дегенде: “3 миң сом”, десем, “Бул кыргыздын мээси”, деген. “Кытайдачы?” дегенде “Билбейм, станок чыгарса бир 500 миң сом болсо керек”, дедим. Анда атам: “Немистерде бир тонна темирден машина жасап сатып 70-80 миң доллар кылат. А бизде аны темирге өткөргөндөн башканы билбейбиз”, - деди эле. Ошондуктан билим, илимге терең маани беришибиз керек. 

Азыр Кыргызстандын көп аймактарындагы коомдук тамактануучу жайларында туруп калган, жылытма тамактарды берип койгон учурлар көп. Таза, жаңы даярдалган тамак жегенге качан жетишебиз?

— Азыр технология өнүккөн заман. Андыктан азыкты чийкилей тоңдуруп койсо сактоо мөөнөтү узарат. Мисалы, ошол эле мантыны түйүп, чийкилей тоңдуруп койсо бузулбай турат. А бышканда тамакта реакция жүрүп анын сактоо мөөнөтү ашып кетсе бир сутка болуп калат. Балыкчыдагы жарым-жартылай даяр (полуфабрикат) продукцияларды өндүрүүбүздүн негизги максаты да кардарларды жаңы тамак менен камсыз кылуу. 

Азыр биз этти, унду, башка азыктарды ири көлөмдө келишим менен алып жатабыз. Келечекте ферма кармап, тоютту, малды өзүбүз өстүрүп, “Талаадан табакка чейин” деген багытка барабыз. Бул дагы элди жаңы тамак менен камсыз кылууга өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы 3 жылда өлкөдө видеокамераларды масштабдуу орнотуу жүргүзүлгөнүн Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.  Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” системасы боюнча: Бишкекте – 651; Баткен облусунда–248; Ысык–Көл облусунда 283; Манас облусунда – 205; Нарында–207; Ош шаарында – 57; Ош олусунда – 115; Талас облусунда

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнРеспубликалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылышында билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат жана анын 32си медициналык

Тамактануу жайларында кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм алууга тыюу салынат

Тамактануу жайларында кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм алууга тыюу салынат

2026-жылдын 1-январынан тарта ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануу жайларында буйрутма берилген тамак баасынан сырткары кызмат көрсөтүү төлөмүн алууга тыюу салынат. Мындай токтом Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды.  Документке ылайык, бардык кызматтар эми аштизимдеги тамак баасынын ичинде болушу керек. Тагыраагы, акыркы төлөм аштизимде көрсөтүлгөн баадан айырмаланбайт.  Коомдук тамактануу жайларына көрсөтүлгөн

Каджы-Сайда аймактын келечеги менен экотуризм талкууланды

Каджы-Сайда аймактын келечеги менен экотуризм талкууланды

Каджы-Сай айылында “Түштүк Ысык-Көлдүн ЭкоРенессансы” демилгесинин алкагындагы алгачкы жыйын болуп өттү. Туризм департаменти, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Ысык-Көлдүн түштүгүнүн” дестинациясы, туристтик агенттиктер, саякатчы блогер жана лайфстайл-инфлюенсерден турган өкүлдөр аймакты өнүктүрүү боюнча көз караштары менен бөлүшүштү.  КР Туризм департаментинин өкүлү Малика Молтоева «Туризм синергиясы: демилге, элдер жана илгерилетүү»