Коомдук тамактануу тармагы бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү суранууда

Коомдук тамактануу тармагы бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү суранууда

Коомдук тамактануучу жайлардын өкүлдөрү бирдиктүү салыктын ставкасын 8%дан 2%га түшүрүүнү суранышууда. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы рестораторлор жана мейманканачылар Ассоциациясынын директору Евгений Тян билдирди.

Ал жаңы Салык кодекси күчүнө киргенин жана Салык кызматынын адистери рестораторлорго телефон чалып, 8%дык чен менен салык төлөөнү талап кылып жатышканын айтты.

Жакында коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү Экономика министри менен жолугуп, ставканы 6%га түшүрүү маселесин талкуулашкан. Бирок рестораторлордун айтымында, бул сан дагы деле жогору болуп эсептелет.

«Мен кесиптештерим менен чатта жазышканда алардын көбү бул сумманы төлөй албай жатканын айтышты. Эгер ченди 6%га түшүргөндө деле бул ресторан тармагына терс таасирин тийгизет. Бишкекте мекемелер төлөм жөндөмдүүлүгүнөн улам кандайдыр бир жол менен салыктын бул ставкасын көтөрө алышат, бирок башка аймактар үчүн бул бизнести өлтүргөнгө барабар», – деди ал.

Тян коомдук тамактануу тармагы калкты жумуш менен камсыздоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат жана ага расмий түрдө 200 миңден ашык адам тартылганын айтат.

«Биз салыктык ченди 2%га чейин төмөндөтүүгө аракет кылабыз, региондор үчүн ал 1%га чейин болушу мүмкүн. Алардын кирешесине караш керек. Мамлекеттик салык кызматы менен Экономика министрлиги ачык жана биз менен бул маселени талкуулап жатышат», – деди ал.

Ошондой эле Тян коомдук тамактануу ишканалары жана Экономика министрлиги бирдиктүү салыктын ставкасынын өлчөмү боюнча жумушчу топ түзүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

«Ошондо гана бардык ресторандар көмүскөдөн чыгышат. Бизге да иштөөгө ыңгайлуу болот, мамлекет да каалаганын алат», – деп баса белгиледи Ассоциациянын жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган