Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти
Кыргызстанда январь-сентябрь айларындагы кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жеткени статистикалык маалыматтарда келтирилди.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 3,1 млрд сомго же болжол менен 26,6%га көп. Ишкерликтин бул түрү боюнча физикалык индекс көлөмү 9 айда 116,7%га жеткен.
2025-жылдын сентябрь айында карата тигүү тармагынын ишканалары 1 млрд 866,4 млн сомго продукция чыгарган. Ошентип, бир айлык өндүрүү көлөмү 12,4%га, а кийим өндүрүшүнүн физикалык индекс көлөмү 116,9%ды түзгөн.