2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2023-жылы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 652 бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 3 млрд 741 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 84%га көп.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясына акциздик марка киргизүүнүн эсебинен акциз салыгынынан түшүүлөр 1 млрд 64 млн сомго көбөйдү, бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 114% га көп.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары бар алкоголдук продукцияларды жүгүртүү үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 500дөн ашык продукцияны жүгүртүү үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды. Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына 12-мартта жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер жумасына төрт жолу каттайт: * дүйшөмбү, * шаршемби, * бейшемби, * ишемби күндөрү. Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек. Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө мамлекеттик насыя боюнча карызды өндүрүү тууралуу аткаруу өндүрүшү жүргүзүлгөн. ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү ишкер О.М.Ж.  карызкор катары көрсөтүлгөн. Аткаруу баракчасы Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде келип түшкөн. Чечимге ылайык, карызкордон 14 млн 270 миң сом Ысык-Көл облусун өнүктүрүү

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Алардын баары теӊ камактан