ОКӨФ чакан жана орто бизнести колдогон жаңы программасын иштеп чыкты - 20 миң доллардан 1 млн долларга чейинки долбоорлорду каржылайт

ОКӨФ чакан жана орто бизнести колдогон жаңы программасын иштеп чыкты - 20 миң доллардан 1 млн долларга чейинки долбоорлорду каржылайт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы программа кабыл алды. Анын шарттары тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылоого 600 млн сомго жакын каражат каралат. Долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда сумма көбөйөт.

Новиков буга чейин ишке ашпай жүргөн, инвестициялык чыгымдар үчүн жүгүртүү каражаттарын каржылоо пайда болгондугун белгиледи.

Мындан тышкары, региондордогу банк инфраструктураларын эске алуу менен, банктардын кароосу боюнча жүгүртүү каражаттарынын бир бөлүгүн накталай формада берүүгө жол берилет. Ошондой эле бөлүнгөн каржылоонун 50%га чейинки бөлүгүн аймактарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон коммерциялык жана башка кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга колдонууга уруксат берилет.

Күрөө жок жана жетишсиз болгон учурда ишкерлер бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн “Кепилдик фондуна” кайрылышса болот.

Каржылоонун шарттары

Чакан жана орто бизнес программасы аймактардагы коммерциялык банктар аркылуу 20 миң доллардан 1 млн долларга чейинки долбоорлорду каржылайт. Фонд 14 банк менен иш алып барат.

Пайыздык чендер:

  • АКШ доллары менен: инвестициялык долбоорлор үчүн 5 жылдык мөөнөткө 5%, акча жүгүртүүгө – 3 жылдык мөөнөткө 9%
  • сом менен: инвестициялык долбоорлор үчүн 3 жылдык мөөнөткө 8%, акча жүгүртүүгө – 3 жылга 14%.

Фонд ата мекендик ишкерлерди колдоого багытталган. Ошондуктан фонддон берилген улуттук валютадагы каражаттарга долбоорго чийки заттарды, товарларды, кызматтарды КРдагы ата мекендик ишкерлерден, өндүрүшчүлөрдөн гана сатып алууга уруксат берет.

ОКӨФтүн жетекчиси бардык жарыяланган шарттар иштеп жатканын кошумчалады. Насыяларды сентябрдан баштап алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган