Абдыш-Ата заводунда пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүргүзүлдү

Абдыш-Ата заводунда пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүргүзүлдү

12-майда сыра жана алкоголсуз суусундуктарды чыгарган Кант шаарындагы «Абдыш-Ата» заводунда пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖМКлар ишканадагы булактарга таянып жазып чыгышты.

Kaktus.media редакциясы ишканага Салык кызматынын инспекторлору келгенин кабарлады. Маалыматты «Абдыш-Ата» ишканасынын башкы директору Азат Сакебаев тастыктады.

«Пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүрүп жатат. Бизде акциздик товарлар бар», - деп түшүндүрдү Сакебаев.

Ишкананын кызматкерлери 24.kg басылмасына анын ишине жарым-жартылай бөгөт коюлганын, сыра ташууга тыюу салынганын билдиришкен. Завод энергетикалык суусундукту гана чыгарып жатат. Бирок бул маалымат заводдо расмий түрдө четке кагылды. Компания салык боюнча гана текшерүү жүргүзүлгөнүн айтууда.

«Завод штаттык режимде иштеп жатат. Эч кандай издөө иштери жүргүзүлгөн эмес», - деп заводдо билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан