ETNO STEAM мультиплатформасында бала мультфильм тарта алат – Солдатбек Рысбек уулу

ETNO STEAM мультиплатформасында бала мультфильм тарта алат – Солдатбек Рысбек уулу

Акыркы жылдары Кыргызстанда STEAM билим берүү системасы кеңири жайыла баштады. Бул багытта бала бакчалар үчүн ETNO STEAM окутуу программасын негиздеген жеке ишкер Солдатбек Рысбек уулу оюн менен окууну айкалыштырган окутуу программасы, ишкерлиги тууралуу айтып берди.

Солдатбек мырза,  ETNOSTEAM долбоорун баштап калышыңызга эмне себеп болду?

- Кыргызстанда STEAM билим берүү популярдуу боло баштаганда Бишкекте бир нече STEAM мектептери ачылды. Бул багытта бир топ иш-чараларга катышып жүрүп “STEAM окутуу программасынын натыйжасы жакшы экен. А эмнеге биз башка өлкөлөрдүкүн окутуп жатабыз? Эмнеге биздин маданиятыбызга, каада салтыбызга ылайык STEАM окутуу моделдерин чыгарсак болбойт?”, - деген ой келди. 

Ошентип алгачкы моделдерди чийе баштагам. 2023-жылы насыя алып чакан лазердик станок, компьютер сатып алып балдар менен алгачкы моделдерибиздин үстүнөн иштей баштадык.

2024-жылдын   №22 бала бакчада алгачкы презентациябызды жасадык. Ага мектеп директорлору, 12 бала бакчанын жетекчилери, вице-мэр Виктория Мозгачева да катышты. Вице-мэр биздин моделдерди дароо жактырып JITке киргиздирди. 

Кийин мэриядан биздин ETNO STEАM окутуу куралдар топтомун 4 районго алып беребиз деген сунуш түштү. Мындайга даяр эмес болгондуктан жеке ишкерлик ачып, документтерибизди мыйзамдаштырдым. Ошентип биз 4 районду ETNO STEAM шаймандары менен камсыздап бердик, моделдерибиз мугалимдерге, бөбөктөргө аябай жакты.

- ETNO STEМдин башка моделдерден айырмачылыгы кандай?

- Анын артыкчылыгы – бала ойноп жатып эле оюн аркылуу билим алат. Биздин оюндар баланын колдорунун моторикасына, нейрогимнастикага жакшы таасир этип, Кыргызстандын географиялык абалын үйрөнүүгө шарт түзөт. Мисалы,  “Төө Ашуу”, “Долон” деген оюндарыбыз жөнөкөй көрүнгөнү менен аны ойногон балага нейрогимнастика болот. Ошол эле кезде бала Төө-Ашуу канчалык татаал, кооптуу экенин билет.  

“7 область” деген оюндарыбыз, Кыргызстандын картасы боюнча пазлдарыбыз, анимациялык кадрлар менен мультфильм тарта турган платформабыз да бар. 

Бул мультиплатформада мугалимдин жардамы менен да, өз алдынча да балдар мультфильм тарта алышат. Себеби, азыркы балдар телефонду абдан жакшы  түшүнүшөт. Анын үстүнө муну биз атайын балдарга ылайыктуу кылып жасаганбыз. Платорманын ичинде G2000 андроид-планшет турат.  Анын кошумча клавиатурасы менен чычканы бар. Алардын жардамы менен бала өзү пластилинден, башка нерселерден жасаган каармандарына жан киргизет. Ар түрдүү жаныбарларды, чоң энени туурап үн коштойт.

Ошентип баланын ар тараптан өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Кыскасы бул платформа оюн сыяктуу болгону менен бала мындан декоратор, оператор, режиссер, аниматор, үн режиссер болууну, команда менен иштөөнү үйрөнөт.

-Сиздики билим берүүгө көбүрөөк басым жасаган жеке ишкерлик экен. Каражат, киреше жагы кандай болуп жатат?

-Бишкектин 4 району менен иштешкенде биз бардык карыздарыбызды жаап, чоң форматтагы, кубаттуу, калың материалдарды кесе турган лазердик станок, 3D форматта иштей турган сандык программалык башкаруусу бар станок (ЧПУ станок), керектүү шаймандарды, компьютерлерди сатып алдык. Учурда биз мамлекеттик бала бакчалар менен гана иштешип жаткандыктан дайыма эле буйрутма боло бербейт. Андан тышкары кээде гана аз сандагы жеке буйрутмалар боло калат. Окуу куралдарын жасап, бала бакчаларды санариптештирип,  алардын стенддерин, кабинеттерин этностилде кооздоп, жасалгалап берип тыйын табабыз.  

-Моделдерди жасоодо кандай материалдарды колдоносуздар, аларды ойлоп табуу идеялары кайдан келет?

-Биз 70% таза, эки бети тең жылмаланган, бутактары жок 3 миллиметрден 9 миллиметрге чейин калыңдыктагы россиялык кайың фанераларды колдонобуз. Сүрөт басыла турган моделдерге ХДФ алабыз. Окуу куралдарын жасоодо мен алгач өзүмө келген идея боюнча чиймесин чийем. А жакшы идея чыгыш үчүн бала бакчаларды кыдырып, мугалимдер балдарга кайсыл нерсени жеткирүүдө кыйналып жатканын анализ кылам.

Мугалимдер менен баарлашып, балдарга аралашам. Ошого жараша идея келип, кайсы бир модель кыялымда бышып жетилет. Анан CorelDRAW менен компьютерде анын графикасын чийип, кагазга чыгарып, каталарын оңдойбуз. Баары такталгандан кийин лазердик станокто алгачкы үлгүсүн чыгарып көрөбүз. 

-Бүгүнкү күндө сиздин ETNO STEAM окуу куралдар топтомунун (набор) курамында канча оюн, канча деталь бар? 

- ETNO STEAM окуу куралдар топтомунда 23 түрлүү дидактикалык оюн бар. Алардын ичинде чүкө, балык дидактикалык оюну, “7 область”, “Чүкө футбол”, “Төө-Ашуу”, “Долон”, “Поле чудес”, “Арт панель”, шырдактар, пазлдар,  андан сырткары кум менен сүрөт тартуу бар. 3D форматында боз үй бар. Бала бакчаларда ата-энелер менен биргеликте балдар боз үй кантип тигилерин үйрөнүшсө болот. Жалпысынан бир окутуу топтомунда 50 деталь болот. 

Окуу куралдар топтомунун баалары кандай, карапайым элдин капчыгына туура келеби?

-Сырттан келген окуу куралдар топтомдорунун (набор) бир даанасы 250 миң сом болсо, биздин 23 оюн, 50 деталдан турган 1 наборубуз 50 миң сом турат. Бир бала бакчага чет өлкөлүк бир STEAM окуу куралдар топтомун алгыча, ата-мекендик 5 окуу куралдар топтомун сатып алууга болот.

Деталдардын тетиктери кокус сынып калса же аны өзгөрткүсү келсе биз бул жерден жасап, оңдоп бере алабыз. А сырттан келгендикине кайра буйрутма берип, алдыруу кымбатка турат. Азыр биздин окуу куралдарды алгысы келген бакчалар көп, бирок, каражаттарынын тартыштыгынан ала албай жатышат.

-Алдыда дагы кандай максаттарыңыздар бар?

-Биздин негизги максат – Кыргызстан боюнча бир типтүү STEAM окуу программасын киргизүү. Ар ким ар кандай окута бербей, бардык региондо бирдей ETNO STEAM окутуу программасы болсо дейбиз. Ошко, Өзгөнгө барып мугалимдерди ETNO STEAM боюнча окуттум. Жашы улгайып калган агай, эжейлер да кызыгуу, дилгирлик менен окушту. Демек, муну тээ түпкү айылдарга да жайылтсак болот.     

Мындан сырткары келечекте Digital форматына өтүп, робототехника жагын өнүктүрөлү, аурдиналар менен иштеп, ошол багыттагы моделдерибизди көбөйтөлү деген максатыбыз бар. Борбор Азияда улуттук колориттеги  STEAM билим берүү брендин жаратсак деп аракет  кылып жатабыз. Анткени, башка мамлекеттер мындай билим берүү менен өнүгүп, натыйжасын көрүп жатышат. Биз дагы өзүбүздүн маданиятыбыз менен ошого жетсек болот.

Эгер ETNO STEAM билим берүүнү баштапкы класстарга киргизсек бала бакчадан алган билимин бала андан ары улантып кетет. Мектепте, сүрөт сабагынан кечке эле альбомго сүрөт тарттыра беришет. Ошонун ордуна бир күнү балага мульфильм тарттырса, дагы бир күнү кум менен сүрөт тартууну үйрөтсө, бала 3 түрлүү нерсени үйрөнөт.  Кытайдын бала бакча, мектептеринде STEAM окутуу кенен жайылгандыктан бул мамлекет азыр болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатат. 

Мелис СОВЕТ уулу

 

Мындан тышкары окуңуз

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков иш сапарынын алкагында Нарын районунун Эмгекчил айылында жайгашкан мурдагы жарандык коргонуу объектисинин абалы менен таанышты. Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен аталган жайда логистикалык борбор түзүү долбоору каралып жатат. Долбоорду ишке ашыруу аймактагы айыл

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылганын шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн. Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азия ири гидрологиялык кризистин босогосунда турат. 1980-жылдардын аягынан бери аймак өлкөлөрү чөлдөшүүнүн кесепетинен кеминде 100 км түшүмдүү жерлерден ажыраганын economist.kg сайты жазды. ScienceDirect маалыматына ылайык, 1982–2020-жылдар аралыгында жердин деградациясы аймактын жалпы аянтынын болжол менен 14,8%ын камтыган. Маселе климаттык чөйрөдөн экономикалык деңгээлге өтүп, мамлекеттик өнүгүүнү чектеген

Кокустан жолго чыгып, өзүнүн таксопаркын ачууга чейин жетишкен: бишкектик айдоочунун таржымалы

Кокустан жолго чыгып, өзүнүн таксопаркын ачууга чейин жетишкен: бишкектик айдоочунун таржымалы

Максат Өмүрзаковдун окуясы - унаасы бузулуп, такси айдоочу менен кокустан баарлашып, өзүн да таксиде сынап көрүү сунушу менен башталган. Бүгүн анын тажрыйбасы таксидеги 12 жыл, өзүнүн таксопаркын ачуу жана он миңдеген катталуучусу бар блог жүргүзүүдөн турат. Айдоочулардын эл аралык күнүндө тажрыйбалуу айдоочу Максат, бул кесиптин ээлери көбүнчө эмнелерге туш болуп