Эркин экономикалык аймактар. Эмне үчүн Өзбекстан ийгиликке жетишти, Кыргызстан жетишкен жок?

Эркин экономикалык аймактар. Эмне үчүн Өзбекстан ийгиликке жетишти, Кыргызстан жетишкен жок?

Пандемия дүйнөлүк экономикага катуу сокку урду. Жумуш орундары кыскарып, жакырчылыктын өсүшү тездеди. Өткөн жыл Кыргызстан үчүн эки эсе оор болду: бир жагынан жалпы глобалдык кризис тооруса, экинчи жагынан ички саясий кризиске туш келди.

Серепчилер 2021-жыл өлкө үчүн андан да оор болорун божомолдошууда. Жумуш орундарын түзүп, капиталды өзүнө тартып, экспорттук потенциалды жогорулаткан өндүрүүчүлөр жана ишкерлер гана инфляциянын өсүшүнө жол бербей, терс сальдо менен өсүп жаткан кырдаалды оңдой алышат. Ал эми мамлекет болсо ишкерлердин ишмердик жүргүзүүсүнө шарт гана түзүп берип туруш керек.

Organic заводу түздөн-түз экстракцияланган ширелерди тетра пакеттеринде чыгарат. Кыргызстан, Бишкек

Баса, дал ушул мамлекеттик колдоонун аркасында коңшулаш Өзбекстан бүгүнкү күндө өз өлкөсүнүн аймагында көптөгөн өндүрүш объекттерин локалдаштыра алды. Азыр коңшу мамлекетте курулуш материалдарынан тартып, ИВЛ-аппараттар, ПЦР-тесттерге чейин дээрлик бардыгы өндүрүлөт. Бул ишканалардын баары зарыл болгон инфраструктуралар курулган, жеңилдиктер каралган экономикалык аймактардын резиденттери болуп саналат.

Эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүүнүн ийгиликтүү мисалына Capital медиа компаниясы сереп салды.

Өзбекстандын тажрыйбасы

Өзбекстандын ЭЭАнын резиденттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү өткөн жылы бир жарым эседен ашык көбөйүп, дээрлик млрд долларга (900 млн доллар) жеткен, бул өлкөнүн жалпы өндүрүшүнүн 3%дан ашыгын түзөт. Экспорт дагы өсүп 9 айдын жыйынтыгы боюнча, ал 120 млн долларды түзгөн.

Өзбекстандагы ЭЭА

Өзбекстанда 22 экономикалык аймак бар. Буга чейин Өзбекстан бул зоналардын резиденттерине болуп көрбөгөндөй жеңилдиктерди берген.

ЭЭАнын резиденттери чийки заттарды жана жабдууларды, киреше салыгын, жер салыгын жана мүлк салыгын алып келүүдө бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.

Өткөн жылдын июнь айында өкмөт бул жеңилдиктердин айрымдарын жокко чыгарган. Бирок жеңилдиктер жоюлганга чейин ЭЭАнын субъектиси катары катталгандар үчүн оюндун эрежелери өзгөрүүсүз калган.

Борбордук Азиядагы биринчи керамогранит өндүрүү. Өзбекстан, Ангрен

Өзбекстандын экономикалык аймактарынын учурдагы шарттары ишкерлер үчүн бир топ эле ыңгайлуу.

Резиденттер, мурдагыдай эле, мүлк салыгы жана жер салыгынан бошотулган. Ошондой эле, жер тилкелери ЭЭАда акысыз берилет, бүтүндөй инфраструктуралык шарттар каралган.

Мындан тышкары, Эркин экономикалык аймактын дирекциясы анын резиденттерине бардык керектүү кызматтарды көрсөтөт.

«Чынын айтсам, бул жерде сага жекече мамиле жасашат. Россияда рынокко кирүү мен үчүн бул жакка салыштырмалуу бир топ кыйын эле. Бул жерде болсо менин инвестициям менен келген мүмкүнчүлүктү жогору баалашат. Россияда менин эч кимге керегим жок болчу. Кайсы бир жеке компания бир нерсе чыгарып жатабы, жасай берсин деген эле мамиле болчу. Бул жагынан алганда, Өзбекстанда алда канча жакшыраак жана кызыктуу », – деп билдирет Chirana Asia компаниясынын башкы директору Василий Шимко.
ИВЛ-аппараттарын жана медициналык жабдууларды чогултуучу завод. Өзбекстан, Ташкент

Экономика төмөндөп барат

Кыргызстанда январь-март айларында өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18%га төмөндөп, болжол менен 73 млрд сомду түзгөн.

Эгемендүүлүктүн дээрлик бардык жылдарында Кыргызстан импорттон көз каранды өлкө бойдон калууда жана өлкөнүн соода балансында импорттун үлүшү 80%ды түзөт.

Өткөн жылдын аягында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 1.9 млн долларды түзгөн жана ал 2019-жылга салыштырмалуу 13.2%га азайган. Пандемия бул жерде маанилүү роль ойногондугу талашсыз. Бирок, иш жүзүндө эгемендикти алгандан бери эле Кыргызстан соода балансында терс сальдого ээ. Өлкөнүн экспорттук потенциалы өкмөттүн колдоосунан көз каранды.

Ишкерлер кошумча же жаңы өндүрүш объектилерине инвестиция салыш үчүн, экспорттун көлөмүн көбөйтүш үчүн, салыктык өргүүлөрдү берген, инфраструктура менен камсыз кылган, узак жана арзан акча менен камсыз кылган мамлекеттин колдоосу керек.

«Куликовский» кондитердик үйү. Кыргызстан, Бишкек

Эң биринчи кезекте, бизнести колдоо жана анын өнүгүшүнө жардам берүү мамлекеттин кызыкчылыгында экендигин унутпаш керек: экономикага салынган бир сом кеминде эки сомдук кошумча нарк жаратат. Башкача айтканда, мамлекет бүгүн бизнес жүргүзүүгө шарт түзсө, эртең көп салыктарды чогулта алат, ошого жараша мамлекеттик казынага кирешелер түшөт. Башкача айтканда, уй сааш үчүн аны багыш керек.

Кандай гана мамлекет болбосун ал иш орундарын түзгөн, салык төлөгөн жана өлкөгө валютанын агымын камсыз кылган ишкерлерге таянат. Анткени, пенсия, жөлөк пул, мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысы ишкерлердин салыктары аркылуу төлөнөт. Демек, мамлекет ишкерлерге шарт түзүп, жарандардын жыргалчылыгы үчүн кам көрүш керек. Болбосо, бюджеттеги тешиктерди гранттар жана насыялар менен жабууга туура келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан