«Альянс Алтын» компаниясы ИИМге 18 кызматтык унаа белек кылды

«Альянс Алтын» компаниясы ИИМге 18 кызматтык унаа белек кылды

“Альянс Алтын”  ААК компаниясы ИИМге Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү  унааларды тапшырды. Бул унааларды тапшыруу аземине аталган ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү болуп эсептелет.

“Бардыгыбыз, мамлекет дагы, калк дагы жана бизнес тармагы дагы Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана тартип болуусуна кызыктар. Бул укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздалуусунан дагы көз каранды”, – деди ал.

Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Жалал-Абадга – 4, Чүйгө – 4, Ысык-Көлгө – 9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө – 1.

Белгилей кетсек, Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы август айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 7.6 млрд сом салык төлөсө, анын ичинен 4.9 млрд сому алтынды саткан каражаттан түшкөн. 


Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер