Самара Кушубакова: “Жети облустун мөмө-жемишинен жасалган кактарыбыз Японияга чейин экспорттолот”

Самара Кушубакова: “Жети облустун мөмө-жемишинен жасалган кактарыбыз Японияга чейин экспорттолот”

Адегенде балдарына витамин болсун деп как жасап көргөн Самара Кушубакова азыр кактарын чет өлкөлөргө чейин экспорттойт. Ашканасынан башталган бул чакан бизнес кантип өнүгүп, кандай ийгиликтерге жеткенин, ошондой эле айымдардын ишкерлик жолундагы тоскоолдуктар менен мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маек куруп берди.

- Самарбүбү айым, как жасап сатуу идеясы сизге кантип келген?

- Үч балабыз бар. Пандемия убагында балдарыма сыздоок чыгып, дарыгерге кайрылганыбызда “витамин жетишсиз” деген диагноз койду. Чипсы, чупа-чупс сыяктуу зыяндуу таттууларга балдардын организми реакция берип, ошондон сыздоок чыгып жатканын түшүндүрдү. Пайдалуу, витаминге бай азыктарды издей баштадым. Бирок, дүкөндөрдө витаминге бай, таза азыктар аз, ал эми чет өлкөнүкү кымбат эле. Кичинекей балам менен үйдө олтургандыктан, балдарыма кымбатыраак витаминдерди сатып берүү мүмкүнчүлүгүм жок болчу.  

Интернеттен карап, ар кандай жашылча-жемиштерден салаттарды жасап, балдарды кызыктырайын дегеним менен анымдан майнап чыккан жок. Анан үйдөгү эле кызылча, алма, ашкабактан нан бышыргычка как жасап, коюп койдум. Балдарым кызыгып жеп көрүп, кыныгын ала башташты. 

Бара-бара кактарды сыртка көтөрүп чыгып жеп, чогуу ойногон балдарга да берип жүрүштү. Көп өтпөй кошуналарым: “Балдар айтып атат, сен бир нерсе жасап жатыптырсың го?”,- деп сурап калышты. Как жасап жатканымды айтсам: “Бизге да жасап берчи, балдар юпи, конфеттин ордуна ушундай пайдалуу нерсе жесин”, -деп калышты.

Ошондон тарта конокко барганда мурдагыдай конфет, печенье көтөрүп барбай, өзүм жасаган ар түрдүү мөмө-жемиш кактарын ала барчу болдум. Ал жактан көргөн туугандарым да даамын жактырып, буюртма бере башташты. Башында “керектүү азыктарды алып берсеңер, бекер эле жасап берейин”,-деп жүрдүм. Бирок, убагында алып беришпей, үйдөгү нан бышыргычта кургаткандыктан, электр энериясы көп жагылып, чыгым көбөйүп кетти.

- Анан эмне кылдыңыз?

- Бир күнү интернеттен “аялдарга ишкерликти жана онлайн сатууну акысыз үйрөтөбүз” деген жарнама окуп калдым. Ал кезде мен дагы жаңы эле интернет баракча ачып, кактарды онлайн сатууну ойлонуп жүргөм. Катталып, онлайн окуй баштадым. 

Instagram баракчама кактарды тартып чыгарып, дүң баасын 20 сом, чекене баасын 30 сом деп койдум. Балдарга жеткиликтүү болсун деген максат менен ушинтип баалагам. Тааныш эмес эле адамдар онлайн буюртма берип, жылуу пикирлерин калтырышканда абдан кубанып, “демек, бул ишти улантсам болот экен” деген ишенич пайда болгон.

Кийин буюртмалар көбөйгөн сайын интернеттен атайын как кургатуучу аппараттар бар экенин билдим. Акча чогултуп, биринчи аппаратты сатып алдым. Ошентип, жөн гана балдар үчүн жасалган как – үй шартындагы кичинекей ишкерликке айланып кетти.

- Ишкерлигиңизди жолдошуңуз кандай кабыл алды? Колдодубу?

- Кардарларыма “сиздики азыр жаңы жасалып жатат, эртең жеткирип берем” дечүмүн. Ал кезде азыктарды сатып алууга да акчам тартыш эле. Курбуларымдан карызга акча алып, ага кызылча, алма сатып келип, как жасай баштадым. Баарын жаңы салынып жаткан үйүбүздүн бир бурчунда жасачумун.

Эки баламды үйдө калтырып, кичүүсүн колума көтөрүп алып, Сокулуктан Бишкекти көздөй буюртма жеткиргени чыгам. Ушинтип убараланып жүргөнүмдү көргөн жолдошум: “Каяктагы эле бир нерселерди жасап жатасың, кызылчанын кагын ким алмак эле?” - дечү. Кайненем деле: “Өз балдарың эле жебесе, ким сатып алат”,-деп башында ишенбей жүрүштү. Бирок, бул сөздөр мени тескерисинче шыктандырды десем болот. “Муну менен деле табыш табууга болорун далилдейм” деген чечкиндүү ой пайда болду.

Анын үстүнө ал кезде жолдошумдун айлыгы 10 миң сом эле. Үч балабыз менен бешөөбүзгө ал акчаны жеткирүү абдан кыйын болчу. Бир чети аз да болсо жолдошума жардам бергим келди. Башында буюртмаларды жолдошум өзү жеткирип берчү. Бирок, ар бир жолку жеткирүүдөн кийин экөөбүз урушуп калчубуз, себеби 600 сомдук буюртмадан түшкөн акча бензинге эле кетип калчу. Бир аз чыдап коелу, буюрса убайын көрөбүз деп жубатчумун.

Жумушуна бара жатып жолдошум ала кетип, кээде инилерим жеткирип берип жүрдү. Эки баламды үйгө бекитип коюп, кичинемди көтөрүп алып өзүм жеткирип барган учурлар да болду. Мунун натыйжасында акырындык менен кардарларымды таап, ишим алдыга жыла баштады.

- Кыйналган учурларыңызда токтотуп эле салсамбы деген ойлор деле келсе керек?

- Бир жолу кыштын күнү Чыгыш-5 кичирайонунан 1000 сомдук буюртма түштү. Жолдошум айылга кеткен. Эки баламды үйгө кулпулап коюп, кичүүсүн көтөрүп алып, как жеткирүүгө чыктым. Айтылган дарекке барсам, ал жерде эч кандай үй жок болуп чыкты. Абакта олтургандар эле шылдың кылып тапшырык берип койгон окшойт. Ызаландым. 

Үйгө келсем эки балам сыртка чыгып ойнойбуз деп, бирөөсү кулап, эки жеринен колу сынып кетиптир. Ыйлап атып, баламдын үнү чыкпай калыптыр. Айт маалы дагы болчу, тез жардам чакырсам келбейт. Же үйдөн колдоо жок... Ошондо өзүмө “Болду, токтотуп салайынчы” дедим.

Баламдын колунунун операциясына 9 миң сом керек болду. Эч кимден карызга акча чыкпай койду. Ал убакта интернет аркылуу буюртма алып, как сатып калгам. Атайын тойлорго кактан гүл букетин жасачумун. Ошондой тапшырык түшүп, ооруканада баламды караганча палатада жашырынып олтуруп ошол буюртманы бүтүрдүм. Кардарыма жеткирип берип, алган акчаны дарыгерлерге бердим. Ошондон кийин кайра “улантам” деген чечимге келдим. Себеби, каржы кыйынчылыгына туш болгондо кайра эле ушул кактар мени куткарды го дедим.  

- Жолдошуңуздун пикири качан өзгөрө баштады?

- Биринчи биздин чоң буюртмабыз 25 миң сом болгон. Ошондо жолдошум “ушул кактардан 25 миң сом тапса болобу?”- деп таң калган. Кактын аркасы менен 7 өлкөгө барып, тажрыйба алмашуу, түрдүү бизнес идеялар менен таанышуу, ишкерлер менен пикир алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болдум. 

Учурда жолдошум мени аябай колдойт. Кактарды жеткирип берүү жагын карайт. Өзү жетишпей калса Яндекстин жеткирип берүү кызматын колдонобуз. Бул да болсо биздин жумушубузду бир топ эле жеңилдетти. 

- Кардарларыңыз сертификат сурашчу беле? Ал маселени кантип чечтиңиз?

- Кийинчерээк кактарымды дүкөндөргө, дарыканаларга алып бара баштадым. Ал жерден сертификат сурашты. Сертификация үчүн “Кыргызстандартка” барсам, алар “кумшекерсиз” деп жасап бере албайбыз дешти. “Кумшекер кошулат деп жасап беребиз, сен болсо кумшекерсиз деп сата бересиң”,-дешти. Кандай болуп калат деп таң калдым. 

Буга чейин бизде кактарга кумшекер кошуп жасашчу экен. Ал эми биздин кактарыбызга таптакыр кумшекер кошпойбуз. Бардыгынын курамында алма бар, анткени алма кактарды бириктирип, табигый таттуу даам берип турат.

Жеке компанияларга кайрылып, кактарыбыздын бардыгы кумшекерсиз жасаларын көрсөтүп, сертификат алдым. Баары мыйзамдуу, туура жасалган. Азыр анын негизинде вайлдбериске да чыгалы деп турабыз. Андан бери 5 жыл өттү. Балким “Кыргызстандартта” деле өзгөрүүлөр бардыр.

- Өндүрүшүңүздүн көлөмүн кантип кеңейттиңиз?

- Насыя ала албай бардык банктарга кайрылып жаттым. Ошондо банктан 28% үстөгү менен 100 миң сом насыя алдым. Кокус, жумушум болбой калса, Россияга кетип иштейбиз деген ой бар эле. Анткени ал жактан мурда иштеп келип, үй салганбыз. Россиядан 70 миң рубль айлык алчубуз. Бирок жолдошум болбой эле Кыргызстанда калабыз деп туруп алды. 

Насыяга алган акчага дагы 2 аппарат сатып алдым. Ошол учурда Россиядагы тез даярдалчу кесме жасаган өнөктөшүм менден жашылча-жемиштерди кургатып берүүмдү суранды. Бирок, азыраак өндүрүп жатасыңар деп, дагы 2 аппарат алып берди. Ошентип, 5 аппарат менен конок бөлмөгө көчүп, өндүрүштү чоңойто баштадым. Ошондо гана болду ушул менен кетип, жыйынтык чыгарайын деген аң-сезимдүү чечим кабылдадым. 

Дал ошол маалда “Enactus Kyrgyzstan” уюштурган “Жаш табышкер” долбооруна катышып, 300 миң сом утуп алдым. Алар дагы мага 3 аппарат алып беришти. Эки жардамчы кыз алып, үйүбүздүн ашканасынан конок бөлмөгө көчтүм. Башында мүмкүнчүлүгүмө жараша аларга саатына 50 сом гана төлөп жүрсөм, кийин туруктуу айлык бере баштадым. Ошондон баштап өндүрүштү кеңейтип, жарманке-көргөзмөлөргө катышып, башка ишкерлер менен таанышып, ишкерликке баш-отум менен киришип кеттим. 

Ар кандай долбоорлорго катышып, тажрыйба топтодум. Билинбей эле 5 жыл өтүп кетти. Мурда күнүнө ар бир түрүнөн 5-10дон эле чыгарсак, азыр 20 аппарат менен ар бир түрүнөн 1300дөн чыгарабыз. Акыркы 3 жылдан бери президенттик балатыга катышчу 2000 балага как жасайбыз. Балдарым менен кошо бизнесим дагы өсүп, өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө биздин кактарыбыз Кыргызстанга эле эмес,  Казакстан, Россия ал тургай Японияга чейин экспорттолот.

Азыр алмадан жасалган чипсыбызды маркеттерге чыгарууга аракет жасап жатабыз. Учурда 5 киши иштеп жатабыз, бирок бул жетишсиз. Өзүм бухгалтер, маркетингчи жана SMM адиси болуп жүрөм, ошентсе да баарына жетишүү кыйын. Командабызды дагы үч эсеге көбөйтүшүм керек. 

- Ишкерлик баштоо кыйын, ал эми айымдардын ишкерликке аралашуусу андан да кыйын болсо керек...

- Ишкерлик – бул өзү эле ар тараптуу өнүгүү экен. Өндүрүү, сатуудан баштап, мамиле курууга чейинки бардык нерсени үйрөнөсүң. Айымдардын бизнеске аралашышы эле – чоң кадам. Анткени, аял кишинин балдарды кароо, сабагына жардам берүү, үйдүн түйшүгү деген сыяктуу көп иштери бар. Булар менен кошо ишкерликти алып кетүү оор эле. Көп аялдар ошол түйшүктөн улам ишкерлигин таштап коюшат. Же үйдө кожойке болушуң керек же иштешиң керек деген тандоонун арасында калган учурлары көп болот. 

Келечекте айыл жерлеринде бардык шарттары менен филиалдарыбызды ачып, ал жактагы айымдарга иш орундарын түзүп берсек деген максатым бар. Буюрса брендге айланып чоң ишкана катары түптөлүп алгандан кийин ушул максатымды ишке ашырсам дейм. 

Как жасоо боюнча курсумду иштеп чыгып, айымдарды үйрөтүп жатам. Кыздар онлайн окуп, үйрөнүп алып сатып жатышат. Өткөндө жарманкеге окуучуларым да келишти, мен абдан кубандым. 

Ар бир айымдын ичинде шамы болот. Бирок аны айланасындагылар эле басып, өчүрүп коюшат. Ар бир айым ошол шамды өчүрбөй, көкүрөгүң каалаган нерсени жасап, өнүгүү үстүндө болуусун каалайм. Эң негизгиси - билим, ар бир айым билимдүү, каржылык жактан көз карандысыз жана сабаттуу болсо деген тилегим бар.  

- Сиздин кактын өзгөчөлүгү эмнеде жана кардарларыңыздар кимдер?

- Биздин уникалдуулугубуз – натуралдуулугубузда. Кактарыбыз 100% натуралдуу болгон үчүн курт түшөт. Кадимки шайтан көпөлөктөрдүн сүйүп жеген тамагы. Кээде алардан сыртындагы баштыгы деле коргой албай калат. Биз жасап дүкөндөргө коебуз, бирок ал жакта кандай шартта сакталат белгисиз. Ошол себептүү “Не сахарга” да чыктык. Бирок, комментарийлеринде кардарларыбыз бизди аябай колдоп, пикир билдиришти. Умар Дадановду ишканабызга чакырып, баарын ачык көрсөттүк. Табигый таза азыктардан жасап, химикат колдонбогонубуз үчүн курт түшөрүн түшүндүрүп бердим. 

Голландиядан биз менен иштешели, көбүрөөк как жасагыла деп байланышып жатышат. Бирок аларга жибергенде химикат колдонууга туура келип жатат. Болбосо жеткирбей эле жолдо жеп коюшу мүмкүн. Натыйжада бул Кыргызстандын атына терс пикир калтырышы ыктымал. Ушул жагын ойлонуп жатабыз. 

Мурда бүт Кыргызстанды табигый таза как менен камсыздайм деп ойлонмок тургай, үйүмдүн тегереги менен эле чектелчү экенмин. Как жасап дүкөндөргө эле өткөрөм деп өтө тар ойлончумун. Качан чет өлкөгө чыкканда анан масштабдуу ойлонуп, менин кардарларым бүткүл дүйнөдө деп карай баштадым. Ошентсе дагы биздин кардарларыбыз өзүнүн жана балдарынын ден соолугуна кам көргөн, өзүн караган адамдар экенин аңдадым. 

- Мөмө-жемиштерди кайсыл жактардан алып келесиз?

- Кактарды Кыргызстанда өскөн жергиликтүү мөмө-жемиштерден гана жасайбыз. Инстаграмм баракчага өндүрүшүбүздү чыгара баштаганда эле ар кайсы аймактардан дыйкандар өздөрү байланыша баштаган. Алар көбүнчө бактын башындагы алмаларды үзүп, экспортко жөнөтөт. Кокус мөндүр жаап кетсе эле калган алмалар экспортко жарабай калып, айла жок килограммын 2 сомдон сатышат экен. Биз ал алмаларды сатып алып, таза жууп кактарды жана алма чипсыларын жасай баштадык. Учурда ай сайын 3 тонна алма иштетебиз. Фермерлер менен ар кандай жарманкелерде таанышып калабыз же болбосо Айыл чарба министрлиги жыл сайын уюштуруп жүргөн “Күз көргөзмөсүнөн” таанышып калабыз. Бул дагы биз үчүн чоң колдоо, ишкерлер бири-бири менен таанышып, байланышып, тажрыйба алмашканга, продукциябызды жарнамалап таанытканга абдан сонун мүмкүнчүлүк болуп жатат. 

Ишканабыз Сокулукта жайгашкан. Ал эми чычырканакты Нарындан, малина жана кулпунайды Чүйдөн, алманы Оштон, жалпысынан 7 облустан 7 түрдүү мөмө-жемишти алып келип иштетебиз. Анан атайын коробкага 7 түрдүү какты салып “Кыргыз даамы” деп атаганбыз. 

Кактарыбыз азыр дүкөндөрдө, дарыканаларда эле эмес, мейманкана жана конок үйлөрдө да сатылат. Чет элдик туристтер жергиликтүү продукцияларга көп кызыгышат. Мисалы, Япониялык кардарыбыз деле мейманканадан кактарыбызды көрүп, иштешүүнү сунуштаган. Ошондон бери биз Японияга да экспорттой баштаганбыз.

- Кыргыз өндүрүшүн колдоо боюнча элдин көз карашы өзгөрүп жатабы?

- Мурда, кайсыл жактын өндүрүшү экенине көп көңүл бурбай эле сатып ала беришчү. Азыр андай эмес. Мурда өзүбүздүн өндүрүштү колдойлу дегендер 20%ды гана түзсө, азыр 60%ды түзөт. Бул бизге канча стимул болот.

- Мамлекет тарабынан ишкерлерге колдоо барбы? Жалпысынан бул жаатта кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?

- Мурда Өкмөт өзүнчө, Айыл чарба министрлиги өзүнчө, ишкерлер өзүнчө эле иштеп жүрүшчү. Бирок акыркы үч жылдан бери баары бири-бири менен тыгыз иштешип калды. Мурда чоң компанияларды гана колдошсо, азыр ар бир ишкерлик баштайм деген адамга колдоо көрсөтүшөт. Мурун кандай долбоор бар, кайда барсам болот деп өзүбүз издесек, азыр өздөрү чалып чакырып, грант сунушташат. Бул бизди абдан кубандырат. Колдоо болсо, биз дагы изденип, ишкерликти өнүктүрүүгө аракетибизди кыла беребиз.

Президент Садыр Жапаров Ала-Арчада ар кайсы өлкөдөн келген 400 делегатты кабыл алды. Ал жакка мен дагы баргам. Президент менен биринчи айым мага: “Сиздин өндүрүштү биз дагы алып жүрөбүз. Дагы өнүктүрүңүз. Биз иштешебиз”,- деп айтышса аябай кубандым. Мамлекет тарабынан дагы ишкерлерди колдоп пайызсыз насыя берип жатканы жакшы көрүнүш. Мурда салыктан да аябай коркчу элек. Түшүнбөй отчетту туура эмес тапшырып алып 5 миң сомдон кошуп төлөчүбүз. Азыр болсо алардын мамилеси өзгөрүп, түшүнбөгөнүбүздү өздөрү чакырып түшүндүрүп беришет. Бул дагы ишкерлерге чоң колдоо.

- Азыркы жаштардын айыл чарбага болгон мамилесин кандай баалайсыз?

- Көпчүлүк жаштар, тилекке каршы айыл чарбасын “жумуш табылбай калганда эле айласыздан картошка же алма сатып иштей турган тармак” катары кабыл алышат. А чынында айыл чарба – эң келечектүү жана престиждүү тармактардын бири. Айыл жеринде туруп эле өз огородун карап, таза продукция өстүрүп, сатуудан пайда табуу үчүн да билим, эмгек жана чоң жоопкерчилик талап кылынат.

Менин оюмча, бул жөн гана кара жумуш эмес — адамдын мээнетин, эмгегин көрсөтө турган асыл кесиптердин бири. Азыр дүйнө жүзү таза, пайдалуу азык-түлүк өндүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат. Себеби, адамдын эң башкы байлыгы — анын жеген тамагы. Ошондуктан, жаштардын да айыл чарбага болгон көз карашы өзгөрүп, бул тармакты заманбап, келечектүү иш катары кабыл алышса дейм.

- Маекти жыйынтыктап жатып, ишкерликке кадам таштасам деп тургандарга кеңеш бере кетсеңиз.

- Ишкерлерге көңүл буруп, ийгилик сырларын окурмандарга жеткиргендериңиздерге чоң рахмат. Себеби ар бир ишкер ийгилик жаратканга чейин эмне деген гана жолду басып өтпөйт. Эч ким туруп-туруп эле ийгиликтүү адам болуп калбайт. Алардын окуясы башкаларды шыктандырып, дем берет деп ишенем. Сөзсүз эле мигрант болуп кетпей, үйдө олтуруп, үйдөгү эле нерселер менен да иш баштоого болот дегенди жеткиргим келет. 

Адамга бир идея келсе Кудай Таалам аны ишке ашыруу энегиясын кошо берет дегенге толук ишенем. Ошондуктан, бир нерсе баштайм деп баштай албай жүргөндөргө азыр баштаңыз дегим келет.  

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктү аныктады

Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктү аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына жалпы суммасы 4,6 млн сомду түзгөн, коштомо документтери жок товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон бидиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөндөн кийин Mercedes Sprinter  автомашинасы текшерилип, андан коштомо документтери жок жүк ташуучу унаалар үчүн ар кандай тетиктер

Эки жарым жылда Кыргызстан электр энергиясын импорттобой калат

Эки жарым жылда Кыргызстан электр энергиясын импорттобой калат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын билдирди. Ал өлкө боюнча 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге курулуп баштаган жылуулук электр борбору толук бүтсө өлкөдөгү электр жарыгы жалпы керектөөнү жаба турганын белгиледи. “Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда

Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктүн өлкөгө киришине бөгөт койду

Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктүн өлкөгө киришине бөгөт койду

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына жалпы суммасы 4,6 млн сомду түзгөн, коштомо документтери жок товарлардын бир катар түрлөрүн мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду.  Аталган кызматтан маалымдагандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөндөн кийин Mercedes Sprinter  автомашинасы текшерилип, андан коштомо документтери жок жүк ташуучу унаалар үчүн ар кандай

Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel корпорациясы жаңы башкы директор Лип-Бу Тан баштаган штаттарды оптимизациялоо боюнча масштабдуу программасынын алкагында кызматкерлердин санын дээрлик 35 500 адамга кыскартканы Tom’s Hardware басылмасы жазды.  Компаниянын Баалуу кагаздар жана биржалар үчүн даярдаган акыркы отчету боюнча 3 айда эле бул корпорацияда 20 миң 500 кызматкер кыскартылган.  2025-жылдын сентябрь айынын аягында