Акыркы 3 жылда камсыздандыруу компаниялар КР экономикасын 8.5 млрд сомго толукташты
Акыркы 3 жылда камсыздандыруу компаниялар Кыргызстандын экономикасына салык жана инвестиция түрүндө 8.5 млрд сомго жакын каражатты инвестициялашты. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы» Юридикалык жактардын ассоциациясынын президенти Бакыт Шаршеналиев билдирди.
Шаршеналиев белгилегендей, ишканалар көптөгөн жумуш орундарын түзүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча камсыздандыруу тармагында 800дөн ашык адам иштейт.