Заманбап асфальт заводун ачкан ишкер Тынчтыкбек Курбанбековдун ийгилик тарыхы

Заманбап асфальт заводун ачкан ишкер Тынчтыкбек Курбанбековдун ийгилик тарыхы

Миграциядан мекенине кайтып келгенден кийин Тынчтыкбек Курбанбеков өзүнүн жол куруучу компаниясын түзүп, "Кепилдик фонд" ААКсынын колдоосу менен заманбап асфальт заводу менен техникаларды сатып алууга жетишти. Анын бизнеси жолдорду гана курбастан, аймактын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачууда, - деп билдирет "Кепилдик фонддун" маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, 2016-жылга чейин Тынчтыкбек Россияда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн. Кыргызстанга кайтып келип, топтогон тажрыйбасын пайдаланып, өз бизнесин ачууга чечим кабыл алат. Ушундайча Баткен облусунда жол куруу жана оңдоо иштери менен алектенген "Автомагистраль" ЖЧКсы түзүлгөн.

Иштин көлөмү өсүп, өндүрүштү кеңейтүү жана өз асфальт заводун сатып алуу зарылчылыгы пайда болот. Бирок жетишсиз күрөө камсыздоосу насыя алууга тоскоол болгон.

2023-жылы Тынчтыкбек алгач ирет банкка кайрылып, "Кепилдик фонд" ААКсынын кепилдиги аркылуу насыя алат. Анын арызы кыска убакытта каралып, Кытайдан заманбап асфальт заводун сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул окуя компаниянын өсүшүндө чечүүчү бурулуш болгон.

Кийинчерээк ал экинчи жолу "Кепилдик фонд" ААКсынын колдоосуна кайрылып, алган кепилдиги аркылуу курулуш техникасын — погрузчик жана катокту болжол менен 120 миң АКШ долларына сатып алган.

Бүгүнкү күндө ишкана Баткен облусунун 20дан ашык жашоочусун жумуш менен камсыз кылууда. Жакында темир-бетон буюмдарын жана бетон эритмесин чыгаруучу эки жаңы завод ишке кирген соң, кызматкерлердин саны 40 адамга чейин көбөймөкчү.

Мурда "Автомагистраль" асфальтты Кызыл-Кыядан сатып алып, сезон ичинде 4 миң тоннадай асфальт төшөсө, азыр бул көлөмдү болгону бир — бир жарым айда иштеп чыгууга жетишүүдө. Компания мамлекеттик жана жеке сектордогу тапшырыктарды тең аткарып келет.

"Мен ишкерлерге “Кепилдик фонд” ААКсына кайрылууну кеңеш берет элем. Бул жерде кепилдик гана бербестен, бизнес-планды иштеп чыгууга да жардам беришет", — дейт Тынчтыкбек Курбанбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытында туруктуу иштер жүрүп жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо процесси Жогорку Кеңеште аяктоо алдында турат. Бул

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Энергетика министрлиги "Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электроэнергетика тармагындагы айрым маселелер жөнүндө" 2022-жылдын 12-сентябрындагы документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын эсептөө ыкмасын өзгөртүү жана негизги жеткирүүчүдөн электр энергиясын сатып алуу үчүн бирдиктүү тариф киргизүү пландалууда. Бул тариф импорттолгон электр энергиясынын

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен  кат жөнөтүлгөн. Натыйжада объекттин

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алууга шектелгенине байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровго министрликтин кызматкерлеринин бири арыз менен кайрылып, кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында акча талап кылынганын билдирген.