Жалал-Абадда көмүскө экономиканын көлөмү 30%ды түзөт – УКМК

Жалал-Абадда көмүскө экономиканын көлөмү 30%ды түзөт – УКМК

УКМК Жалал-Абад облусунун аймагында иштеп жаткан ишкердик субъекттеринин санына мониторинг жүргүзгөн, анын натыйжасында Салык кызматынын расмий маалыматтары менен олуттуу айырма аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алсак, Салык кызматынын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында 7077 ишкердик субъект (соода борборлору, дүкөндөр, мейманканалар, кафелер, ашканалар, чач тарачтар, техникалык тейлөө станциясылар ж.б.) расмий катталган жана экономикалык ишмердигин жүргүзүп келет.

Бирок жүргүзүлгөн эсептөөдө, облустун аймагында 10 132 ишкердик субъект иштеп жаткандыгы аныкталып, бул Мамлекеттик салык кызматынын маалыматынан 3055 субъектке, б.а. 30.1%га көптүк кылат.

Азыркы учурда КР УКМКнын демилгеси менен мыйзамсыз иштеп жаткан ишкердик субъекттерди көмүскө экономикадан чыгаруу максатында профилдик мамлекеттик органдарды, анын ичинде салык кызматы, санэпидемстанция, архитектура, суу жана энергия менен камсыз кылуучу уюмдарды тартуу менен комиссия уюштурулган.

Бул иш-чаралар субъектерди легалдаштыруу жана алардын ишин КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын №280 буйругу тууралуу маалымдады. Бул талаптар 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартипке ылайык, Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканалар CIFER мамлекеттик маалыматтык

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1350 метрди түзөт. Иштердин жүрүшүндө жол сапатын жакшыртуу жана анын кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн "ресайклер" аттуу жаңы технология колдонулууда.

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылганы

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

1-апрелден тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоого лимиттер "Электрондук балык уулоо системасына" киргизилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл