Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек.

Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун алдында социалдык тармактарда Конгантиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү жана анын мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы тууралуу маалыматтар тараган.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Конгантиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карап чыгып, анын мандатын токтоткон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө  алардын ичинен сегизи— согуштун түз катышуучулары. Аймактар боюнча: Бишкек — 4; Чүй облусунун Жайыл району — 2; Нарын

Кочкор районунун заманбап автобекети жыл аягында пайдаланууга берилет

Кочкор районунун заманбап автобекети жыл аягында пайдаланууга берилет

Былтыр башталган Кочкор районунун заманбап автобекети ушул жылдын аягында пайдаланууга берилет. Жаңы автобекет ишке кирсе, райондун борбордук көчөсүндөгү унаалардын башаламан кыймылы жөнгө салынат. Бүгүнкү күндө ички жана тышкы каттамда иштеген таксилер ой келди көчө боюн ээлеп турса, эми алардын баары жаңы бекетке киргизилет. Курулуш объектисинин прорабы Аралбек Осмоновдун айтымында, автобекеттин

Ош шаарында 100 иш орундуу жаңы кондиционердик цех ачылды

Ош шаарында 100 иш орундуу жаңы кондиционердик цех ачылды

Ош шаарында "Мадина" аталышындагы жаңы кондитердик цех ишке киргенин муниципалитеттен билдиришти. Ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 63 млн сом колдоосу менен ачылып, 100 жумуш орду түзүлдү.  Заманбап жабдуулар менен камсыздалган цехте 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттуулар өндүрүлөт. Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков,

БМУда иш орундар жарманкеси өтөт

БМУда иш орундар жарманкеси өтөт

23-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде(БМУ) бош орундар жарманкеси өтөрүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5 миңден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.