Кокустан жолго чыгып, өзүнүн таксопаркын ачууга чейин жетишкен: бишкектик айдоочунун таржымалы

Кокустан жолго чыгып, өзүнүн таксопаркын ачууга чейин жетишкен: бишкектик айдоочунун таржымалы

Максат Өмүрзаковдун окуясы - унаасы бузулуп, такси айдоочу менен кокустан баарлашып, өзүн да таксиде сынап көрүү сунушу менен башталган. Бүгүн анын тажрыйбасы таксидеги 12 жыл, өзүнүн таксопаркын ачуу жана он миңдеген катталуучусу бар блог жүргүзүүдөн турат. Айдоочулардын эл аралык күнүндө тажрыйбалуу айдоочу Максат, бул кесиптин ээлери көбүнчө эмнелерге туш болуп жатканын, кандай учурлар эсте калаарын жана акыркы жылдары жүргүнчүлөрдү ташуу тармагы кандай өзгөрүүлөргө учураганын айтып берди.

Баарын өзгөртүүгө өбөлгө болгон бир сапар 

Максат Өмүрзаков келечек жашоосунда дагы көп ирет таасир эте турган жагдайлардын айынан такси тармагына келген. 2010-жылдардын башында ал Бишкектеги тамак-аш сунуштаган жайлардын биринде официант болуп иштеген жана даяр тамактарды жеткирүү менен алектенген. Өзүнүн бизнесин ачуу тууралуу анда ойлоно элек болчу. 

Күндөрдүн биринде унаам бузулуп, аны "Кудайберген" базарына чейин сүйрөп барыш керек болуп калды. Карасам-такси турат. Барып, макулдаштым. Жолдо баратып айдоочу менен сүйлөшүп калдым, “сен таксиде көптөн бери иштейсиңби?” - десем, ал “бир жыл болду”-дейт. “Күнүнө канча акча табасың?” десем, “бир жарым миңден - үч миңге чейин” - дейт. Анан кызыгып калдым да, “таксиге орношууга жардам бересиңби?” – дедим. Айдоочу дароо макул болду. “Ошентип менин таксидеги иш жолум башталды”, – деп эскерет Өмүрзаков. 

Андагы жана бүгүнкү күндөгү таксиде - эки принципиалдуу айырма бар, дейт редакциянын маектеши. Ал кезде Яндекс Go сыяктуу мобилдик тиркеме тууралуу сөз да боло элек болчу. 

“Азыр кыйла ыңгайлуу болуп калды: тиркемеде баары бар – буйрутмалар, навигатор, төлөм жүргүзүү. Ал эми мурдагы жылдары буйрутмалар диспетчерлерге түшчү же жөн эле “борттон” - жолдун жээгинде турган кишилерди алып кетчик. Жада калса телефондо навигатор болгон эмес. Ар бир айдоочунун өзүнүнө таандык “Бишкектин картасы” бар болчу. Ошону ачып, даректерди издечик”, - дейт ал.

Дайыма өзгөрүүсүз калган нерсе – бул адамдардын такси айдоочусу кесибине карата мамилеси. Бул дайыма аталган чөйрөгө кокустан келген адамдардан чыныгы айдоочуларды айырмалап туруучу маркер болуп саналат. 

“Машина таза болушу керек. Айдоочу-сылык. Мурда, негизинен накталай акча менен төлөнгөн кезде, акыркы сомго чейин кайрып берүү маанилүү болчу. Анан да, акча ар кандай купюрада болушу зарыл эле. Ошондой эле, мүнөздүн белгилүү бир чеги болушу керек. Эгер адам ачуулуу болсо, ал таксиде иштей албайт. Жол тыгыны, жүргүнчүлөр да ар кандай болушат. Кимдир бирөө кыжырданат, ал эми кимдир бирөө тескерисинче токтоо болуп үйгө жеткирет жана – раазы болгон жүргүнчү аны чайга чакырат. Мындай учурлар да болгон", – дейт Максат Өмүрзаков. 

Блог ачуудан өзүнүн таксопаркына чейин

YouTube каналында блог ачуу идеясы айдоочунун айтымында мындан беш жыл мурда, жол жүрүүлөрдүн биринде пайда болгон. Бул дагы бир маанилүү окуяга айланган жагдайлардын бири эле.

“Жүргүнчү отурду, биз жүрүп, сүйлөшүп бараттык. Ал мага: “Эгер сен күн сайын ушинтип иштесең, эмне үчүн ал жөнүндө айтпайсың – кантип иштейсиң, канча табасың, кандай нюанстар бар”, - деп калды. Ошондон кийин бул ой менин башымда жашап алды, бирок көпкө чейин тартынып жүрдүм. Биринчи видеону дээрлик 12 саат монтаждадым. Анткени ага чейин Instagram же TikTokту эч качан сынап көргөн эмесмин”, – деп эскерет редакциянын маектеши.

Анын блогу такси айдоочуларынын арасында тез эле популярдуулукка ээ болгон. Бүгүнкү күнү анын 30 миңден ашуун катталуучусу, жүз миңдеген көрүүлөр жана комментарийлери бар. Дал ушул блог келечектеги бизнестин баштапкы чекити болуп калган. 

“Алгач мен бир таксопаркты жарнамаладым, алар менен бир жылча иштедик. Иштин артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, бонустары жөнүндө айтып бердим. Андан кийин таксист катталуучуларым: “эмнеге бирөөнү жарнамалайсың? Өзүңдүн таксопаркыңды ач, биз сага келебиз, сени менен иштешебиз”, – деп калышты, дейт ал.

Ошентип, YouTube-каналдын атынан коюлган “Maksat KG” таксопаркынын таржымалы башталып кеткен. Эки жылдын ичинде ага 5 500 айдоочу катталып, алардын миңден ашыгы күн сайын линияга чыгышат. Бул жерде алар бардык керектүү колдоону жана кеп-кеңештерди алып турушат.

“Таксопаркты ачуу оңой эле. Бирок анын жакшы өздөштүрүү үчүн талыкпай иштөө талап кылынат. Эң башкысы айдоочуларга карата мамиле: тез жооп берүү, жардам берүү, маселесин чечишүү. Эртең мененки саат 8:00дө ачылабыз, эки нөөмөттө иштейбиз. Чалуулар келип түшөт: машинени алмаштыруу, акчаны накталай эмес чегерүү, кардардын номерин табуу. Кээде жүргүнчүлөр бир нерселерин - баштык же кийим-кечесин унутуп кетишет. Ушунун баары тез арада чечилиши керек”, - дейт таксопарктын жетекчиси. 

Ишкер таксопаркты өнүктүрүүнү улантууга ниеттенүүдө: автоунааларды лизингге алып, иштеп андан кутулуунун келечек пландары бар. Азыртадан эле унаалардын бир бөлүгү ижарага берилип жатат, мындан кийин да ушул багытка басым жасоону ал пландаштырууда.

Коомчулукта такси айдоо иши кесип эмес, убактылуу алектенүү деген пикирлер кездешет. Максат Өмүрзаков мындай көз карашка караманча каршы.

“Айрымдар таксиден акча табуу мүмкүн эмес дешет. Бирок мен өз мисалым менен айта алам – иштесе болот. Керек болсо, карьераны дагы курууга болот. 2025 – жылы мен өзүмө үй сатып алдым - ипотекага болсо да, сатып алдым. Бир нече машина чогулттум, аларды айдоочуларыма ижарага берип жатам. Эң башкысы максат коюп, ошого карай умтулуу гана керек”, – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстандын 300 гектар жайытына үрөн, жер семирткичтер себилет

Быйыл Кыргызстандын 300 гектар жайытына үрөн, жер семирткичтер себилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө жайыт боюнча чоң долбоор кабыл алынып жатканын айтты. Министрдин айтымында, анда 300 миң гектарга чейин жайытты жакшыртуу каралууда. "Анын ичинде 30 миң гектарга чейин жайытка үрөн себүү, калгандарына жер семирткич чачуу пландалууда.

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Эмгекчил айылында логистикалык борбор курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков иш сапарынын алкагында Нарын районунун Эмгекчил айылында жайгашкан мурдагы жарандык коргонуу объектисинин абалы менен таанышты. Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен аталган жайда логистикалык борбор түзүү долбоору каралып жатат. Долбоорду ишке ашыруу аймактагы айыл

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски мүрзөнүн ордунда парк болот

Ош шаарындагы эски, сүрдүрүлгөн мүрзөнүн ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылганын шаар мэри Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында сүрдүргөн. Мэр Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди:

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азияда суу каатчылыгы олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштады

Борбор Азия ири гидрологиялык кризистин босогосунда турат. 1980-жылдардын аягынан бери аймак өлкөлөрү чөлдөшүүнүн кесепетинен кеминде 100 км түшүмдүү жерлерден ажыраганын economist.kg сайты жазды. ScienceDirect маалыматына ылайык, 1982–2020-жылдар аралыгында жердин деградациясы аймактын жалпы аянтынын болжол менен 14,8%ын камтыган. Маселе климаттык чөйрөдөн экономикалык деңгээлге өтүп, мамлекеттик өнүгүүнү чектеген