Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин эсептөө эрежелери өзгөрөбү?

Энергетика министрлиги "Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электроэнергетика тармагындагы айрым маселелер жөнүндө" 2022-жылдын 12-сентябрындагы документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын эсептөө ыкмасын өзгөртүү жана негизги жеткирүүчүдөн электр энергиясын сатып алуу үчүн бирдиктүү тариф киргизүү пландалууда. Бул тариф импорттолгон электр энергиясынын орточо салмакталган баасына жана аны тармактар аркылуу жеткирүү чыгымдарына жараша эсептелет.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай өзгөртүүлөргө муктаждык энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу.

Маалыматтарга караганда:

  • 2025-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болжол менен 3,8 млрд киловатт-саатты түзөт;
  • ал эми тармактагы каржылык тартыштык болжол менен 4,6 млрд сомго бааланууда.

Долбоордо бир нече сценарий каралган:

1.Электр энергиясы импорттолсо — бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн тариф сатып алынган энергиянын жалпы баасы жана аны өткөрүү чыгымдарынын негизинде формула боюнча эсептелет.

2.Импорт токтотулса — тариф кайра жаралуучу энергия булактарынан электр энергиясын өндүргөн ишканалар үчүн белгиленген чектүү тарифтерге жараша аныкталат.

3.Импорт да, кайра жаралуучу энергия булактары да болбосо — бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдары негизги (базалык) методика боюнча эсептелет.

Мындан тышкары, документте энергетикалык компаниялардын пайдасынан каржыланган чыгымдардын бир бөлүгү төмөнкү иштерге багытталышы керектиги такталган:

  • электр тармактарын өнүктүрүү
  • инфраструктураны модернизациялоо
  • объектилерди реконструкциялоо
  • техникалык кайра жабдуу

Мындай чыгымдар бекитилген инвестициялык программа болгон учурда гана эсепке алынат.

Буйруктун долбоору  Энергетика министрлигинин расмий сайтына жана нормативдик-укуктук актыларды коомдук талкуулоо порталына жайгаштырылган. Ал жерде жарандар жана эксперттер өз сунуштарын жана сын-пикирлерин жибере алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media