Чикагодо Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсү ачылды

2023-жылдын 18-июлунда Чикагонун борборунда Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү, анда «Кыргызстанда жасалган» эксклюзивдүү продукциялар коюлган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана мекендештерибизге тиешелүү болгон 5 компания менен биргелешкен ийгиликтүү ишинин жыйынтыгында Чикаго шаарындагы 80ден ашык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн арасындагы «Маданий көргөзмөлөр» сынагында Кыргызстан 4 жеңүүчүнүн бири болгон.

Бул долбоордун алкагында 4 ай бою Чикагонун туристтер эң көп келген жеринен Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсүн өткөрүү үчүн имарат бөлүнгөн.

Чикагого туристтик агымды эске алуу менен бул долбоор кыргыз продукциясын АКШга экспорттоону, Кыргызстандын таанылышын, туристтик потенциалын жана маданиятын даңазалоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсү күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин ачык жана The Wrigley Building 400 N Michigan Ave, Chicago, IL 60611, US дарегинде жайгашкан.

Байланыш телефону: +1 312 898 4581. Инстаграм: @immersive_kg

Мындан тышкары окуңуз

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш