Алайдын бийик тоолорунда 4 жылдыздуу отель ачылды – СҮРӨТТӨР

Алайдын бийик тоолорунда 4 жылдыздуу отель ачылды – СҮРӨТТӨР

Алай районундагы Талдык ашуусунда Ош – Эркеч-Там жолунда кыргызстандык ишкер Абдырасул Акматов деңиз деңгээлинен 3450 метр бийиктикте жаңы «Памир Алай» мейманканасын ачты. Бул мейманкана дүйнөнүн эң мыкты 5 бийик отелдеринин тизмесине кириши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына мейманкананын негиздөөчүсүнө эксперттик жардам көрсөткөн «Юнисон Групп» уюмунан билдиришти.

Боз үйдүн элесин берген мейманкананын жалпы аянты 270 м2 жана ал 6 уктоочу бөлмөдөн туруп, 14 орунга ылайыкташтырылган. Ошондой эле мейманканада коңшу айылдардан 4 адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, коноктор үчүн тамак-аш азыктары да ошол жерден алынат.

Мейманкананын кожоюну Абдырасул Акматов айткандай, өзгөчө бийик тоолуу мейманкана куруу боюнча чечим кабыл алуу өтө кыйын болгон. Анткени электр линиялары жок, анан калса коңшулаш Сары-Таш айылы да бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Бирок 5 кВт күн фотоэлектр панелин жана 250 литрлик суу жылыткычтын иштеши үчүн күн коллекторун орнотуу аркылуу отелди иштетүү мүмкүнчүлүгү ачылган.

Мындан тышкары, имараттын өзү 15 см калыңдыкта пенополиуретан менен жылуулангандыктан, бөлмөлөр дайыма жылуу жана ысык суу бар. Мейманкана толугу менен булактын таза суусу менен камсыздалып, айланадагы жаратылышты булгабоо үчүн заманбап саркынды сууларды тазалоочу жай да курулган.

Мейманкана ээлери туруктуу керектөө жана өндүрүш (ТКӨ) ошондой эле энергия менен ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизе алгандыгы менен сыймыктанышат. Аларга Кыргызстандын туристтик индустриясында энергияны жана ресурстардын эффективдүүлүгүн жайылтуу боюнча долбоор (орус., Продвижение энерго- и ресурсоэффективных технологий в туристической отрасли Кыргызстана «ПЭРЭТО») менен иштеген топ кеңеш берген. Алар жогоруда аталган «ПЭРЭТО» долбоорунун алкагында «Юнисон Групп» тарабынан уюштурулган энергияны үнөмдөө боюнча тренингдерге да катышышкан.

«Бул жер чыныгы жаңылык болот. Мейманкана 4 жылдыздуу болот, туристтер үчүн бардык шарттар түзүлөт, бул жерде инновациялык технологиялар жыл бою ийгиликтүү киргизилип жатат. Wi-Fi, Интернет жана мунун баары бийик тоолордун арасында болот. Туристтер негизинен Ленин чокусуна карай саякаттап, ушул жерден токтоп эс алышат. Азыр кожоюндар экинчи отелди куруп жатышат, анын бөлмөлөрү андан да көп болот, анткени алар 4 мезгилде тең иштегиси келип, кышында лыжа базасын жана балдар үчүн да лагерь ачууну пландап жатышат», – деди Ош боюнча «ПЭРЭТО»  долбоорунун консультанты Нурлан Ирисов.
«Памир Алай» отели Улуу Жибек Жолунда, Тажикстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде жайгашкан. «Бизде «ПЭРЭТО» долбоорунун бар экенине абдан кубанычтамын, анын аркасы менен биз инновациялык технологияларды жана энергияны үнөмдөөчү ыкмаларды киргизе алдык. Консультацияга чоң рахмат, биздин мейманкана дүйнөнүн эң мыкты 5 бийик мейманканасына кирет. Учурда Эльбрустагы мейманканадан кийинки орунда баратабыз», – деди мейманкананын ээси.

«Юнисон Груп» энергияны үнөмдөөчү чараларды ишке ашыруу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын бизнес-консультациялык программасынын өкүлү Нурмухамед Абдыкадыров жана Demir Kyrgyz International банкынын аймактык директору Абдумалик Абдувасиев, GIZ , жана башкалар өнөктөш уюмдардын биргелешкен  ишинин натыйжасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.

  • «ПЭРЭТО» долбоорунун алкагында инновациялык технологияларды киргизүү боюнча кеңеш алуу үчүн Бишкекте төмөнкү телефон аркылуу байланышса болот: (+996 312 90 12 17, +996 557 90 12 17, +996 703 90 12 17). Оштогу байланыш тел.: (0558 90 12 17, 0708 90 12 17, 0770 90 12 19). Бардык консультациялар бекер берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган