Марат Черикчиев «Кыргыз почтасынын» төрагасы болуп кайрадан шайланды

10-майда «Кыргыз почтасынын» директорлор кеңеши Марат Черикчиевди ишкананын башкармалык төрагалыгына кайрадан шайлады. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди. Черикчиев «Кыргыз почтасында» 2011-жылдын декабрынан бери башкы директордун орун басарынын кызматынан баштаган. Буга чейин Черикчиев Транспорт министрлигинде иштеген. Кошумчалай кетсек, 28-апрелдеги акционерлердин жалпы жыйынында «Кыргыз почтасы» ишканасынын директорлор кеңешинин

Чынгыз Керимбеков
Марат Черикчиев «Кыргыз почтасынын» төрагасы болуп кайрадан шайланды

10-майда «Кыргыз почтасынын» директорлор кеңеши Марат Черикчиевди ишкананын башкармалык төрагалыгына кайрадан шайлады. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Черикчиев «Кыргыз почтасында» 2011-жылдын декабрынан бери башкы директордун орун басарынын кызматынан баштаган. Буга чейин Черикчиев Транспорт министрлигинде иштеген.

Кошумчалай кетсек, 28-апрелдеги акционерлердин жалпы жыйынында «Кыргыз почтасы» ишканасынын директорлор кеңешинин курамы жаңыланды. Анын курамына Нургазы Сатимкулов, Бахтияр Болгонбеков жана Усеналы Бекишев кирген.

Чынгыз Керимбеков

По теме