Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,3 млн сомду түздү.

Бир жыл ичинде мамлекеттик жаратылыш коруктарына жана жаратылыш парктарына 271 миңден ашык адамкелген. Экологиялык маршруттарга болгон кызыгуу 24%га өскөн.

Маалыматка ылайык, туристтердин басымдуу бөлүгүн ички туризм түзөт. Тактап айтканда, жаратылыш аймактарына 250,5 миңден ашык кыргызстандык барган. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы мамлекеттерден келген туристтердин кызыгуусу да сакталууда.

Адистердин айтымында, кирешенин өсүшү тарифтик саясатты оптималдаштыруу жана төлөмдөрдү жыйноону башкарууну жакшыртуу менен байланыштуу.

Мындан тышкары, жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн. Бир жыл ичинде 139 укук бузуу фактысы аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы 1,1 млн сомду түзгөн. Окуялардын басымдуу бөлүгү өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүү менен байланышкан.

Учурда 78 иш боюнча каражаттар бюджетке өндүрүлүп алынып, калган материалдар соттук жана административдик кароодо турат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media