Нарындагы бала бакчада "жасалма жумушчулар" табылды

Нарындагы бала бакчада "жасалма жумушчулар" табылды

Нарында мамлекеттик мекемеге адамдарды жасалма түрдө жумушка орноштуруу фактылары аныкталганын  УКМКнин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2024-жылдын башында Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. ошол эле айылдагы "Тангабийке-Бердике" балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок алар жумушка алынгандан тартып өз милдеттерин аткарышкан эмес жана узак убакытка айылдан чыгып кетип турушкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту ("Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча катталган. Тергөө алкагында бул фактылар тастыкталып, ошондой эле алар иш убактысын эсепке алуу табелин жасалма толтуруу аркылуу айлык акыларын үзгүлтүксүз алып турушканы аныкталган.

Белгилүү болгондой, балдар бакчанын директору Т.Т.Э. күнөөсүн моюнга алып, 750 миң сом өлчөмүндө зыянды төлөп берген.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган