Изилдөө: бизнес-компаниялардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 58 миң сомду түзөт

Изилдөө: бизнес-компаниялардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 58 миң сомду түзөт

2022-жылы 11 бизнес-компаниянын кызматкерлеринин орточо базалык айлык акысы 58.8 миң сомду түздү. Мындай маалыматты компаниялардагы эмгек акы рыногун изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде El Group Consulting берди.

Изилдөөгө тоо-кен, финансы жана жалпы сектордогу ишканалар – «Альянс Алтын» ЖЧК, «КазМинералс Бозымчак» ЖЧК, «Хайленд Эксплорейшн» ЖЧК, «Финка Банк» ЖАК, «Компаньон Банк» ЖАК, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК, «Банк Азия» ЖАК, «Балтика» ЖЧК, «Рейт Групп» ЖЧК жана Light Fields Management LLC. катышышкан.

Ишканаларда иштегендердин жалпы саны 6535 адамды түзөт.

El Group Consulting белгилегендей, изилдөөгө катышкан компаниялардын 6%ы жылдын аягында 13-айлыгын төлөшөт. Ал эми 5%ы кызматкерлердин эмгек акысын АКШ долларында (жарым-жартылай жана/же бардык кызматкерлер үчүн), 1% – орус рублинде жана 74% – сом менен беришет.

Компаниялардын 91%ы кызматкерлерине ар кандай бонустарды беришет. Көп учурда компаниялар кызматкерлерине мобилдик байланыш, окутуу жана тамак-аш акысын төлөшөт.

Компаниялардын эч бири маянаны кыскарткан эмес

2022-жылы аталган компаниялардан бир дагы компания кызматкерлеринин эмгек акысын кыскарткан эмес, ошондой эле 2023-жылы да кыскартууну пландаштырган эмес.

Ишканалардын 82%ы өлкөнүн бардык аймактарында иштейт. Көрсөтүлгөн ишканалардын төрттөн бир бөлүгү гана 100% кыргыз капиталына, 13%ы ишканалардын биргелешкен капиталына, 63%ы толугу менен чет элдик капиталга ээ.

Эксперттер ошондой эле ишканалардын 73%ы кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатканын, орточо өсүү – 12%ды түзгөнүн аныкташкан. Ал эми ишканалардын 64% кызматкерлеринин эмгек акысын орто эсеп менен 9%га көтөрүүнү көздөшүүдө.

Кошумчалай кетсек, бул ишканаларда эмгек акыны накталай эмес (88%) төлөм басымдуулук кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Былтыр коруктардагы туризмден 37,7 млн сом киреше түшкөн

Кыргызстандын мамлекеттик жаратылыш коруктары жана жаратылыш парктары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча рекорддук натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, туристтик сектордон түшкөн каражат 37,7 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Кирешенин өсүшү 19,

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер