Оштун ишканалары 6.9 млрд сомдук продукция өндүрдү – шаардык мэриясы

Оштун ишканалары 6.9 млрд сомдук продукция өндүрдү – шаардык мэриясы

2023-жылдын 11 айында Ош шаарындагы өнөр жайлар 6 млрд 951.7 млн. сомдук продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырсак 757,2 млн. сомго көбөйгөн. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2 млрд 509.3 млн сомго бекитилип, бул өткөн жылга караганда  908 млн сомго көп.

2023-жылы 6000 куб болгон 4 даана суу кампа, 15 даана скважина, жер үстүнөн өтүүчү өтмөк, 4 бала бакча, 2 мектептин кошумча окуу корпусу, 6 балдар ойноочу аянтчасы, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы толугу менен оңдоодон өттү. Жалпы шаарда 32 обьектинин курулушу жүрүп, анын ичинен 28и пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Ош шаарынын борбордук стадиону толук оңдолсо, В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын аймагына 700 орундуу мектептин жана 500 орундуу жатакананын, Алмалык айылындагы 150 орундуу мектептин курулуш иштери жүрүп жатат.

Шаар боюнча жыл ичинде жалпы 15 км жол асфальтталган.

Бүгүнкү күндө ипотекалык шартта 9 кабаттуу 3 турак үйдүн (237 батир) 5 көп кабаттуу турак үйдүн (1000 батир) курулушу жүргүзүлүүдө. Бул үйлөр бүтсө 1200 дөн ашуун үй-бүлө батир менен жеңилдетилген шартта камсыз болушат.

 “Ак-Буура” дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жайкы театрды оңдоо, эс алуучу жай жана борбордук аянтта фонтан куруу иштери жүрүп жатат. Ош мамлекеттик университети Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имараттарынын ордуна 7 кабаттуу медициналык клиниканын курулушун баштады.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди. "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз