MegaPay Бишкектин коомдук транспорттун өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга жардам берет

MegaPay Бишкектин коомдук транспорттун өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга жардам берет

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев жана "Кыргызмобайлкомпани" (ТМ MegaPay) ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Азамат Жамангулов коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Меморандумдун негизги максаттарынын бири жарандарды муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүүгө түрткү берүү болуп саналат.

Пилоттук долбоордун алкагында төлөм системасынын оператору жарандарга жол акысын накталай эмес түрдө төлөө үчүн QR-кодду колдонуу менен MegaPay системасы аркылуу төлөөдө жарым-жартылай компенсация берет.

Жунушалиев мындан аркы кызматташуу боюнча бир нече идеяларды сунуштады. Атап айтканда, бул муниципалитет үчүн бирдиктүү биллинг системасын түзүү, транспорт, турак-жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле пилоттук режимде ишке киргизилип жаткан электрондук парковка системалары жана башкаларга  тиешелүү.

Меморандум шаардын транспорт системасын жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди. "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз