Өлкөдө 186 МТС иштеп, 4 миңге жакын айыл чарба техникасы кызмат көрсөтүүдө

Өлкөдө 186 МТС иштеп, 4 миңге жакын айыл чарба техникасы кызмат көрсөтүүдө

Кыргызстан боюнча машина-трактордук станциялардын (МТС) карамагында 4 миңге жакын айыл чарба техникасы бар. Республика боюнча жалпы 186 МТС түзүлгөн: алардын 63ү муниципалдык, 123ү жеке менчик болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, МТСтер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси жана Өкмөттүн колдоосу менен түзүлгөн.

Бул демилге айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өз маалында сапаттуу механизациялык кызматтар менен камсыз кылууга, лизингди өнүктүрүүгө, техника паркты модернизациялоого жана жаңылоого багытталган.

МТСтерди уюштуруу 2016-жылдын 17-мартындагы №107-б буйруктун негизинде башталган.

Аймактар боюнча МТСтердин саны мындайча бөлүштүрүлгөн: Нарын облусунда 30, Ысык-Көлдө 33, Ошто 19, Баткенде 12, Чүйдө 39, Таласта 25 жана Жалал-Абад облусунда 27 МТС иштеп жатат.

Бул станциялардын иши айыл чарба техникаларына жеткиликтүүлүктү жогорулатып, агрардык сектордун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media
Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media