Экономика министрлиги КРда бизнести каттоо боюнча колдонмо иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги КРда бизнести каттоо боюнча колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Төмөндө аталган нускамадагы маалыматтар берилет.

Эмнеден баштоо керек жана ЖИН деген эмне?

Алгач ыйгарым укуктуу органдарынан ЖИН – жеке идентификациялык номерин алуу керек. Ал ИСН – идентификациялык салык номери катары колдонулат. ЖИНди кичи КТБдан башка бардык Калкты тейлөө борборлорунан алса болот.

Жеке жактар үчүн ЖИН

Эгер сиз «санариптик көчмөн» макамына ээ болсоңуз, анда сизге ЖИН автоматтык түрдө ыйгарылган, андыктан аны кайра алуунун зарылчылыгы жок. Калган учурларда паспортуңуздун мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилдерине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен КТБга кайрылсаңыз болот.

Юридикалык жактар үчүн ЖИН

Жеке идентификациялык номер кызматкерлерге юридикалык жактын жетекчисинин арызынын негизинде ыйгарылат. Бул үчүн юридикалык жактар төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • Юридикалык жактын атынан өтүнмө
  • Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдаштыруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү
  • Ишеним каттын түп нускасы жана көчүрмөсү (уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн)
  • Өкүлдүн паспорту жана анын көчүрмөсү же чет өлкөлүк жарандын паспорту, зарыл болгон учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен.

Канча убакыт талап кылынат?

Каттоо үчүн үч күндөн эки жумага чейин керектелет. Жана мөөрдү жасоого өз алдынча уруксат алууну чечсеңиз, эки жума талап кылынат. Ал эми фирма аркылуу жасасаңыз, үч күндөн бир жумага чейин убакыт кетет.

Кандай кадамдар талап кылынат?

  • КРнын статистика органдарында каттоодон өтүү – ишкердик менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк алуусу.
  • Жашаган жери боюнча салык органында каттоодон өтүү.

Ишкердикти жүргүзүү үчүн милдеттүү боло турган кошумча кадамдарга төмөнкүлөр кирет:

  • мөөрдү даярдоо: ЖЧК үчүн мөөр талап кылынат; ЖИ үчүн талап кылынбайт, бирок жактын каалоосу боюнча жасалышы мүмкүн; патенттер үчүн талап кылынбайт
  • лицензиялоо (ишкердиктин айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн ишкерлердин лицензиясы талап кылынат, мисалы, адвокаттык ишмердүүлүк)
  • кызматчылар эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген учурда КРнын Социалдык фондунда каттоодон өтүү
  • банк эсебин ачуу (бул кадам да ишкердин каалоосу боюнча аткарылат, эгерде ишкер накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзө турган болсо, банк эсебин ачуу сунушталат).

ЖЧКны каттоо

ЕАЭБ жарандары үчүн да, үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер үчүн да акционердик коомдорду (АК), филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жоопкерчилиги чектелген коомдорду (ЖЧК) каттоонун тартиби бирдей. Каттоо үчүн документтердин белгиленген тизмеси менен Юстиция министрлигине кайрылуу керек.

Уюмду мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин 15 күндүн ичинде салык органына келип, тандалган салык режимин билдирбесеңиз, аймактык салык органы сиздин уюм үчүн жалпы салык режимин аныктайт. № 25 формаcы – салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат, анда пайда салыгы, сатуу салыгы жана КНС көрсөтүлөт. Бул салыктарды каттоо юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн күнгө туура келет.

Документтердин тизмеси

1. Атайын формадагы каттоо арызы (арызды документтерди каттоого тапшырып жатканда ала аласыз).

2. Жоопкерчилиги чектелген коомду түзүү жөнүндө чечим. Чечимдин үлгүсү менен Юстиция министрлигинин сайтынын (http://minjust.gov.kg) «Юридикалык жактарды каттоо» бөлүмүндөгү №2 тиркемесинен табууга болот.  

3. Уюштуруучунун (жеке жактын) паспортунун мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен көчүрмөсү.

4. Уюштуруучунун (юридикалык жактын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (жергиликтүү юридикалык жак болгон учурда).

5. Уюштуруучунун (юридикалык жак) статусун күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган мыйзамдаштырылган көчүрмөсү (чет өлкөлүк юридикалык жак болгон учурда). Бул көчүрмөнү тапшыруу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

6. Уюштурулуп жаткан ЖЧКнын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсүнүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.

ЖЧКны түзүүдө эске алынуучу нерселер

  • ЖЧКнын аталышы башка юридикалык жактын аталышы менен окшош болбоого тийиш. Аталышты Юстиция министрлигинин расмий сайтынан (http://minjust.gov.kg) юридикалык жактардын жана филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин издөө системасы аркылуу текшерүүгө болот.
  • ЖЧК үчүн уставдык капиталдын минималдуу жана максималдуу өлчөмү аныкталган эмес.
  • Катышуучулардын саны 1ден 30га чейин болушу мүмкүн.
  • ЖЧК жалгыз катышуучу катары бир адамдан турган башка чарбалык коомго ээ боло албайт.
  • Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет.
  • Чет өлкөлүк катышуу бар ЖЧК Юстиция министрлигинде катталат, чет өлкөлүк катышуусуз – аймактык юстиция органдарында.

Күбөлүктүн негизинде жеке ишкер

Жеке ишкер күбөлүк менен катталса болот. Жеке ишкер салык режимин тандоодо чектелбейт, ЖИ жалпы режимди же бирдиктүү салыктын негизиндеги атайын салык режимин колдоно алат. Бирдиктүү салыктын негизиндеги режимди колдонгон учурда жеке ишкер накталай эмес төлөм формасын колдонсо кирешенин 4%, ал эми накталай төлөм формасын колдонсо кирешенин 6%ын төлөйт.

Эгерде сиз чет өлкөнүн жараны болсоңуз, жеке ишкер катары каттоодон өтүү үчүн ички иштер органдарында катталган жериңиз боюнча статистика органдарына кайрылышыңыз керек. Эгерде сиз санариптик көчмөн макамына ээ болсоңуз, анда статистика органдарында каттоодон өтүүнүн кажети жок.

Статистика органдарына кайрылуудан мурун, алардын күнүмдүк тартибин билип алуу керек, анткени ар бир район же шаар боюнча айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, Бишкек статистика башкармалыгында дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 8:30дан 16:00гө чейин каттоодон өтсө болот.

Каттоо үчүн паспорт керектелет. Ар бир райондо каттоо акысы ар башка болуп, 2000 сомдон 4000 сомго чейин жетет. Бул ар кандай техникалык жабдуулар жана каттоо чыгымдары менен шартталган.

Арыз жазуу керек. Каттоо формасы статистика органынын кызматкерлери тарабынан берилет.

Арызды толтургандан кийин, статистика кызматкери сизди жеке ишкер катары каттоону баштайт. Эреже катары, бул бир нече мүнөттү талап кылат. Ишкердик менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк ошол эле күнү берилет.

Салык органдарында каттоо

Сиз жашаган жериңиз боюнча салык органына паспортуңуздун көчүрмөсүн алып барышыңыз керек, ошондой эле №163 белгиленген формадагы арыз жазуу керек. Ал бул шилтемеде.

Ишкердик менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк алган учурдан тартып 10 күндүн ичинде салык органдарында каттоого туруу керек.

Эгерде он күндүк мөөнөттү өткөрүп жиберсеңиз, эң аз айлык акынын 10дон 20га чейинки өлчөмүндө айып пул төлөөгө туура келет. Бул КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 348-беренесинде белгиленген.

Төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке ишкер катары каттоо үчүн төлөм квитанциясы (төлөм квитанциясын жеке ишкер катары каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөгөндөн кийин Мамлекеттик салык инспекциясынын кассасынан ала аласыз, мамлекеттик алымдын суммасы 25 сом)
  • ишкердик менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө статистика органдарынан эки нускадагы күбөлүктүн көчүрмөсү
  • паспорттун эки нускадагы көчүрмөсү (жеке маалымат жана каттоону камтыган барактардын гана көчүрмөсүн жасоо жетиштүү)
  • 3*4 өлчөмүндөгү эки сүрөт
  • эки папка.


Күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн кандай документтер керек?

Күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • ЖИН – жеке идентификациялык номер – ыйгарым укуктуу органда, ал салыкта ИСН – идентификациялык салык номери катары колдонулат. ЖИНди кичи КТБдан башка бардык Калкты тейлөө борборлорунан алса болот.
  • Жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө күбөлүк.
  • Мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен паспорт.
  • Толтурулган №163 формасы.

Патенттин негизинде иштеген жеке ишкер

Мыйзамдуу түрдө ишкердик менен алектенүү үчүн мамлекеттик салык органында жеке ишкер катары катталбай коюуга болот. Иштин белгилүү бир түрүн ишке ашыруу үчүн патент алуу жетиштүү. Бул сиздин ишмердүүлүгүңүз туруктуу эмес, мезгилдүү болгон учурда өзгөчө ыңгайлуу. Жөнөкөйлөтүлгөн патенттик системага ылайык отчёттуулук талап кылынбайт.

Иштин ар бир түрүнө өзүнчө патент берилет.

Ошондой эле патентке негизделген эки же андан көп  ишмердүүлүктү ашырып жаткан жайларыңыз болгон учурда (пункттар/бюролор жана башка жерлер); анда бул жерлердин ар бирине патент алыш керек.

Патент ал берилген аймактын территориясында гана жарактуу.

Патенттин негизинде жеке ишкер катары кантип катталса болот?

Патентти алуу үчүн алгач ишкердик менен алектене турган аймактагы мамлекеттик салык инспекциясына кайрылуу керек.

Мамлекеттик салык инспекциясынан ККМ (контролдук-кассалык машиналарды) бөлүмүн табышыңыз керек; накталай жана башка төлөмдөр. Бөлүмдүн кызматкеринен ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүнө патенттин баасын биле аласыз.

Андан кийин кассага барып, патент үчүн белгилүү бир сумманы төлөп, төлөмдүн квитанциясын алыңыз.

Патенттин негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн кандай документтер керек?

Патенттин негизинде жеке ишкер катары катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • ЖИН – жеке идентификациялык номер – ыйгарым укуктуу органда, ал салыкта ИСН – идентификациялык салык номери катары колдонулат. ЖИНди кичи КТБдан башка бардык Калкты тейлөө борборлорунан алса болот.
  • Жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө күбөлүк
  • Мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен паспорт.
  • Толтурулган №163 формасы

Патенттин негизинде ЖИни каттоо канча сом турат?

КРнын аймагында иш жүргүзгөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасына 5ке барабар коэффициент колдонулбайт.

КРнын аймагында иш жүргүзгөн башка чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициентти колдонуу сакталат.

Патент сатып алууга мүмкүн болгон ишкердик иш-аракеттердин түрлөрүнүн тизмеси

Ишкердик иш-аракетти токтотуу

Жалпы салык режиминин негизиндеги ЖИ жана ЖЧК:

Жалпы салык режиминин негизиндеги ЖИ жана ЖЧКлардын ишкердик иш-аракетин токтотуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:

  • КРнын Юстиция министрлигине ишкердик иш-аракетин токтотуу жөнүндө билдирүү тапшыруу керек.
  • Салык органдарына ликвидациялык отчётторду тапшыруу керек.
  • Салык органдарына жоюу (ликвидация) арызын тапшыруу керек. Арыз 10 жумуш күндүн ичинде каралат. Белгиленген ликвидациялык текшерүүнүн алкагында бардык талап кылынган отчёт жана документтерди салык органдарына тапшыруу тийиш.
  • Мөөрдү жок кылуу үчүн катталган аймак боюнча РИИБге кайрылуу керек.
  • Керектүү документтердин тизмесин мамлекеттик архивге тапшыруу керек.
  • Жоюу жөнүндө арызды уюштуруу документтери жана салык органдарынан алынган күбөлүктөр менен бирге Юстиция министрлигине тапшыруу керек. Карап чыгуу мөөнөтү – 10 жумуш күн.
  • Юстиция министрлигинен жоюу буйругун алгандан кийин, аны салык органдарына тапшыруу керек.

Бирдиктүү салык режиминин негизиндеги ЖИ жана ЖЧК:

Бирдиктүү салык режиминин негизиндеги ЖИ жана ЖЧКлардын ишкердик иш-аракетин токтотуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:

  • Салык органдарына ишкердик иш-аракетин токтотуу жөнүндө арызды ликвидациялык отчёттор менен бирге тапшыруу керек (кароо мөөнөтү 10 күн, ликвидациялык текшерүү). Кирешелерди жана алар боюнча салыктарды төлөөнү жана бирдиктүү салык боюнча отчеттуулукту гана текшергендиктен, азыраак убакыт талап кылынат.
  • Мөөрдү жок кылуу үчүн катталган аймак боюнча РИИБге кайрылуу керек.
  • Керектүү документтердин тизмесин мамлекеттик архивге тапшыруу керек.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.