Кыялдан бизнеске карай: Баткенде окуучулар үчүн “Book&Bite” окуу жана тамактануу жайын ачкан Дүйшөнкул Садыков менен эксклюзивдүү маек

Кыялдан бизнеске карай: Баткенде окуучулар үчүн “Book&Bite” окуу жана тамактануу жайын ачкан Дүйшөнкул Садыков менен эксклюзивдүү маек
Дүйшөнкул Садыковдун жубайы Азаматбек кызы Айчүрөк "Book & Bite" жайында иштейт

Кезектеги каарманыбыз – Баткен облусунун Пүлгөн айылынын тургуну Дүйшөнкул Садыков. Ал салып жаткан үйүн бүтүрүү максатында көпчүлүктүн катарында Англияга сезондук жумушка барып, иштеп келген. Кийин Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ/МОМ) “1+1” пилоттук программасына катышып, грант утуп алган. Бул грант Дүйшөнкул менен жубайына көптөн бери кыялданып жүргөн “Book&Bite”окуу жана тамактануу жайын ачууга мүмкүнчүлүк берди.

Аталган жайда окуучулар үчүн китеп окуп, тил үйрөнүп, табигый таза азыктар менен тамактанууга шарт түзүлгөн. “Баары кыялдан башталат”, – деген каарманыбыз идеяны кайдан таап, кантип ишке ашырганы, грант жана окутуудан алган тажрыйбасы, ошондой эле ишти жолго коюудагы кыйынчылыктар жана алдыдагы пландары тууралуу “Ишкер медиага” берген эксклюзивдүү маегинде айтып берди.

– Өзүңүздү кыскача тааныштырсаңыз. Кайсы жерден болосуз, кайсы кесиптин ээсисиз?

– Атым Дүйшөнкул, 36 жаштамын. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылында туулгам. Беш баланын атасымын. Учурда “Кыргыз почтасы” ААКсынын Кадамжай райондук филиалын жетектейм. 

– Миграцияга кетүүнүн башкы себеби эмне болду? Ал жактагы жумуш сизге кандай тажрыйба берди?

– 2022-жылдын май айында Англияга 6 айлык сезондук жумушка бардым. Ал жакта фермалардын биринде бригада башчысы болуп иштедим. Миграцияга салып жаткан үйүмдү бүтүрүү үчүн кеткем. Жумуш мен үчүн оор болгон жок, анткени бригадамдагы балдардын баары кыргызстандык болгондуктан бири-бирибизди жакшы түшүнүп, жардамдашып жаттык. Күн сайын таңкы 6да туруп, ар мүнөтүбүздү пландап, белгиленген тапшырмаларды өз убагында аткарууну адатка айландырдык. Бул тажрыйба менин жумушка болгон мамилемди өзгөртүп, тартипке үйрөттү жана ишти натыйжалуу жүргүзүүнүн маанисин түшүнүүгө жардам берди.

– Баткенде “Book&Bite” окуу жана тамактануу жайын кантип ачып калдыңыз? 

– Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрү болчу. Бир таанышым WhatsApp аркылуу шилтеме жиберип, “Сен да Англияга барбадың беле, ушул программаны карап көрсөң” деп жазып калды. Шилтеме аркылуу кирип Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ/МОМ) “1+1” пилоттук программасын көрүп, кубанып кеттим. Ошол замат анкетаны толтуруп, катышуучу болдум. Анын алкагында Лейлекте үч күндүк окуудан өттүк. Ал жерде финансылык сабаттуулук, кирешелер менен чыгашаны пландоо, кардар табуу, бизнести таанытуу, атаандаштыкка туруштук берүү өңдүү бизнестин өзөгүн түзгөн билимди алдык. Топторго бөлүнүп, командалык иштерди жасап, практикалык сабактарга катыштык. Окуунун жыйынтыгында өз бизнес-долбоорумду жазып, аны ийгиликтүү коргоп, грант утуп алдым.

Ошол кезде келинчегим декретте болчу. “Грант алганга чейин үйдө бош отура бербей, ушундай бир нерсе ачпайлыбы?” деп сунуштап калды. Ошентип, мен ага чакан окуу жана тамактануу жайын ачып бердим.

– Бул идея сизге кантип келди жана эмне себептен дал ушул форматты тандап алдыңыз?

– Мындай форматты тандап алуумдун эки себеби бар. Биринчиси – мурда бул жерде чоң энемдин үйү бар болчу. Үй мектепке жакын жайгашкандыктан, чоң энем терезесинен окуучу балдарга блинчик, самса, пирожки сатып, чакан соода кылчу. Кийин ал үйдү бузуп, жаңы долбоор менен үй салаарда, чоң энемдин соода жайын сактап калууну чечтик. Себеби жайгашкан жери ыңгайлуу жана суроо-талап бар болчу.

Экинчи себеп, 2009-жылы студент кезимде Work and Travel программасы менен Америкага барганда алган таасирим болду. Ал жактан бир айылдын китепканасын көрүп, аябай суктангам. Ал жөн эле китепкана эмес, балдар ойной турган атайын аянтчасы, чоңдор чай ичип сүйлөшө турган кофеканасы, жаштар интернетке кирип же китеп окуй турган бурчтары бар өзүнчө эле коомдук маданий борбор экен. Ошондо ичимден: “Жалпы эл үчүн ушундай жайлуу, бардык шарттары менен адамдардын башын бириктирген жайлар бизге да ачылса экен” деп тилек кылып койгом. Бирок, муну ишке ашырууга азырынча мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан, мектеп окуучулары үчүн ушундай жай ачтык. 

Тактап айтканда, ошол чоң энемдин дүкөнү менен Америкада көргөн маданият ушул чакан бизнесимди ачууга түрткү берди десем туура болот. 

– “Book&Bite” окуу жана тамактануу жайы тууралуу айтып берсеңиз. Канча окуучуга ылайыкташкан жана ал жерде кандай мүмкүнчүлүктөр бар? 

– Кофекана чакан, 16 окуучуга ылайыкталган. Кардарлар көп болбогондуктан, күнүмдүк ишти жубайым өзү жалгыз жасайт. Майрам күндөрү иш көбөйгөн учурда жеңем келип жардам берип турат. Ал эми дем алыш күндөрү же жумуштан кийин мен дагы кол кабыш кылам.

Эртең менен саат 8де ачылып, кечки 6да жабылабыз. Окуучулар бул убакыт аралыгында каалаганча отуруп, окуй алышат, чектөө жок.

Жеңил тамактардан пирог, сэндвич, самса, пирожки, чай жана кофе бар. Мугалимдердин буйрутмасы менен ысык тамактардан көжө, оромо, аш жасайбыз. Негизинен экологиялык жактан таза азыктарга жана үй шартындагы табигый даамга басым жасалат.

Бул жерде окуучулар китеп окуп, табигый таза азык менен тамактанып, пайдалуу маалыматтарды алышса деген максатты көздөгөнбүз. Ошондуктан бул жерди коворкинг зонасы сыяктуу уюштурдук. Китеп текчелерибизде “Манас” эпосунан баштап, Чыңгыз Айтматовдун китептери, окуучуларга ылайыктуу дүйнөлүк адабий чыгармалар, журналдар жана предметтик китептер тизилип турат. Аз да болсо смартфондон, технологиялардан алагды болуп, китеп барактаса деген максатты көздөгөнбүз. 

– Бул жайды ачканда жана иштеткенде кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?

– Чынын айтканда, бул жайды ачып жатканда аталган программадан алган колдоо чоң жардам берип, олуттуу деле кыйынчылыктар болгон жок. Бирок учурдагы негизги көйгөй – окуучулар аз келишет. Анан калса азыр балдар экологиялык таза, пайдалуу тамак-аштарды жебей, дүкөндө сатылган жасалма таттууларды, тез татымдарды көбүрөөк тандашат экен. 

Анын үстүнө бизде тамактанып, китеп окуп, билим алууга багытталган мындай жайлар  жокко эсе болгондуктан, жаштардын көбү бул жерге китеп окуш үчүн эмес, жөн гана сүрөткө түшүп, соцтармакка чыгаруу үчүн келип жатышат. Албетте арасында атайын китеп окуганы, тапшырмаларын аткарганы келгендери да бар, бирок аз. 

Идея жакшы болгону менен, коомдук аң-сезимдин даяр эместиги, түшүнүктүн жаңы болгондугу бул бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Ошондуктан киреше дагы туруктуу эмес, азыркы учурда иштин көлөмү болжол менен 50/50 деңгээлинде десем болот.

– Эми бул көйгөйдү кантип чечүүнү пландап жатасыңар?

– Биз форматты акырындык менен өзгөртүүнү пландап жатабыз. Тамак-ашка басым жасабастан, бул жайды окуу жана өнүгүү борборуна айландырайын деп жатабыз. Жаңы жылдан баштап англис тили боюнча сабактарды киргиздик. Сабак өтүү үчүн такта, проектор, интернет жана бардык зарыл шарттарды түзүп жатабыз.

Буюрса, бул жайды сабак бышыктоочу билим берүү борбору (продленка) катары өнүктүрүүнү да максат кылып жатабыз. Түшкө чейин окуучулар мугалим менен сабактарын бышыктап, үй тапшырмаларын аткарышса, түштөн кийин англис тили сабактары өтөт. Келинчегим педагогикалык билимге ээ жана продленка сабактарын өзү өткөрүү үчүн азыр онлайн окуп, квалификациясын жогорулатууда.

Биздин максат – жөн гана каражат табуу эмес, жаштардын, окуучулардын аң-сезимин өзгөртүү, аларды китепке, билимге жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө кызыктыруу. Келген окуучулар китептерди кармалап, барактап көрүп, акырындап кызыга баштайт жана башка окуп жаткан балдарды көрүп сөзсүз шыктанат деп ойлойбуз. 

Албетте, бул акырындык менен ишке ашат. Ошентсе да, туруктуу, коомго пайдалуу натыйжа алып келе турган багытты тандадык деп ойлойм. Ошондуктан, бардык кыйынчылыктарга карабай, бул ишти токтотпой, улантууну туура көрүп жатабыз.

– Жеке ишкерлигин баштасамбы деп жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Менин оюмча, баары кыялдан башталат. Биз деле бир кезде “ушундай жай ачсак” деп кыялдана берчүбүз. Бирок, биз качан гана ошол кыялды кагазга түшүрүп, реалдуу аракеттерди жасай баштаганда гана ал кыял орундалды. Ошондуктан, “болбойт” деген нерсе жок, максатты, пландарды ишке ашыруу үчүн тынымсыз аракет кыла берсе эле жыйынтык болот. 

Анан дагы, бизнес баштоону бул жөн эле каражат табуу булагы эмес, башкаларга пайдалуу нерсе жасап, коомго салым кошуу катары да түшүнүшүбүз керек деп ойлойм. 

Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Дыйканчылыктын "чемпиондоруна" 25 миң сомдук сертификаттар берилди

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Кыргызстан жылуулук тармактарын субсидиялоону токтотуу 2033-жылга жылдырылды

Президент Кыргызстан кол койгон 2026-жылдын 11-февралындагы №39 жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетика комплекси маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу мөөнөтүнө байланыштуу болду. Баштапкы редакцияда мамлекеттик субсидиялардан баш тартуу 2028-жылга чейин каралса, жаңы редакцияга ылайык бул мөөнөт 2033-жылга чейин узартылды. Жарлыкта

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Таласта ишкердикке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды

Талас шаарында региондогу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен көчмө эксперттик жолугушуу өткөрүлүп, анда системалуу тоскоолдуктар талкууланып, 2030-жылга чейинки Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү программасына сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Талкуунун негизги багыты жеке менчикти коргоо, административдик бөгөттөрдү жоюу жана бизнестин туруктуу өсүшүнө шарт

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, депутаттар, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК