«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз

«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз

«Белес KG» компаниясы Бишкек шаарын автобус менен камсыздоого кубаттуулугу жетпейт эле деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына ишкананын жетекчиси Мирбек Аскалиев билдирди.

Аскалиевдин айтымында, мэрия буюртма берсе, компания каалаган санда автобустарды чыгарып берүүгө даяр. Мындан тышкары, өндүрүштүн кубаттуулугу тендерди аткарууга күчү жетмек.

«21-июлдагы тендерге катышууга расмий арызда 120 күндө 100 автобус чогултууга даяр экенибизди жазганбыз. Бизде заводдо бардык тетиктер бар», — деди Аскалиев.

«Белес» компаниясы жыл аягына чейин кеминде 100 автобус тендерге чыгарып бере алмак.

Ал эми буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында компания ал сандагы автобустарды чыгарып бере алмак эмес деп айткан эле.

Бишкек шаарынын мэриясы болсо ата мекендик өндүрүштү эмес, кытайлык Zhongtong Bus Holding компаниясын тандаган. 120 автобус сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргендей, алар Кыргызстандын борборуна 2022-жылдын 15-декабрына чейин келиши керек болчу. Бирок алар бир жарым ай кечигип келишти.

Кошумчалай кетсек, «Белес KG» ишканасынын жетекчиси Эрбол Султанбаевдин «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат» деген сөзүнө макул эместигин билдирди.

«Бизде BELES UMUT 10 үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү автобус дагы бар. Меморандумга кол коюлган автобустар Paccar өндүрүүчүсүнүн экологиялык класстагы Евро-5 деген дизель майы менен жүрөт. Көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруусу 0.057ге барабар. Ал эми метан менен кытай автобустары Евро-5 менен болсо, көмүр кычкыл газынын эмиссиясы 0.056га барабар, айырма бираз гана.
Бишкек шаарынын мэриясы биздин автобусту Евро-2 жана Евро-3 классындагы эски автобустар менен салыштырып жатат. Мисалы, эгер унаанын түтүктөрүнөн түтүн чыгып, биз бул түтүндү көрүп турсак, анда бул Евро-1 же Евро-2 классы болуп саналат», — деп түшүндүрдү ал.

Кошумча окуңуз:

Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты

Бишкекке алынган автобустардын жарымы январдын аягына чейин келет — убадалар уланууда

Бишкек мэри Кытайдан келе жаткан автобустарды чек арадан өтүүнү тездетүүнү суранды

Бүтпөс жомок – Бийлик Бишкектен бүт кичи автобустарды алып, электробустарды алып келүүнү дагы убада кылды

Бишкек мэриясы 350 автобус алып келүү боюнча келишим түздү

ЕРӨБ КРга 33 млн евро насыя берет

КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз

КР ЕРӨБдөн автобус алууга алчу акчанын басымдуу бөлүгү кредит түрүндө келет – 25 млн евро

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр

Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт – мэрия

Бишкектин жетекчилиги 200 автобус сатып алууга шашылыш тендер жарыялады

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

“Биз жомоктордон тажадык” – “Жашыл энергетика” фондунун жетекчиси экологиялык саясат үчүн бийликти сындады

Бишкек мэриясы АӨБ менен биргеликте 120 электробус алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо

АӨБ берген каражатка жакында Бишкекке 120 автобус алынат – мэрия

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 500 кВ электр линиясын куруу үчүн 67,7 млн евро инвестиция тартылат

Өлкөдө 500 кВ электр линиясын куруу үчүн 67,7 млн евро инвестиция тартылат

Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында "Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосундагы 500 кВ электр өткөрүү линиясы курууга байланыштуу стратегиялык долбоор каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Долбоорду энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов тааныштырды. Анын

МИК келечекте айылдарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт

МИК келечекте айылдарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт

Келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания айыл жерлеринде да турак жай курууну баштарын Элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, учурда негизги курулуш иштери Ош жана Бишкек шаарларында жүргүзүлүүдө. Андан кийин 33 кичи шаарда, райондук борборлордо, ал эми кийинчерээк айылдарда курулуш башталат. "Айыл жерлеринде аймактын сейсмикалык өзгөчөлүгүнө жараша 3–5

29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин "Алтын-Ордо" конушундагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө

Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоо кызматтарын сатып алуу жана адистерди окутуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, бул максатка 6 миллион 791,9 миң сом бөлүү пландалган. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын кабыл алуу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-декабрына чейин. Долбоордун максаты — айыл