Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери бул алдамчылыкка шектүүнү кармашты.

Шаардык ИИББнын басма сөз кызматынан билдиргендей, көрсөтүлгөн нускамаларды аткарып, арыз ээси өз атына «МБанк», «О!Деньги» жана «Оптима Банк» төлөм уюмдарында банктык эсептерди жана электрондук капчыктарды ачкан. Андан соң белгисиз адамдар анын 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып, байланышууга чыкпай коюшкан.
Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Н.И. аттуу жаран кармалып, шектүү катары аныкталды. Ал КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан анын ушул сыяктуу 10дон ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.

💡
Бишкек шаарынын ИИББ - жарандарды сак болууга чакырып, интернет тармагында белгисиз адамдарга ишенбөөгө, тааныбаган адамдарга акча каражаттарын которбоого жана күмөндүү каржылык схемаларга катышпоого үндөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт