«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө?

«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө?

Акыркы бир жылдан бери «Манас» аэропортун модернизациялоо боюнча МЖӨ долбооруна инвесторлордун конкурсуна даярдыктар жүрүп, бирок долбоор узарып, бийлик өлкөнүн башкы аэропортун БАЭнин бир компаниясынын башкаруусуна өткөрүп берүүнү көздөп жатканы тууралуу маалымат бар. Айрыкча ачык тендерди күтүп жаткан тогуз инвестордун катарына кирген бул компаниянын тажрыйбасы күмөндүү.

Аэропорттор эл аралык абада ташуулардын эң маанилүү инфраструктуралык элементи болуп саналат. Транспорт системасынын бир бөлүгү катары алар ошондой эле өлкөлөрдүн улуттук жана аймактык инфраструктурасынын маанилүү компоненти болуп саналат. Учурда Борбор Азия өлкөлөрү авиациялык хаб түзүү боюнча региондогу лидерлик үчүн күрөштө өздөрүнүн аба портторун жаңыртуу менен активдүү алектенип жатышат.

«Манас» аэропортун эмнеге жаңылаш керек?

«Манас» аэропорту – ири аймактык хаб болуу статусуна эң мыкты талапкер. Буга аба ырайынын жакшы шарттары жана Бишкектин географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу себеп болууда. Азыр бир гана терс нерсе – аэропорттун эскирген инфраструктурасы. Бул маселе IFC менен келишимге кол койгондо чечилүүгө аз калган болчу, бирок министрлер кабинетинин жоопсуз аракеттеринен улам кайра токтоп калды.

Эгер талап кылынган хаб статусу “Манаска” ыйгарылса, каттамдардан түшкөн киреше көбөйөт. Алар боюнча биз өлкөнүн калган аэропортторуна колдоо көрсөтө алабыз, алар да реконструкцияга муктаж.

«Манастын» атаандаштары — Алматы менен Ташкенттин аэропорттору. Алар модернизациялоо стадиясында турат жана алардын бири биздин аэропорттун ордун толтуруусу убакыттын гана маселеси.

Коңшуларда абал кандай?

2021-жылдын апрелинде Казакстандын эң ири аэропорту болгон Алматы түркиялык компаниянын менчигине өткөн. Аэропорт ишмердигинин бардык тармактарында комплекстүү кызматтарды көрсөткөн TAV Airports Алматы Эл аралык аэропортунун 85% үлүшүн 365 млн долларга сатып алган.

TAV аэропорттун сыйымдуулугун эки эсеге көбөйтүп, жылына кеминде 14 млн жүргүнчүгө жеткире турган жаңы эл аралык терминалды курууга 200 млн долларга жакын инвестиция салууга милдеттенди. Курулуш үч жылга жетпеген убакытта (2024-жылдын апрелине чейин) бүтүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 2024-жылга карата менчиктештирүү графигине «Семей» эл аралык аэропорту жана АТМА – «Атырау аэропорту жана транспорт» АК кирет.

Өзбекстанда да жеке секторду өлкөнүн инфраструктуралык объектилерине тартуу боюнча кадамдар жасалды. Тактап айтканда, 2022-жылы Самарканд аэропорту чет элдик Air Marakanda ишканасынын башкаруусуна өткөн. Компания жүргүнчүлөрдү, терминалдарды, учактарды жана жерде тейлөө кызматтарына жооп берет.

Кошумчалай кетсек, сингапурлуктар Өзбекстанга Ташкентте жаңы аэропорт курууга жардам беришет. Uzbekistan Airports менен Сингапурдун Changi Airports International компаниясы Ташкенттин жаңы эл аралык аэропортунун долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшкан.

Долбоордун баасы 1 млрд долларга чейин болушу мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандагы абал кандай?

Кыргызстан коңшулары сыяктуу эле аба транспорту менен жүргүнчү жана жүк агымын көбөйтүүгө кызыкдар.

2021-жылдын декабрь айында аэропорттун МЖӨ долбоорунун консультанты катары бекитилген IFC тарабынан аткарылган иштер негизги аба порту жаңыланууга муктаж экенин көрсөттү. Учуп-конуу тилкеси эле 30 жылдан ашык убакыттан бери толук оңдолгон эмес.

Каржылоо муктаждыгы болжол менен 400 млн долларга бааланган. Акциянын контролдук пакетинин ээси (79.05%) мамлекетте мындай каражат жок экени анык.

Салыштыра турган болсок, 2022-жылы “Манас” аэропортунун кирешеси 4.5 млрд сомду түздү, бул болжол менен 52.3 млн доллар. Ал эми 400 млн доллар инвестициялоо үчүн аэропорттун бардык кирешесин жакынкы 8-10 жылда модернизациялоого багыттоо керек болот.

Бул акционерлер биринчи кезекте акциялардын контролдук пакетине ээ болгон мамлекет эч нерсе албайт дегенди билдирет. Башка ийкемдүү чечимдер бар экенин эске алганда, алар буга макул болоору күмөн.

Аэропортторду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдештирүүнүн кеминде үч жолу бар:

  • Биринчиси – толук менчиктештирүү, ал аэропорттун мүлкүнө менчик укугун мамлекеттен жеке инвесторлорго өткөрүп берүүнү камтыйт. Ошол эле учурда Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда менчиктештирүү таптакыр жокко чыгарылат.
  • Экинчиси – концессиялык келишимдер. Бул модель боюнча жеке инвестор мамлекетке концессиялык төлөм төлөйт. Кийинчерээк инвестор өзүнүн чыгымдарын аэропорттун колдонуучуларынан ар кандай төлөмдөрдү чогултуу аркылуу калыбына келтирет.
  • Үчүнчүсү – башкаруу келишими. Мында аэропорттун мүлкүн башкарууга жеке подрядчы тартылат.

Аэропортторго жеке секторду тартуу учурларынын басымдуу көпчүлүгү концессиялык келишимдин шарттарында ишке ашырылат. Ал эми Кыргызстан да ушул жолго түшүүнү көздөгөн.

IFC долбоордо кандай рол ойнойт?

2021-жылдын декабрында IFC «Манас» аэропорту үчүн МЖӨ долбооруна консультант катары тартылган. МФКнын милдеттерине көп тараптуу экспертиза жүргүзүү жана «Манас» эл аралык аэропорту үчүн МЖӨ долбоорун түзүмдөштүрүү, ошондой эле «МАМ» ААК аэропортунун инфраструктурасын изилдөө (техникалык, укуктук, табигый жана социалдык), финансылык талдоо, болжолдоо жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо кирет.

2022-жылдын апрель айынын аягында IFC «Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорунун бардык тастыктоочу документтерди МЖӨ негизинде, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени даярдап, кийинки этапка – инвесторлордун конференциясын өткөрүүгө өттү. «Манас» аэропортуна инвестиция салууга кызыкдар болгон тогуз эл аралык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга өткөн жылдын июнь айында ага катышуу үчүн келишкен: Munich Airports, Korea Airports Corporation, Incheon International Airport Corporation, EGIS, Corporation America Airports, Airports of Regions, GMR Group, ICTAS жана YDA Group .

Айтмакчы, акыркысы IFC инвесторлордун конкурсун өткөрүүгө камданып жатканда түздөн-түз Кыргызстандын жетекчилигине барып, республика үчүн жагымсыз, атүгүл кулчулукка жеткирген келишим түзүүгө аракет кылган. Документтин пункттарынын бири Бишкек менен Оштогу аэропортторду YDA Group компаниясына кредит алуу үчүн күрөөгө коюу болгон. Бул акчага инвестор аба түйүндөрүн модернизациялоо боюнча милдеттенмелерин аткарууну пландаган.

Келишимдин чоо-жайы коомчулукка белгилүү болгондон кийин бийлик келишим түзүүдөн баш тарткан.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2022-жылдагы акыркы жыйындарынын биринде Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине аба портун модернизациялоо боюнча IFC сунушун кайра кайтарууну сунуштаган.

Созулган иш-чара жана күмөндүү инвестор

Ага карабастан, Кыргызстандын бийлиги «Манас» аэропортун модернизациялоо боюнча инвесторлор менен түз сүйлөшүү аракетин токтотпой келет. БАЭден келген потенциалдуу инвесторлор Акылбек Жапаровдун өткөн жылдын декабрь айында Абу-Дабиге болгон иш сапарынан кийин министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан белгилүү болгон. Анда министрлер кабинетинин башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Андан соң министрлер кабинетинин басма сөз кызматы «Манасты» реконструкциялоону AD Ports Group компаниясы жүргүзөрүн билдирди. Бирок Кыргызстан менен араб компаниясынын ортосундагы келишим долбоору менен тааныш булактардан белгилүү болгондой, AD Ports Group долбоорду ишке ашырууну Terminals Holding компаниясына өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

Ошол эле учурда ири инфраструктуралык долбоорду иш жүзүндө AD Ports Group эмес, башкалар тарабынан ишке ашырыла тургандыгы расмий түрдө айтылган эмес.

Ачык булактарда Terminals Holding жөнүндө маалыматты топтоо учурунда эле эмне үчүн бул компаниянын аты айтылбаганы белгилүү болот. Анткени компаниянын веб-сайты визиттик карточка гана болуп саналат жана ал жөнүндө толук маалыматтар жок (ишмердүүлүгү тууралуу санариптик көрсөткүчтөр жок, кээ бир бөлүмдөр бош).

“Биздин ишмердүүлүгүбүз” бөлүмүндө болсо холдингдин компаниясы катары Afroport жана Gports көрсөтүлгөн. Негизги беттеги маалымат да шектенүүнү жаратат, бул компаниянын дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө жана инвестициялык көз караштан алганда жакшы эмес: Мавритания, Сомали, Ирак, Афганистан сыяктуу өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн көрүүгө болот.

“Манас” аэропортун модернизациялоого кызыккан инвесторлордун фонунда араб компаниясы дилетанттай көрүнөт.

Бийлик шектүү инвесторлорду алып, бир жылга жакын даярдалган сынакты өткөрүүдөн баш тартып жатса, кошуналар аэропортторун модернизациялоого кызуу киришти. Мындай темпте Кыргызстандын негизги аэропорту аймактагы жарышты баштабай эле утулуп калуу коркунучу бар. Анда «МАМ» ААК жөн гана аймактык өтмөк пунктка айланат.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.