Кыргызстандык «Адал Азык» ишканасы JAFZA аймагында өкүлчүлүгүн ачууга мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат

Кыргызстандык «Адал Азык» ишканасы JAFZA аймагында өкүлчүлүгүн ачууга мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат

«Адал Азык» кыргыз компаниясынын өкүлдөрү арабиялык JAFZA  эркин аймакта компания ачуу жана өндүрүш мүмкүнчүлүгү тууралуу толук маалымат алышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз компанияларга JAFZA тарабынан атайын Дубайдагы компанияларынын бет ачары өткөрүлдү жана Бишкек экономикалык аймагынын ар кандай департаменттеринин өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Транспорттук компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандан БАЭге жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөргө жүк ташууда экономикалык аймак менен өз ара аракеттенүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун соңунда ишкерлер үчүн компанияны онлайн-платформаны колдонуу менен экономикалык аймакта бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жана аны каттоо маселелери боюнча тренинг өткөрүү макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди. Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган