Masdar компаниясынын адистери майдын ортосунда Кыргызстанга келишет

Masdar компаниясынын адистери майдын ортосунда Кыргызстанга келишет

2023-жылдын май айынын ортосунда Masdar компаниясынын техникалык адистери Кыргызстанга келишет. Чечим КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Abu Dhabi Future Energy Company PJSC – Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде КР Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин карады.

Мындан тышкары аталган долбоор боюнча күн станциясын Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы жер участокторуна жайгаштыруу боюнча иликтөө иштери каралууда.

Эске салсак, буга чейин министр Таалайбек Ибраев инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай «Masdar» компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.

План боюнча станция 2025-жылы колдонууга берилет.

Мындан тышкары окуңуз

АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Diversity Visa программасына (Green Card алуу лотереясы) катталуу үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө. Бул талаптар 10-апрелден тартып күчүнө кирет. Алар мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Негизги өзгөрүү — эми баштапкы анкета толтурууда эле документтердин санарип көчүрмөлөрүн жүктөө талап кылынат. Бул чара алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү жана катышуучуларды так аныктоону жеңилдетүү

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди. Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев