Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылганын шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн.

Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:


“Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз”, — деди мэр.

Жаңы жашыл аймак Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүндө жайгашкан эски Хохлов көрүстөнүнүн ордуна түшөт. Жалпы аянты 4 гектардан ашуун. Долбоордун негизги максаты - шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.

Ошто жалпы сегиз эски мүрзө сүрдүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө баа берүү боюнча ички жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү өзгөртүү Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы токтому менен бекитилген жобого киргизилди. Жаңы талаптарга ылайык, банктар тобокелдиктерди баалоодо күнүмдүк ишинде туш болгон тобокелдиктердин бардык түрүн эске алышы керек. Анын ичинде сандык баа берүү

Ишкер Media
Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Каракол шаарында туристтер үчүн атайын автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми алыскы жана жакынкы аймактардан келген саякатчылар шаардын тарыхый, маданий жана туристтик жайлары менен ыңгайлуу шартта тааныша алат. Автобус Караколдогу белгилүү объектилерге, тарыхый комплекстерге, музейлерге жеткирип, алардын тарыхы тууралуу маалымат берет.

Ишкер Media
Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында

Ишкер Media
Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Бүгүн Нарын облусунда жаңы топурак-агрохимиялык лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарыноблусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалым болгондой, ал Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясынын алдында ачылды. Ачылышка департаменттин директору Максат Кочеров, президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн агрардык бөлүм башчысы Кыялбек Абакиров жана жергиликтүү дыйкандар катышты. Жаңы лаборатория

Ишкер Media